Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Жоокерди урган капитан камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас облусундагы аскер бөлүгүндө ур-токмоктон улам сол көзүнөн ажыраган жоокер боюнча бир аскер кызматкери 8-февралда камакка алынды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек гарнизондук аскер прокурору кабарлады. Мунун алдында майып болуп калган жоокер жана анын атасы, адвокаты кылмыш иши козголгону менен бир канча айдан бери аскер жетекчилерине айып коюлбай жатканын айтып чыгышкан. «Кылым шамы» укук коргоо уюму болсо армиядагы жоокерлердин өлүмүнө, зордук-зомбулукка байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберди.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну, бир үйдүн жалгыз уулу Кубан Молдалиев былтыр март айында армияга чакырылган жана Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас облусундагы №2029 аскер бөлүгүнө бөлүнгөн. Жоокердин айтымында, барганына үч айдан ашып калганда, тактап айтканда 11-июнда катуу таяк жеген.

- Армияга чакырылганда Караколдо эки ай жаш жоокердин курсунда болдук, - дейт ал. - Андан кийин Таласка, Алексеевка айылындагы отрядга бөлүндүм. Сержант Иманбеков экинчи бөлүмдүн командири болчу. Ал башында эле бизге кыйын болуп, балдарды кыйнап жүрдү. Биз түшкү тамактан чыккандан кийин казармага тизилдик. Мен байкабай турганда Иманбеков автоматтын кундагы менен башка чаап жиберди. Ошол жерден эле башым ооруп, дубалга жөлөнүп отуруп калдым. Муну жанымдагы балдардын баары эле көргөн.

​Кубан Молдалиевди эртеси күнү аскердик бөлүктүн бейтапканасына жаткырышкан. Өз айтымында, дарыланып жаткан учурда да курдун темири менен таяк жеген. Жоокер көргөн кордугуна чыдабай качканга да аракет кылганын кеп кылды.

- Санитардык бөлүктө жатканда Иманбеков 20-июндан 21не караган түнү бизди, төртөөбүздү ал жактан сурап кетти, - деп сөзүн улантты маектешибиз. - Сержанттардын кабинетине, канцелярияга алып барып, ошол жактан сабады, кыйнады. Медицина бөлүмүнүн башчысынын 16-июнда эки миң сому жоголгон экен, ошону «эртең таң аткыча табасыңар» деди. Бизди түнкү саат бирге чейин кыйнап, сабап, анан алып барып жаткырды. Сыртыбыздан кулпулап койду. Эртең менен фельдшер эшикти ачканда даараткана жакка барып качып кеттик. Чогуу жаткан Кожомамбетов деген жоокер экөөбүз ««акчаны эртең мененкиге чейин тапкыла» деп кыйнап жатат, качалы» деп түндө эле сүйлөшкөнбүз.

Качкан жоокерлер ошол күнү кечинде эле кармалган. Кубан Молдалиев кайра бейтапканага жаткан жана бир айдан ашык убакыттан кийин, оорусу өтүшүп баратканда гана Бишкектеги аскердик госпиталга которулган. Жоокердин атасы Молдалы Алыбаев уулунун сол көзү соолуп, таптакыр көрбөй калганын ошондо гана билген.

- Мен өзүм айылдагы мектепте дене тарбия, армияга чейинки даярдык боюнча 30 жылдан бери мугалиммин, - деди ал. - Ошондон бери балдарды «армияга баргыла, мекенге кызмат кылгыла, коргогула, мекенчил болгула» деп тарбиялап келем. Аскер комиссары «жалгыз уулуң экен, армиядан алып кал» деп деле айткан. «Мен өзүм балдарды «армияга баргыла» деп тарбиялап жатсам кантип алып калмак элем?» деп уулумду армияга жөнөткөм. Уулум да «барып келем» деди. Уулумду Бишкекке алып келишкенде гана бир көзү көрбөй калганын билдим. Уруп-сабагандан кийин 42 күндөн кийин билип жатам. «Таласка барайынбы?» десем: «Келбей эле кой, карап жатабыз, жакшы эле» дешкен. «20-июнда качты» дегенде эле барсам болмок экен, өкүнгөнүм эле ушул...

Жоокердин адвокаты Динара Медетбекованын айтымында, былтыр сентябрда кылмыш иши козголгон, бирок Молдобаев аны ким уруп майып кылганын айтканы менен эч кимге эмгиче айып коюла элек.

- Кылмыш иши сержант Иманбековго козголгону менен ушул күнгө чейин ага айыбы угузула элек, - деди адвокат. - Эгер субъект белгисиз болсо бир жөн эле. Жабырлануучу аны ким, кантип, качан урганын - баарын айтып берип жатат. Ишти козгоп коюшту, болду. Азыр бизди Аскер прокуратурасы чакырып алып, жоокерди «баштапкы берген көрсөтмөңдү өзгөрт» деп мажбурлап жатат. Аскердик бөлүктөгү командирин, бардык жетекчилерди айтпай эле коелу, прокуратура эми ошол жоокерди урган сержантты калкалап жатат.

«Кылым шамы» укук коргоо коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдирасулова да Аскердик прокуратураны «өз милдетин аткарбай жатат» деп айыптады:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Кылмыш иши 3,5 айдан кийин гана козголуп жатат. Эгер көзү көрбөй калбаганда бул кылмыш иши таптакыр эле козголбой калмак. Жоокердин көзү көрбөй калган үчүн эле «жок, урган эмес» деп айта албай жатышат. Азыр эми жоокер «20-июндан 21не караган түнү урганда ушундай болгон» деп айтып жатат. Менин юристим, акыйкатчынын Таластагы өкүлдөрү барып иликтегенде бул жоокерди 12-13-июнда дарыгерлерге көрсөтүшкөн экен. Эгер бул бала 20сынан 21не караган түнү ушундай болуп калса, анда аны дарыгерлерге эмнеге 12-13-июнда гана көрсөтүштү? Эмнеге бул бала 12синен баштап санитардык бөлүктө жатат? Эмнеге ушунун баарын менин кенедей юристим таап чыгып жатат дагы, килтейген Аскердик прокуратура ушуларды изилдебей калат? Бул жерде коррупция, кылмыш жоопкерчилигинен качуу болуп жатат.

Майып жоокер жана анын туугандары, укук коргоочу Азиза Абдирасулова минтип басма сөз жыйынын өткөрөр замат «жоокерди сабады» деген аскер кызматкери камакка алынганы белгилүү болду. Бишкек гарнизонунун аскер прокурору Эркинбек Абдыкеримовдун айтымында, ал аскер кызматкерине айыбы былтыр жыл этегинде угузулган.

- Молдалиевдин арызынын негизинде 2018-жылы 24-декабрда капитан Иманбековго «Ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренеси менен 20-июнда ургандыгына байланыштуу айыбын угузганбыз, - деди прокурор. - Азыркы учурда Иманбековдун 11-июнда урганы, автоматтын кундагы менен башка чапканы, дагы бир эпизод боюнча шектүү катары кабарлоо берилди. Бөгөт чарасы катары камакка алуу тандалды. Азыр соттун чечими менен камалды. Ал жакында эле ооруканадан чыккан. Ооруканадан чыгары менен биз ага айыбын угузуп, бөгөт чарасын өзгөрткөнбүз. Эгерде биз жабырлануучуга «баштапкы көрсөтмөңдү өзгөрт» десек анда ага айыбын угузбайт элек. Мага Молдалиев же анын адвокаты келип «тергөөчү «көрсөтмөнү өзгөрт» деп жатат» деп арызданган эмес. Бардык тиешелүү адамдарга юридикалык баа берилет.

Былтыр декабрь айында Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор аскерлердин, аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышы тууралуу өз иликтөөсүн жарыялаган. Документте жазылгандарга караганда, кыргыз армиясы зордук-зомбулук, чоңсунуу, сыяктуу көрүнүштөрдөн арыла элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG