Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Туура бийде тууган жок


Кыргызстанда кылмыштуулукка каршы күрөшчү күчтөр арбын. Өзгөчө кооптонууну бюджеттик каражаттардын максатсыз пайдаланылышы, коррупциянын күчөп баратканы, саясий куугунтуктардын арбып баратышы туудуруда.

Алар туурасында Башкы прокурордун парламенттеги социал-демократиялык фракция мүчөлөрү менен жыл жыйынтыгы боюнча жолугушуусунда кеп болду.

Депутаттар өлкөнүн энергетикалык кризиске капталышына кимдер себепкер болгону эмдигиче белгисиз калганына кызыгышты. Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев тармакты сызга отургузган аткаминерлердин аракетинде эч кандай кылмыш жоктугу сот тарабынан ырасталганын айтып, тармактагы абал иликтенип жатканын маалымдады. Парламент депутаты Иса Өмүркуловдун айтуусунда, ушу азыр деле энергетика тармагында мурдагы эле схема өзгөрүүсүз иштөөдө.

- Тилекке каршы, баары дагыле улантылып жатат. Алар энергосистеманы эле кризиске алып келбей, салык да төлөбөй жатышпайбы. Энергосистемадан бюджеттин киреше бөлүгүнө бир да тыйын түшпөйт. Ушундай иш. Убагында төлөбөгөндүгүнө кошулган айыппулдарын кошкондо 3 миллиарддан ашуун сом.

Элмурза Сатыбалдиев депутат Руслан Шаботоев менен депутат Ж.Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражановду издөөдөн азырынча эч кандай натыйжа чыкпагандыгын маалымдады.

- Чынында биз Чүй өрөөнүндө даректүү жайларды тинтип чыктык. Казакстан менен Орусияны канча сурамжыладык. Натыйжасы жок. Ушу тапта туңгуюкка капталдык деп айтсам болот.

Депутат Роза Отунбаева Ноокаттагы окуяларга күнөөлүү деп табылган 32 адамга берилген жаза өтөле катуу экендигин, жазалангандардын баары эле тыюу салынган диний уюмдун мүчөсү экендиги шек туудура тургандыгын белгилеп, такыбаа динчилерге жыл сайын аш-тамагын берип келген жергиликтүү бийлик жетекчилери жазасыз калышынын себеп-жөнүнө кызыкты.

- Сизде толуп аткан инструментарий бар экен. Эскертүү жана башка, мына мен окусам баш айланат. Сизде канча инструменттер бар экен. А эмне үчүн бирөөн да колдонбойсуз, бирөөн да пайдаланбайсыз! Сиз алып туруп аларды жазалап жатасыз. Бечара мусулмандар! Кыйнаганын окусаң чачың тикесинен турат. Биздин түрмөлөр менен убактылуу абак жайларында эмне болуп жатканын эми бүт дүйнөгө айтып чыгышат.

Э.Сатыбалдиев тендердик комиссияны туура эмес өткөргөн Өзгөчө кырдаалдар министринин орунбасары Б.Жолчиевге жана 4 башкармалык жетекчисине каршы кылмыш иштери козголгонун маалымдады. Ушундай эле кылмыш иштер Ош облусунун губернаторунун мурунку орунбасарына, сот, агрардык өнүгүү департамент, ошондой эле Ош шаар башчылыгынын жер участокторун мыйзамсыз бөлүп берген жетекчилерине каршы козголуп, айрымдарына сот өкүмү чыгарылганы маалымдалды. Башкы прокурор журналист Алишер Саиповдун өлтүрүлүшүнө байланыштуу ачылган кылмыш иши аягына чыга электигин билдирди.

Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов прокуратура кызматкерлери өздөрүнө тагылган милдеттерди так аткарбай жатканын айтып, адам укугунун бузулушу көнүмүшкө айланып кеткенин белгиледи.

- Бизде энеpгетикалык кризистин айынан өлкөнү тизелетип койгон С.Балкыбеков сындуу адамдар азыр баатыр болуп жүрүшөт. Мамлекеттик делегациянын катарында чет өлкөгө барышат. Ал эми Э.Булекбаев сындуу азил сүрөт илип алгандар прокуратуранын көзөмөлүндө турушат. Мына, өлкөнүн кейпи.

Э.Сатыбалдиев парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөлөрү жолугушуу учрунда айтылган сын пикирлердин баары эске алына тургандыгын, айрым маалымдоо каражаттарында кабарланган Кыргызстандын Каржы полициясынын жетекчиси жөнүндөгү макала текшериле тургандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG