Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Тосулган жол күч менен ачылды


14-январда кечке жуук, саат алтылар чамасында Ош – Эркеч-Там жолун тосуп турган 500гө жакын адамды атайын даярдыктагы жүзгө жакын милиция кызматкерлери күч менен жолдон чыгарышты. Андан кийин нааразылыкка чыккандар менен жолугушканы Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров барды.

Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган Ош-Эркеч-Там жолунун Алайдын Сопу-Коргон айылына жакын бөлүгүн бойлото төрт боз үй-тигип, нааразылык билдирип турушкан эл 14-январда түштөн кийинки үч жарымда жол тосушкан. Алар мындай кадамга мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду камактан бошотуу талабына бийликтен эч кандай жооп болбогон соң барышып, президент Курманбек Бакиевден Алайга келишин да талап кылышты.

Жол тосулган эки сааттай убакта бул жерге эки тараптан жүзгө чукул оор жүк ташуучу автоунаалар топтолуп калышты. Бул жерге келген Ош облус губернаторунун орун басары менен Алай акиминин чогулгандарды ийге келтирүү аракетинен майнап чыккан жок. Ушундай кийин атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери жол тоскондорду күчтөп четке чыгарышты. Минтип күчтөп жол ачуу учурунда үч аял жапа чегип, эс-учун жоготуп койду.

Натыйжада жол ачылып, топтолгон автоунаалар кое берилди. Бирок нааразы эл тараган жок. Топтолгон эл менен жолугушуу үчүн азыр ал жерге Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров барды.

Губернатор элди маселени мыйзам жолу менен чечүүгө чакырып, жол тосуу туура эместигин айтуу менен элди тарап кетүүгө үндөөдө. Бирок чогулган элдин тарай турган түрү жок. Алар облус жетекчисине биздин өкүлдөрдү президент Курманбек Бакиев кабыл алсын деген талапты койду. Облус жетекчиси мындай талапты өйдө жакка жеткирээрин, бирок президенттин аларды кабыл алаар-албасы үчүн жооп бере албастыгын айтты.

Облус жетекчиси кеткен соң Сопу-Коргондо нааразылык акциясына чыккан элди укук коргоо органдарынын кызматкерлери “эртең келгиле, сүйлөшөбүз”,-деп таратып жиберип, алар кеткенден кийин эки автобус менен 30га чукул милиция кызматкерлери келип төрт боз үйдү чечип киришти. Боз үйдү кайтарып калышкан он чакты адам анын уук-керегесин сындырбай чечүүсүн өтүндү.

Бул тууралуу окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы Жанарбек Акаев билдирди. Анын айтымында, нааразылык акциясына чыккандар эртең бүгүнкүдөн дагы көп чогулуп келишерин билдиришкен. Ушул тапта Сопу-Коргондо сууктун күчү -15 даражадан ашат.

XS
SM
MD
LG