Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Cтуденттер: же университетке, же курултайга


Улан Орозбаев, жаштар кыймылынын лидери.
Улан Орозбаев, жаштар кыймылынын лидери.

“Студенттер коррупцияга каршы” жаштар кыймылы өкмөттүн баа саясатына нааразылык иретинде 17-мартта сабактарга катышуудан баш тартып, оппозициянын Элдик курултайына бараарын жарыялады. Кыймыл өкүлдөрү Элдик курултайда кыргыз өкмөтүнө бойкот жарыялоо демилгесин көтөрүүнү көздөшүүдө.

Бул тууралуу билдирүү жасаган жаш лидер Улан Орозбаев “Азаттыкка” маек курду.

- 17-март күнү студенттер массалык түрдө сабактарга катышуудан баш тартып, оппозициянын Элдик курултайына барып катышуу демилгеси кимдер тарабынан көтөрүлдү?

- Мен өзүм да бул тууралуу студенттерден уктум. Курултайга баралы деп мен студенттерди үгүттөгөн жокмун. Башка окуу жайлардын лидерлери менен байланышсам алар кымбаттоолорго каршы өз демилгелери менен эле 17-мартта сабактардан баш тартып, кыргыз өкмөтүнө бойкот жарыялап, Элдик курултайга барышаарын айтып жатышат. Аларды мен же башка бирөө үгүттөгөн жок. Өздөрү ошондой чечимге келишкен. Мен да Кыргызстандын жараны болгондуктан бул маселе мага да тиешелүү. Ошон үчүн мен тарифтердин жогорулашына каршы иш-чараларды колдойм.

- Студенттер чөйрөсүндө азыркы бийликтин саясатына нааразы болуп, каршылык акцияларын колдоочулардын саны канчалык?

- Саны бир топ эле. Анткени азыр электр кубатына гана эмес, уюлдук байланышка да бааны көтөрүп салды. Анда да студенттер акцияга чыгышкан. Азыр студенттер абдан нааразы. Ошондуктан биздин тарифтерге каршы күрөшкөн акциябызды миңдеген студенттер колдойт. Себеби бүгүн электр кубатына баа көтөрүлсө, эртең нандын баасы өсөт, анан баары кымбаттайт. Ошондуктан биз ушул көрүнүшкө каршы күрөшүп жатабыз.

Азыр маселен студенттер аргасыз окуусун таштап, жумуш издөө менен алек болуп калышты. Орусияга, Казакстанга кетебиз дегендер бар. Анткени аларды ата-энелери камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөрү жок болуп жатат. Студенттердин азыркы абалы абдан начар. Эгер бүгүн унчукпасак, анда келерки жылы контракттын суммасын да кымбаттатышы мүмкүн.

- 17-март күнү сабактардан баш тартып, Элдик курултайга кошулууңарга окуу жай жетекчилиги кандай мамиле жасайт деп ойлойсуң?

- Өзгөчө кысым болушу мүмкүн, бирок биз андан коркпойбуз. Бул биздин жарандык укугубуз. Курултай өткөрүү, ага барып катышууга мыйзам жол берет. Эгер жол тособуз дешсе, биз андан коркпойбуз.

- Маегиңиз үчүн рахмат!
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG