Президенттик шайлоонун качан жана кандайча өтөрү башкаруунун мына ушул институту түзүлгөндөн бери эле талаштан башы чыкпай келатат. Кыргызстандын туңгуч президенти Конституция жаңыланган сайын ыйгарым укуктарын кеңейтип олтуруп президенттик үчүнчү мөөнөткө кыйналбай-этпей эле шайланып алган.
Постсоветтик Борбор Азия республикаларында көнүмүшкө айланган мындай көрүнүштөн жүрөк заада болуп калган кыргызстандык бийлик каршылаштары бул ирет талаштуу маселенин башын ачып алыш үчүн Конституциялык Сотко кайрылганы турат.
2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин деле, эсеби маселен, Кыргызстан Конституциясы үч ирет өзгөрүлүп кетти. Башмыйзамдын соңку редакциясында президенттик шайлоо беш жылдан кийин өткөрүлөрү ырасталып, анын кайсы убакта өткөрүлөрү так жазылган эмес. Кыязы, Башмыйзам авторлору 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийинки өзгөрүлүп кеткен шарт-жагдайды эсепке алып, ушундай бүтүмгө келишкен шекилдүү.
Чынында эле 2005-жылдын июнунда 2003-жылкы Конституция негизинде шайланган К. Бакиевдин президенттик мөөнөтү качан бүтөт, суроосу чоң талашты чакырганы турат. Эгер ал өзү шайланган чактагы 2003-жылкы Конституциянын талабы сактала турган болсо мамлекет башчысы быйыл октябрда кайра шайлоого барышы керек. Шайлоо эмдиги жылдын октябрына калса ортодо төрт айдан ашуун ашыкча мөөнөт асылып калат.
- Ал конкрет беш жылга шайланат. Эсептеп көрүңүз, июндан октябрга чейин анын кызматта турушу мыйзамсыз,- дейт социал-демократиялык партиянын мүчөсү Галина Скрипкина.
Ал эми шайлоону эртелетүү президенттин конституциялык беш жылын 8 айга кемитип, Башмыйзам тартиби да бузулганы турат. Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимовдун айтуусунда, талаштуу суроого жоопту Конституциялык Cот бериши абзел.
- Кандай болбосун, Конституциялык Сот кандай жооп берсе да биз Жогорку Кеңеште мыйзамга өзүбүздүн түшүндүрмө, чечмелөөлөрүбүздү беребиз.
Ушул эле ойду улаган парламенттеги конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитеттин төрагасы Зайнидин Курманов талаштуу маселе тууралуу Конституциялык сот корутундусун чыгарып бериши керек, деп эсептейт.
- Ошол корутундунун негизинде Жогорку Кеңеш президенттин шайлоосу качан, кайсы жылы, кайсы күнү өтөрүн аныктап токтом чыгарат. Саясий маселе ошентип чечилет.
З. Курмановдун ырасташынча, талаштуу маселе Башмыйзам катарындагы бир топ укуктук документтер, Жогорку Кеңеш регламенти, Шайлоо кодекси, Президент жөнүндөгү мыйзам негизинде чечилиши керек.
Президент К.Бакиев 11-февралдагы маалымат жыйынында Конституциялык Сот чечимине ылайык быйыл, же эмдиги эмдиги жылы өтчү шайлоого даяр экенин билдирди. Оппозиция өкүлдөрү андай билдирүүнүн артында парламенттик, жергиликтүү кеңеш шайлоосундагы бийликтин өмгөгү турганын, бул ирет деле ал болушунча колдонуларынан шек кылбай тургандыктарын айтышууда.