Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Кыргыз милициясына 85 жыл


2-ноябрда кыргыз милициясынын 85 жылдык мааракеси белгиленди. Бул окуяга байланыштуу Бишкекте салтанаттуу жыйын өттү.

Салтанат кыргыз милициясынын 85 жылдык тарыхын чагылдырган даректүү тасма менен башталды.

Жыйынды ачып жатып ички иштер министри Молдомуса Конгантиев милиция өлкөдө бекем коопсуздукту, тартипти жана мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча жетекчиликтин бардык тапшырмаларын так аткарып жаткандыгын белгиледи:

-Биздин кызматкерлер биринчи кезекте коомдогу мыйзамдуулук, тартип үчүн күрөшөт. Учурда заманбап техникалык жабдуулар менен камсыз болуп, айлык акыларыбыз жогорулап, социалдык жактан коргоого алынып жаткан милиция кызматкерлери өз милдетин татыктуу аткарып жатышат. Ошондуктан биздин өлкөдө жакшы жакка өзгөрүүлөр орун алып жатат.
Ички иштер органдырынын кызматкерлери мындан ары да өлкөдө бекем коопсуздукту, тартипти жана мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча жетекчиликтин бардык тапшырмаларын так аткарууга, оперативдүү-кызматтык ишмердүүлүгүн жакшыртууга бүт күч-аракетин жумшайт.

Жыйында өлкө жетекчиси Курманбек Бакиев ички иштер кызматкерлерин майрамы менен куттуктап сөз сүйлөдү. Президент өз сөзүндө өлкөдө болуп жаткан ийгиликтерге милициянын да салымы бардыгын айтуу менен ички иштер кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу керектигин, бул тармакты реформалоону улантууну белгиледи.

-Айрыкча өспүрүмдөр арасында укук тартиптерин бузууларды алдын алуу иштерин күчөтүү зарыл. Ички иштер органдарынын ишмердигинде мыйзамдуулукту чыңдоо, коррупция фактыларын түп-тамырынан жоюу, милиция кызматкерлеринин ишиндеги көз жумдуулуктан, бюрократизмден жана кайдыгерликтен кутулуу, өзгөчө жол көзөмөлдөө, паспорттук-визалык кызматтардын жана башка түзүмдөрдүн ишиндеги кемчиликтерден арылуу керек. Кадрларды тандоо жана жайгаштыруу, жеке курамдын адептик таалим-тарбиясы, ички иштер органдарындагы өзүнүн ишкердиги, адептик жана эрк сапаты жана кесиптик даярдыгы жагынан милиция кызматкеринин бийик наамына төп келбеген кызматкерлерден арылуу керек. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин көтөрүү кажет.

Салтанатта ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерине өкмөттүк сыйлыктар, ардак грамоталары, ал эми подполковник Акпаралы Кулсариевге “Эрдик”, полковник Эшмурза Акимжановго “Даңк” медалы тапшырылды.

Кылмыштуулук менен күрөшүү учурунда курман болгон маркумдар: полковник Анвар Алиевге, улук лейтенант Аман Жалиловго жана полковник Кайрат Жукеевге ыйгарылган “Эрдик” медалдары алардын жубайларына тапшырылды.

Салтанатта белгиленгендей, милиция тармагында баары жипке тизгендей эмес деген пикирлер да бар. Бишкектин тургуну Алмаз Кудайбергеновдун пикиринде милиция кызматкерлери арасында паракорлук, коррупция дале орун алган. 2002-жылкы Аксыдагы окуяда милиция элге каршы ок атып, алты жаран каза болгон:

-Ошондуктан бүгүнкү күндө дагы милицияга болгон элдин ишеними солгун. Себеби быйыл бир катар милициянын жооптуу кызматкерлери пара алып жатышкан жеринен улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалган. Чынында жаңы бийлик милицияга көңүл бөлүп, маянасын биртоп эле көтөргөндөй болду. Бирок милициядагы паракорлук басаңдамак турсун, ого бетер күч алды. Айрыкча МАИлердин күнү тууп, "ставкасы" көтөрүлүп кетти. Мурда 20 сом алса, азыр 200 сомдон кем албайт.

Кыргызстандагы март ыңкылабынан кийинки бир нече толкундоолорго каршы милиция күч колдонуп, көздөн жаш агызуучу газ жана кулак тундурган гранаталарды пайдалаган. Президенттин кызматтан чегинүүсүн талап кылган оппозиция жактоочуларын Ак үйдүн тегерегинен жана борбордук аянттан сүрүп чыгарган учурлар болгон.

1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамындагы Кара-кыргыз автомиялуу облусу түзүлгөндөн кийин 1-ноябрдан тартып облустук милиция бөлүмү өз ишмердүүлүгүн баштаган. Бүгүнкү күндө өлкөнүн ички иштер органдарындарынын кызматкерлеринин саны 9 миңден ашуун.

XS
SM
MD
LG