Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Талкуудан тактык жаралбайт


Парламенттин 5-ноябрдагы отурумунда Өнүгүү кору жөнүндөгү мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр кызуу талаш-тартыштарды жаратты.

Жогорку Кеңеш төрагасы Өнүгүү кору жөнүндө депутаттар ооз ача турган болсо микрофону өчүрүлөрүн эскертип, мыйзам долбоорун добушка койду.

Өнүгүү кору жөнүндө мыйзамга киргизилчү өзгөртүү, кошумчалардын эң орчуну жаңы түзүлүп жаткан Өнүгүү, инвестиция, инновация боюнча борбордук агенттиктин башкармалыгына өкмөт башчынын катардагы мүчө болуп кириши болду. Өлкөнүн экономикалык саясатын аныктап, сырттан келчү инвестициялар агымын көзөмөлдөп, буга кошумча орусиялык 300 миллион доллар кредит менен мамлекеттик акциялардын түгөл баарына ээлик кылчу ири корпорациянын башында президенттин уулу Максим Бакиев турат. Өкмөт башчынын катардагы башкармалык мүчөсү катары М.Бакиевдин борбордук агенттикте отурушу биртоп депутаттарга түшүнүксүз калды.

- Баары эле премьер-министрлердин баары эле борбордук агенттиктин башчысынын жардамчысы болуп калышты. Ошондуктан мен ойлоп жатам, бул киши (Жеңиш Байгуттиев, экономиканы жөндөө министри.- Ред.) деле структуралык жагына жооп бере албайт го. Мен түшүнбөй жатам, мисалы Социалдык фонддогу акцияларды азыр жанагы MGN group балдары ошого кирди. Мен дагы сурайын, Кыргызстанда бир нече ай жашаган адамдар Соцфонддун акцияларын башкарып калды,- деп айтты социал-демократиялык фракциядан депутат Роза Отунбаева.

Ал Өнүгүү кору, ага аты аты уйкаш борбордук агенттик, өкмөт үч бурчтугунун кимиси кимге баш иери жаңы мыйзам долбоорунда түшүнүксүз калганын, депутаттардын суроолоруна жооп берүүгө келген Экономиканы жөндөө министри Жеңишбек Байгуттиев аны так түшүндүрүп бере албастыгын кошумчалады.

Парламенттеги коммунисттер фракциясынан депутат Николай Байло өнүгүүгө учкашып алган бир жагы мамлекеттик, экинчи жагы коммерциялык ири мекеме “Камбарата ГЭСтерин” менчиктештирүүнү көздөп жатканын белгилеп, анын натыйжасы кандай болоруна булар жооп бербестигин, мунун баары тек кожокөрсүнгө коюлган байкоочулар кеңешинини колу менен жасаларына токтолду:

- Чечим кабыл алганга эч кандай таасир көрсөтө алышпайт. Албетте, отурушат, билдирүүлөр жасашат. Жыйынтыгы кандай болот?

Өнүгүү кору менен борбордук агенттик, өкмөттүн мыйзам долбоорунда такталбай, кыйла эле бүдөмүк жазылып калганына депутат Иса Өмүркулов да кызыкты. Экономиканы жөндөө министри менен депутат ортосунда момундай суроо-жооп жүрдү.

Жеңиш Байгуттиев: - Сиз сурооңузду тактасаңыз?
Иса Өмүркулов: - Мамлекеттин ролун айтып жатам. Мынабу фонд менен байланыштыгы кандай?
Жеңиш Байгуттиев: - Борбордук агенттик деле мамлекеттин бир бөлүгү. Сиз мамлекет дегенде өкмөттү ойлоп жатасызбы?
Иса Өмүркулов: - Өкмөт менен фондду айтып жатам.
Жеңиш Байгуттиев: - Экөө биргелешип иштейт. Фонд ал инвестиция...
Иса Өмүркулов: - Биргелешип кантип иштейт? Эгер фонддун башкы акционери, башкы акционер баарын өзү чечип жатса.

И.Өмүркулов Өнүгүү кору жөнүндөгү мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр жаңы түзүлүп жаткан ошол эле өнүгүү, инвестиция, инновация боюнча борбордук агенттиктин арыгын чаап, анын өзүнчө дагы бир өкмөт болушуна шарт түзөрүн белгиледи.

Кыргызстанда буга чейин четтен келчү инвестицияларды башкаруу аракети “мистер 10%” деген коррупциялык түшүнүккө кептелип, жыйынтыгы тышкы карыздардын катарын калыңдаткандан башкага жарабай келди. Президенттин уулу Максим Бакиев башкарган борбордук агенттик деле ошол жолго түшпөйт деп эч ким айта албайт. Парламенттеги талкууда бул маселе коммунисттер менен социал-демократиялык фракция тарабынан кайра-кайра коюлганына карабай, мыйзам долбоору 64 добуш менен жактырылды. Агенттиктин төрага орунбасары Алексей Елисеев жаңы кызматтын алдына төрт милдет коюлганын ырастап, күндөлүк экономика менен мамлекетти башкаруу негизги милдеттердин бири экенин белгиледи.

- Сиздер маселени тереңден билбеген кишиге суроо бергиңиздер келип жатат. Алар жаңы эле дайындалышты. Мага суроо бергиңиздер келбейт. Мен 2 саат, 10 саат отурганга даярмын.

Борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиев антип парламент мүчөлөрүнүн алдында узак убакыт отурууга кайыл экенин азырынча билдире элек.

XS
SM
MD
LG