Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Т. Акеров: Эл референдумга эмне үчүн баруу керектигин түшүндү


Табылды Акеров, саясий серепчи.
Табылды Акеров, саясий серепчи.

БШК 27-июндагы референдумдун расмий жыйынтыгы бир жумада чыгаарын билдирди. Саясий серепчи Табылды Акеров бул добуш берүүнүн мурдагылардан чоң айырмасы болгонун, салыштырмалуу бир топ таза өткөнүн айтат.

- Сиз мурда-кийин болгон шайлоо референдумдарды байкап, баа берип келатасыз. Бүгүн референдумдун расмий жыйынтыктары чыгат. Ушул иш чаранын референдумдун мурдагылардан айырмасы кандай болду?

- Бул референдумдун мурдагылардан өтө эле чоң айырмасы болду десек болот. Себеби эң биринчиден элдин келиши өтө активдүү болду. Айтсак Бишкек шаарында мурда шайлоолорго да, референдумга да элдин келиши абдан аз болчу, бул жолу эртең менентен баштап кечке чейин элдин агымы үзүлбөй, 5-6дан адамдар топтолуп келип, добуштарын берип жатышты. Башка региондордо деле ушундай болду. Мен өз районума чалып, жолдош балдардан сурап аттым кандай болуп атат деп. Ал жакта деле Бишкектегидей эле абал болуп жатты. Экинчиден, БШКнын автоматташтырылган системага киргизген жанылыгы, эгерде бир сан кирип калса көрсөткүч катары, мисалы тогузда шайлаган элдин саны көрсөтүлсө, ошол сан кайра БШКнын уруксатысыз алмашылбаганы билинди.

Мындайча айтканда, мурдагыдай акимдер туруп алып каалаган санды каалаган саатта көрсөтүп, элдин башын айландырып, жасалма шайлоону өткөрүү жокко эсе болуптур. Ал маселе чечилгендигин көрсөтүп атат. Элдин өзүнүн активдүүлүгүнүн себеби жаңы Конституциянын кабыл алынып жатышы, Роза Отунбаеваны өткөөл мезгилдеги президент катары бекилип жатышы элдик добуш берүүнүн негизинде, ушул эки маселе өтө орчундуу болуп Кыргызстанга стабилдүүлүктү алып келүү, элдердин арасында ынтымак болуп, андан ары өнүгүүгө шарт түзүү болгондуктан активдүүлүк күчөдү. Мындан башка себеби бул акыркы революциядан кийинки мезгилдерден бери эл аралык уюмдар, финансылык, же чоң-чоң донор өлкөлөр Убактылуу өкмөткө анчейин ишеним арталбай колдоп келди. Ошонун баарын турукташтырып, дүйнө менен Кыргызстан так, даана саясат алып баруу үчүн керек экендигин билип, эл активдешип кетти десек болот. Кыскасын айтканда, элибиздин көпчүлүгү референдумга эмне үчүн баруу керектигин, өлкөнүн келечеги үчүн алардын добушу зарыл экенин түшүндү.

- Ошентсе дагы бир катар укук коргоочулар, соңку кезде жанданып, күчтөнүп аткан айрым саясий күчтөр референдум мурдагыдай эле мыйзам бузуулар менен өттү деп атышпайбы. Алардын канчалык жөнү бар?

- Бул жерде ЕККУ, КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары так айтышты, аябай жакшы уюшкандыктын негизинде өттү деп. Анткени кандай окуяларды башыбыздан өткөрдүк Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуялар, ошого карабай референдум өтө уюшкандык менен жана тынч өткөндүгүнө керек болсо ыраазычылыгын да билдирип атышпайбы. Бирок айрым саясий партиялар сындап айтып атышат, мисалы «Бүтүн Кыргызстан», «Ата Журт». Эми булардын ой-максаттары белгилүү, булар адегенде референдумдун болушуна каршы чыккан, 27синде эмес, дагы ары жылдырыш керек, түштүктө минтип кан төгүлүп атса кантип референдум өткөрмөк элек деген шылтоо менен референдумду ары жылдырып алып кайра реванш алганга, өкмөттүн аброюн түшүрүп биз бийликке келебиз деген аракетте болгон.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG