Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

ЖК: адам укуктарына кызыккан депутат аз


Акыйкатчы Токон Мамытов.
Акыйкатчы Токон Мамытов.

Жогорку Кеңеште акыйкатчынын баяндамасы талкууланган жыйынга 20га жетпеген гана депутат катышты.

Акыйкатчыга арыз-доомат менен кайрылгандардын басымдуу бөлүгү сотторго нааразы. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов 24-октябрда парламентте билдирди. Жогорку Кеңеш анда Акыйкатчы институтунун 2016-2017-жылдагы иши тууралуу баяндаманы укту.

Дайындалганына бир ай толуп-толо элек Токон Мамытов негизинен өзүнө чейинки акыйкатчынын иши тууралуу баяндама жасады. Анда абактардагы адам укуктары тууралуу суроолор берилди. Депутат Жанарбек Акаев акыйкатчыны түрмөлөрдөн тынбай кабар алууга чакырды:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Абак жайларында кыйноо, адилетсиз отургандар абдан көп. Сиз тынбай абак жайларын кыдырышыңыз керек. Бардык аймактардан адилетсиздик боюнча бизге таңгактап каттар келет. Күч органдарына, сотторго нааразылык абдан көп. Ушул боюнча сиз жигердүү иштешиңиз керек. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен кечээки бир окуяны айтып коеюн. Кечээ Кадамжайда, Майдан деген айыл өкмөтүнө комиссия барганда эл тынч жыйынга чогулуп, пикирин айтып, кенди иштетүүгө каршы оюн билдирди. Буга жарандардын укугу бар. Алар эч кандай башаламандык кылган жок. Бирок милиция ошол жерде 60тан өтүп калган апалардын колун кайрып, кармап, өтө орой мамиле кылды. Урматтуу акыйкатчы мырза, сиз Майданга барышыңыз керек.

Акыйкатчы институтуна арыздангандардын 67 пайызы сотторго нааразы экени маалым болду. Токон Мамытов парламентте бул жагдай боюнча ишти күчөтүүгө убада берди:

- Даттануулардын, каттардын негизги бөлүгү - ушул соттун жүрүшүнө, чечимине нааразы болгондор. Акыйкатчы институту тиешелүү органдарга “арыздар боюнча жооп бергиле” деп кайрылса, алардан "баары мыйзам чегинде" деген жоопторду алып жатабыз. Бирок ошол эле учурда кандай гана болбосун сотторго арыздангандардын баары болбосо да арасында чыркырап чындык издегендер да бар. Ушул багытта биргелешип иш алып барыш керек.

Адам укугуна кызыккан депутат аз
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:46 0:00

Акыйкатчынын баяндамасы боюнча сын айткандар да болду. Маселен, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев жарандардын саясий укуктарына байланыштуу маалымат жок экенин белгиледи:

- Токон Болотбекович, сиз 2016-2017-жылдардагы саясий укуктардын камсыздалышын жакшылап карап койсоңуз болмок. 2016-жылы референдум боюнча өкмөткө, БШКга көп сунуштамалар берилген. Алардын аткарылышы тууралуу маалымат берсеңиз болмок. 2017-жылдагы президенттик шайлоодогу мыйзам бузуу, шайлоо бүткөндөн кийин саясий оппоненттерге, алардын арасында Өмүрбек Бабановго, Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иштери боюнча да маалымат берсеңиз болмок.

Токон Мамытов документ өзү кызматка келгенге чейин эле даярдалганын, кийинкиде бул айтылгандарды эске аларын айттты. "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев адам укуктары сыяктуу маанилүү маселени талкуулоого министрлер келбегенин сынга алды:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Жогорку Кеңештин жыйынына премьер-министр, башкы прокурор, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышышы керек. Бул милдеттүү түрдө мыйзамдын талабы. Биз кечээ комитеттин корутундусун да ушундай болсун деп чыгарганбыз. Комитеттин жыйынына мейли, министрлердин орун басарлары келсин, азыр бул жакта вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбековадан башка жалаң орун басарлар келиптир. Премьер-министр олуттуу себеп менен келе албай калса да министрлер келип, мыйзамдын талабын аткарышы керек.

Парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков министрлердин келбегенин алардын көбү ушул күнү Нарынга барган президент Сооронбай Жэнбековду коштоп жүргөнү менен түшүндүрдү.

Бирок адам укуктары тууралуу баяндаманы талкуулаган жыйында “80ден ашык депутат каттоодон өттү” деп көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө кирип-чыгып 20га жетпеген гана депутат отурду. Суроо бергенге 27 депутат жазылган, ал эми талкууда алты гана депутат сүйлөдү. Төрага Дастан Жумабеков жана вице-спикер Асел Кодуранова жыйын ортолоп калганда келди жана экөө тең адам укуктары тууралуу такыр үн каткан жок.

Бул жыйында мурунку президент Алмазбек Атамбаев жана азыркы Сооронбай Жээнбеков дагы акыйкатчыны бир дагы жолу кабыл албаганын эстегендер болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG