Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Шайлоо шаңына катылган кызмат


10-июлдан тарта өнөрпоздордун чоң тобу облус борборлорун кыдырып келаткан шайлоого элди чакырып, оюн-зоок уюштурушмакчы. 2 миллион 800 миң ашуун бюллетендер басылып, жер-жерлерге таратыла баштайт. Президенттикке талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууларын өткөрүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштерине байланышкан айрым бир мүчүлүштүктөр кезикпесе, негизинен мыйзамдын эреже-тартиптери так сакталып жатканын белгилеп келатат. Комиссия жыйынында талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрү, эларалык байкоочулар катталып, жетиштүү сандагы бюллетендер басылып чыкканы, булардын баары коопсуздук эрежелерине ылайык жасалып жатканын маалымдалат. Айталы, буга чейин 21 өлкөнүн, эларалык уюмдардын 111 байкоочусу каттоодон өтүштү. Бүгүн-эртең Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин атынан келчү 81 өкүл алардын катарын толукташмакчы. 2 –3 күндөн кийин бюллетендер жер-жерлерге жөнөтүлгөнү турат. Ага улай 10-июлдан өнөрпоздордун чоң тобу жумуш күнү, анан да жайкы эс алуу учуруна туш келген президенттик шайлоого элди үндөгөн оюн-зоокторду уюштуруунун камында жүрүшөт.

Президенттикке талапкерлер шайлоочулары менен жолугушууда. Бирдиктүү оппозициянын атынан чыккан Алмазбек Атамбаев ушу тапта Көлдүн тескей кылаасындагы эл менен жолугушуп, кийинки сапарын бийик тоолуу Нарын жергесинде улантууну көздөөдө. Талапкердин шайлоо штабынын жетекчиси Бакыт Бешимовдун маалымдашынча, анын жолугушууларына да тоскоолдуктар болбой койгон жок.

- Тоскоолдуктар - ошондой аракеттер болду. Бирок эл көп келди. Мисалы ошол Кызыл-Сууда 3 миңден ашык эл келди. Анан алар чагымчылык кылууга жергиликтүү бийликтегилерге жол бербеди. Азыр жергиликтүү бийлик соттолуп атпайбы. Биздин адвокаттар иштеп, аларга доо-арыздарды тапшырды. Алар деле азыр ойлонуп калды. Бул бийлик канча турат, бирок мыйзамиды бузгандар сөзсүз жоопко тартылат.

Президентке талапкер Темир Сариев Ош жергесинде, Токтайым Үмөталиева Баткен облусунда шайлоочулар менен жолугушуп жатышкандыгы кабарланууда. Президенттикке талапкер Курманбек Бакиев бул күнү Бишкекте медицина кызматкерлеринин жыйынына катышты. Шайлоо алдында талапкер президенттин катышуусунда ушундай эле салтанат өткөн жумада айтылуу Суусамыр өрөөнүндө өткөн. Маараке катышуучулары президенттин айыл чарбасын алдыга жылдыруунун 5 багыттан турган сөзүн угушуп, оюн-зоокко күбө болуп кайтышкан. Антип президенттин бирде бул – бирде тигил ачылыштарга катышып, республиканын бир бурчунан экинчисине кызматтык унаасы менен заматта жетип барышы, ал аз келсе мамлекеттик маалымдоо каражаттарынын бетинен түшпөй шайлоо үгүтү менен кызматтык милдетин аткаруусунун аралашып кетиши мыйзамга кайчы келерин эскертип, К.Бакиевди атаандаштыктан четтетүү жөнүндө сотко кайрылыша тургандыктарын Алмазбек Атамбаевдин Баткендеги шайлоо штабынын жетекчиси Ташболот Балтабаев билдирди.

- А президент болсо жарым саатта Баткенге учуп келип, 5 миң кишини, бүт мамлекеттик мекеме-ишканаларды, окуу жайларды жумуш күнү жаптырып салып 5 миң кишини айдап келип, ошолорго үгүт иштерин жүргүзүп жатпайбы. Бул эмне кызмат абалынан пайдалангандык эмеспи.

Т.Балтабаев Шайлоо кодексинин 56-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптардын сакталышына сот кызыкдар болбосо, президенттин мыйзам бузууларын эл сотуна алып чыга тургандыктарын кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовский талапкерлер же алардын өкүлдөрү тарабынан атаандаштардын мыйзам бузуусу жөнүндө арыздар түшө электигин билдирүү менен чектелди.

- Эң жакшысы сиздин топторго кирип эле билип чыкканыңыз оң. Үгүт боюнча топ бар. Алар иштеп жатышат. Алар сизге баарын көрсөтүшөт. Кайсы суроолор, кандай маселе экенин. Маалыматтын баары эле мага келе бербейт. Биз топко бөлүп койгонбуз. Майда маселелер бар. Мисалы, үгүт боюнча. Топтор иштеп жатат.

Кызматта турган президенттин талапкер катары шайлоого катышып, административдик ресурсту ээн-жайкын пайдаланышы Кыргызстан үчүн жаңылык деле эмес.

XS
SM
MD
LG