Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Генерал И. Исаковдун апасы: "Кур балээден кутулаарсың, уулум!.."


Генерал И. Исаковдун апасы Анипа Маматисаева.
Генерал И. Исаковдун апасы Анипа Маматисаева.

Экс-коргоо министри И. Исаковго боштондук талап кылып Сопу-Коргон кыштагында алты аял, төрт эркек ачкачылык кармап олтурушат. Алардын арасында Исмаил Исаковдун апасы да бар. Жашы сексен алтыны таяган Анипа Маматисаева уулунун сот залынан камалгандыгын жакында угуптур. Ал муну саясий буйрутма катары эсептеп, бир кезде колунан чай ичип, батасын алган президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жасады.

- Баламдын эмне күнөөсү бар? Эгерде айыбы болсо, үндөбөй эле үйдө жатпайт белем. Орго салып коюшкан турбайбы. Анткидей Курманбек Бакиевдин бир тал чачын жулуптурбу же Мекенине чыккынчылык кылыптырбы? Заарланып көрө албай ушул ишти кылышты. Кызматы өздөрүнө буюрсун, Исмаилди актап чыгарып койсун?! Бүгүн уулума душмандык кылган Курманбек шашпасын, эртең ага да кезек келет,-деп кайрылды Анипа Маматисаева мамлекет башчысына.

Ошол эле учурда генералдын апасы өзүнүн камактагы уулуна - Бириккен Элдик кыймылдын жолбашчыларынын бири Исмаил Исаковго да дубай салам жолдоду:

- Чындыгында, Исмаилден башка карманаар тууган-уругум, алдымда агалай турган агам, артымда таяна турган инилерим жок. Бир эле учурда мен аны ага иретинде, ини катары, анан уул сыңары тутунчумун. Башыңды бийик көтөр, кагылайын! Тоодой бийик бол, ак деңиздей терең бол! Алтын башың аман турса, кур балээден кутулуп кетээрсиң, садагаң кетейин, алтыным!

Акциянын катышуучусу Осмон Турганбаев алардын бүгүнкү тагдырын чагылдырууга батынбаган өкмөтчүл массалык маалымат каражаттарына калыстык тиледи:

- ЭлТРден эч ким басып келген жок. КТР болсо бизге окшогондорду дегеле көрсөтпөйт турбайбы, жалаң бийликти мактап-жактап, аларга бей-бечаралардын сөзү жетпейт экен. Улуттук Биринчи канал ачкачылык акциясын таптакыр чагылдырбагандыктан, алайлыктар туурасында кыргыстандыктардын анчалык кабары жок. Эгерде аларга чыныгы маалымат угулганда, башка жактагы мекендештерибиз биз сыяктуу калыстык издеп эбак көтөрүлөт болчу.

Бул аралыкта район акими Алмазбек Осмоновго жолукканыбызда, ал эки-үч күн мурда медициналык кызматкерлерди ээрчите барып ачкачылык жарыялагандардан кабар алып кайткандыгын, алардын Исмаил Исаковду бошотуу талабы жогорку бийликке жеткирилгендигин маалымдады:

- Алардын башка талабы жок. Биз аны жогорку жактагыларга жеткиргенбиз. Эмне болгондо да аткаруу бийлигинин өкүлү катары соттордун ишине кийлигишкенге биздин акыбыз жок.

Ачкачылык кармагандардын эң кичүүсү - жетимиш жаштагы карыя Карымшак Турганбаев район акими Алмазбек Осмоновдун айткандарын төгүндөп, буларды кошумчалады:

- Айыл өкмөтүнөн күндө келип, байкоо салганча, чалгынчылык кылып турушат. Райондон жана облустан чоңдор кабар алышты дешкени кызылдай калп. Менимче, жетекчилерге элинин өлүк-тириги баары бир окшойт. Ошондуктан аларды жалганчы бийлик деп эсептеп калдым.

14-январдан бери наар татпай отургандардын ден соолугу медициналык кызматкерлердин такай көзөмөлүндө. Сопу-Коргон аймактык ооруканасынын дарыгери Бектурсун Кеңеш уулу ачкачылык кармагандардын бардыгынын, айрыкча Исмаил Исаковдун апасы Анипа Маматисаеванын саламаттыгы абдан начарлагандыгына тынчсыздангандыгын билдирди:

- Керээли кечке ушул жердемин. Мени кыжаалат кылганы: күн өткөн сайын булардын акыбалы оорлошуп баратат. Себеби дайыма депрессияда отурушат. Андай учурда ар кандай ооруларга тез чалдыгышат. Мисалы, кан басымы көтөрүлүп же жүрөк дартына кабылышы толук ыктымал. Мындайда алардын өмүрүнө сөзсүз коркунуч туулаары бышык.

Дарыгер Бектурсун Кеңеш уулунун эсебинде Алай районунун ар айыл-кыштагынан келип, ачкачылык кармагандарга кошулабыз дегендердин саны улам арбып баратат. Бирок медициналык кызматкерлер алардын дени-кардын текшерип, олуттуу ооруларын, мисалы ашказандагы же карындагы жараларын аныктагандан кийин көбүнө уруксат бербей, үйлөрүнө кайтарууда.

Ошого карабастан 14-январдан бери Исмаил Исаковдун кичи Мекени Сопу-Коргон кыштагында ачкачылык жарыялагандардын жалпы саны жыйырма алты кишиге жетти. Алардын он алтысынын ден соолугу начарлагандыктан дарыгерлердин кийлигишүүсү менен акцияга катышууну токтотушту.

Ушул жылдын 11-январында Бишкек гарнизондук соту мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду кызматынан кыянат пайдаланып, уулу Русланга мыйзамсыз батир бөлгөн деп айыптап, аскердик генерал-лейтенант чининен ажыратып, сегиз жыл күчөтүлгөн режимге кескен эле. Исмаил Исаковдун өзү, ошондой эле оппозициячыл санаалаштары жана алайлык жердештери муну саясий буйрутма катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG