Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:11

Орусиянын Кыргызстандагы аскерий базалары бириктирилет


Кыргызстанда Кант аба базасынан тышкары да Орусиянын 3 аскердик объектиси бар.
Кыргызстанда Кант аба базасынан тышкары да Орусиянын 3 аскердик объектиси бар.

Кыргызстанда жайгашкан Орусиянын төрт аскерий жайы бирдиктүү аскердик түзүмгө биригет. Биргелешип кызматташуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүдө бул багыттагы талаштуу маселелер жөнгө салынганы айтылууда. Аскерий кызматташтык боюнча кыргыз-орус сүйлөшүүлөрү азырынча толук аяктай элек.


Сүйлөшүүнүн алгачкы жыйынтыгы

Кыргызстан менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн жумушчу тобу Бишкекте үч күндөн бери кызматташуу келишиминин жаңы долбоорун карап жатышкан. 23-сентябрда анын алгычкы жыйынтыктары айтылып, түштөн кийин биргелешип кызматташуу, аскерий-техникалык жардам көрсөтүү боюнча протоколго кол коюлду. Орус тарап менен сүйлөшүүлөрдү коргоо министринин орун басары, генерал Асылбек Ормокоев жүргүзүп, анда эки тараптуу аскерий кызматташтыкты жаңыртуу, Орусиянын Кыргызстандагы төрт аскерий объектилери туурасындагы мурдагы келишимди өзгөртүү маселелери тууралуу сөз болгон. Алар: Канттагы аскердик аба базасы, Чалдовардагы байланыш түйүнү, Ысык-Көлдөгү торпедо сыноочу полигон жана Майлы-Суудагы сейсмологиялык станциясы.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штаб башчысынын орун басары, генерал-полковник Валерий Герасимов эки министрликтин ортосундагы буга чейин чечилбей келе жаткан айрым маселелер жөнгө салынганын, Кыргызстандын аймагында биргелешкен аскерий база түзүлүшү ыктымалдыгын белгиледи:

Канттагы аба база.
- Эки өлкөнүн министрликтеринин жумушчу тобу азыр биргелешип кызматташуу боюнча келишимди даярдап бүттүк. Негизинен айрым талаштуу маселелер жөнгө салынды жана эки министрликтин ортосундагы кызматташуу жана аскерий-техникалык жардам боюнча келишимге кол коюлат деген ишенич бар. Эгер биргелешкен база ачылса Орусиянын бул жакта жайгашкан аскерий базалары ошол биргелешкен базанын ичине кирет.

Мурда кабарларда эки тараптуу сүйлөшүү маалында Кыргызстандын Коргоо министрлиги Орусиянын аскер базалары үчүн ижара акысын 3-4 эсеге көбөйтүү маселесин көтөрөрү белгиленген. Ошондой эле кыргыз тарап Орусиядан ижара акынын ордуна аскерий техникалар, курал-жарак түрүндө жардам алууну көздөп жатканы айтылган. Коргоо министринин орун басары Асылбек Ормокоев азырынча сүйлөшүүлөр бул баскычка жете электигин билдирди:

- Азырынча каралган жок. Ал келечекте каралат. Азыр төрт база тууралуу карадык, ошол боюнча токтодук. Толук макулдашуу тууралуу айтсак, биз бул министрлик менен макулдашууну алабыз. Анан кийин март айларында караштырабыз.

Орусия коргоо министри А. Сердюков
Орусиянын коргоо министри келбей калды


Ошондой эле Кыргызстандын түштүгүнө аскерий окуу жана машыгуу борборун ачуу маселеси да бул ирет каралган жок. Мурдараак Орусиянын коргоо министри Кыргызстанга келгенде ушул маселе дагы козголору белгиленип жаткан. Бирок Кыргызстанга 25-сентябрда келиши күтүлүп жаткан Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков менен чек ара кызматынын башчысы Владимир Проничев келбей калды. Анын эртең Казакстанда өтө турган Шаңхай кызматташтык уюмунун антитеррордук машыгууларына катышуу үчүн кеткени айтылып, Кыргызстанга качан келери ачыкталган жок.

Орусия ишенбей жатабы?

Эксперттер арасында Орусия Кыргызстанда аскердик кубатын чыңдоо менен жалпы Борбор Азияда үстөмдүгүн орнотууга кызыкдар деген пикирлер да жок эмес. Анткен менен Орусиянын аскерий эксперти Владимир Карякин Кыргызстанда кырдаал турукташып, шайлоо өтүп, жаңы бийлик келмейинче эч бир база ачылбай тургандыгын белгилеген эле. Ал Бакиев бийлиги АКШ базасын чыгаруу убадасын берип Москваны алдап кеткенин, ошол себептүү Орусия жаңы бийликтин келишин күтөрүн белгилеген.

Ал эми “Альфа-Антитеррор” коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков өлкөнүн түштүгүнө машыгуу борборун ачууга бир гана Орусия эмес, Кыргызстан да кызыкдар деп эсептейт. Анын пикиринде, ушундай борборго ШКУ жана ЖККУнун алкагында да, геосаясий жагынан алганда да Кыргызстан ыңгайлуу. Артур Медетбеков эгер Кыргызстан айрым бир шарттарды бузуп, туруктуу саясат жүргүзбөсө Орусия бул макулдашууну бузуп жибериши ыктымал деген ойдо:

Артур Медетбеков
- Борбор Азиядагы болуп жаткан эл аралык террордук, экстремисттик уюмдарга каршы чакан база болушу керек. "Акрамия", "Салафия" деген экстремисттик уюмдар чыгып элди дүрбөлөңгө түшүрүп, кээ бир жерлерде өлкөнүн тагдырын чечүүгө аракеттерин жасап жатышат. Эгер база ачууга каралган каражат өтө чоң сумма болсо, экинчиден, бул маселелерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн чоң кызматчылар чоң бөгөттөрдү коюп, башка мамлекеттердин кызыкчылыгын көздөй турган болсо анда Орусия бул макулдашууну токтотуп коюшу ыктымал.

Орусиядан жумушчу топ Кыргызстанга 20-сентябрда келген. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр дагы уланат. Анын кандай багытта, качан жана кайсы жерде болору азырынча белгисиз. Кыргыз-орус аскердик кызматташуу келишимдерине келерки жылдын март айына чейин кол коюлары айтылууда.

XS
SM
MD
LG