Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жыйыны үзгүлтүккө учурады


Адахан Мадумаров "Азаттыктын" студиясында, 13-апрель, 2010-жыл.
Адахан Мадумаров "Азаттыктын" студиясында, 13-апрель, 2010-жыл.

24-июлда Таласта “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын облустук конференциясы жергиликтүү айрым тургундардын нааразычылыгынан улам үзгүлтүккө учурады. Партиянын төрагасы Адахан Мадумаров бул окуянын артында ага атаандаш саясатчылар турарын, муну чагым катары эсептей турганын билдирди.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров конференциянын башында анын партиясы парламенттик башкарууга каршы экенин жана жакында кабыл алынган Конституцияга карата сын пикирин айтты:

- Биздин партиянын негизги идеологиясы – күчтүү президенттик башкаруу, президенттин иш аракеттеринин баарын көзөмөлгө алып, күчтүү парламент керек деп атабыз. Эртең менен туруп күзгүнү караңыз: күзгүнүн бери жагында турган – сиз, күзгүнүн ары жагында көрүнүп аткан – бийлик. Эл кандай болсо бийлик ошондой болот.

Адахан Мадумаровдун сөзүнө залдын ичиндеги айрым жаштар каршы болуп, “бул айтылган сөздөрдү учурунда бийликте турганда аткарбаган жетекчи азыр аткармак беле” деп партиянын төрагасына кайрылышты. Талас мамлекеттик университетинин студенти Мирбек Айтикеев буларды айтты:

- 2007-жылы биз “Ак жол” партиясына каршылык көрсөтүп добуш бергенде Рашид Тагаев, сиз элдин добушун бурмалагансыңар. Каркыра жайлоосун ратификациядан өткөргөндө сиз спикер болгонсуз, казактардын колуна жерди карматып бергенсиз. Сиз мамлекеттик катчы болуп турганда биздин «Манас ордодогу» Манас бабабыздын жакшынакай жерин каздыргансыңар, ошого түздөн түз сиздин тиешеңиз бар.

Ошентип чатак ырбап отуруп акыры “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын облустук мүчөлөрү жаңыдан башталган партиянын конференциясын токтотууга аргасыз болушту.

Адахан Мадумаров менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рашид Тагаевди партиянын облустук жетекчилери конференция уюштурулган Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин арткы эшигинен алып чыгышты. Унаасына түшүп жатып Адахан Мадумаров «Азаттыкка» бул көрүнүштү айрым бир партия лидерлери тарабынан уюштурулган чагым катары бааларын айтты:

- Бул абийирсиздик. Биз менен атаандашабыз деген саясий партиялар ушундай жолдор менен кете турган болсо эч качан кыргыздын, мамлекеттин бүтүндүгүнө салым кошпойт.

Ал эми Адахан Мадумаровго сын айткандардын бири Роза Кошалиева эч бир партияга кирбегенин «Азаттыкка» билдирип, бул нааразычылыкты ар бир карапайым эл Мадумаровго жана «ак жолчуларга» билдирет дейт:

- Убагында жерди кылычтап бөлүп, Каркыраны саткан. Каркыраны коргойм деп барган балдарды жумуртка менен урдурган.

“Ак шумкар” партиясынын мүчөсү Малик Тайгожоевдун пикиринде, жергиликтүү эл жаңжал чыгарбастан Мадумаровго суроолорду узатып, анын жообун угушса болмок жана эртең башка партиялар ушул Мадумаровдой абалда калышы мүмкүн:

- Бул чатак туура эмес. Эртең «Ата мекен», «Ак шумкар», СДПК түштүккө барса, аларды киргизбейт. Бизге тынчтык керек. Кимиси болсо ошонусу болсун.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын облус боюнча биринчи жыйынына, анын уюштуруучуларынын айтымында, 400дүн тегерегинде киши келген.

XS
SM
MD
LG