Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Ооганстанга НАТОнун жүгү ташылбай калды


Пакистан коопсуздук кызматынын өкүлү НАТО жана АКШ баштаган күчтөргө келген жүктү тосуп алууда, 17-ноябрь.2008-ж.
Пакистан коопсуздук кызматынын өкүлү НАТО жана АКШ баштаган күчтөргө келген жүктү тосуп алууда, 17-ноябрь.2008-ж.

Пакистандын түндүк-батышында коопсуздук жагдайы кескин начарлап кеткендиктен жергиликтүү транспорт бирикмеси НАТОнун жана АКШнын Ооганстандагы контингенти үчүн керектүү жүктөрдү ташыгандан баш тартты.

Ооганстандагы чет элдик контингент үчүн эң зарыл жүктөрдү буга чейин Пакистандагы “Хайбер” транспорт бирикмеси жеткирип келген эле.Бирикменин жетекчиси Мухаммед Шакир Африди дүйшөмбүдөн тартып жүк ташуу токтотулгандыгын кабарлады. Мунун себебин ал өлкөнүн түндүк-батыш аймагында коопсуздук кырдаалы кескин начарлап кеткендиги менен түшүндүрдү.

“Шоферлор жанын оозуна тиштеп араң иштеп калышты,андан калса өрттөлгөн же жарактан чыккан ар бир автомашинадан бирикме 50 миң доллар чыгым тартып жатат”,-деп билдирди ал “Азаттыктын” кабарчысына. Өткөн аптада эле Пешевардан жүк тартып чыккан колоннага талиптер жолдо кол салып,сакчылардын бири өлдү.

НАТОнун Пешевардагы товар базасына акыркы эки аптада талиптер жана аларга жан тарткан жергиликтүү куралдуу топтор төрт ирет кол салышты. Акыркы ирет терминал өткөн жумада минометтердон көнөктөтө аткыланды. Тонналаган азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу май, дары-дармек өрттөнүп кетти, аскери шайман-шарактар керектен чыкты. Өткөн жумада эле бирикменин 25 машинасы талкаланды.

НАТО бензин тарткан машиналарга гана компенсация төлөйт, ал эми керектен чыккан калган транспорттордун, башка чыгымдардын ордун толтуруп бербейт. Бирикме акыркы кездери финансылык кыйынчылыктарга учурады. Андан да жолдогу коопсуздук камсыз кылынбагандыктан айдоочулар,күзөтчүлөр жумуштан бошонуп кете башташты. Алар өз өмүрүн тобокелге салгысы келбейт.

Африди Батыштагы бакубат делинген 35 өлкө биригип Ооганстандагы кырдаалды көзөмөлгө алалбай жатканына таң калат. Пакистан болсо жакыр өлкө,ресурсу чакталуу, ошондуктан ал өз аймактарында “Талибанга” жана ага окшогон уюмдарга каршы күрөшкөнгө кудурети жетпейт.

НАТО жана АКШ Ооганстандагы өзүнүн контингенттерин жабдыганы бардык зарыл жүктөрдүн 75 процентке жакынын жалаң Пакистан аркылуу ташып келет. Акыркы айларда коалиция Пакистандын уруулар аймагы деп аталган түндүк-батыштагы провинцияларда антитеррордук операцияларды активдештире баштады. Талиптер буга жооп кылып НАТОнун Ооганстандагы контингентине жүк ташыган автоколонналарга кол сала баштады.

“The Times” НАТОлук өкүлдөргө шилтеме берип,ушу тушта контингентке түндүк маршруту аркылуу жүк ташуу мүмкүнчүлүгү талкууланып жатканын кабарлады. Муну өткөн жумада “Азаттыкка” альянстын өкүлү Жеймс Аппатурай да ырастаган эле. Түндүк маршрутун ачуу маселеси боюнча азыр Россия,Борборазиялык айрым өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр аяктап калды.

XS
SM
MD
LG