Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

АКШ: Обама ишке жигердүү киришти


Барак Обама атайын өкүлдөрү Ричард Холбрук (солдо) жана Жорж Митчелл (оңдо) менен. 22-январь, 2009-ж.
Барак Обама атайын өкүлдөрү Ричард Холбрук (солдо) жана Жорж Митчелл (оңдо) менен. 22-январь, 2009-ж.

Президент Б.Обама алгачкы иш күндөрүндө эле мактоого алына баштады. Эми «ачык өкмөт» маалыматты элден жашырбайт, дүйнөдө Американын имиджине көлөкө түшүргөн Гуантанамо түрмөсү жабылат деп, ал Жакынкы Чыгыш менен Түштүк Азияга атайын өкүлдөрүн дайындады.

Президенттигинин алгачкы күнүндө Барак Обама өкмөттөгү иштин ачыктыгын кепилдеген эрежелерди киргизип, мындан ары маалыматты элден жашыргандар эмес, тетирисинче, калкты кабардар кылууга умтулгандар колдоого алынат деп айтты. Муну анализчилер Обама өкмөт мүчөлөрүнүн өздөрүндө ар бир чечим үчүн эл алдында жоопкерчилигин жогорулатуу максатында киргизди деп баалашууда.

Обама мамлекеттик жогорку кызматтагылардын айлык акысы көтөрүлбөй турганын, лоббисттердин таасири жок кылынаарын айтты.

Анна Уейсман (Ann Weismann) “Жарандар өкмөттөгү жүрүм-турум жана жоопкерчилик үчүн” деп аталган Вашингтондогу топтун башкы кеңешчиси болуп иштейт. “Обама администрациядагы ачыктык үчүн ыкчам аракеттери менен баарына так билдирүү жасады”, - дейт ал. “Ачыктык тууралуу баардык документтерге президент алгачкы иш күнүндө кол койгонуна аябай толкунданып турабыз. Бул кадам президент өзү жана анын администрациясы айкындык ишинде канчалык олуттуу убадаларды берээрин көрсөтүүдө. Андыктан жаңы администрация ишин өтө маанилүү жана оптимисттик мүнөздө баштады деп айта алабыз”, - деп билдирди Анна Уейсман.

Ал акыркы сегиз жылда Буш администрациясы өз аракеттеринде жана мамлекеттик агенттиктердин ишинде бүт нерсени жаап-жашырып турчу дейт. Ошол себептен Обаманын президент катары алгачкы аракеттери мурда калыптанган иштерде “радикалдуу өзгөрүүлөрдү” жасоо менен байланышты.

Мына ушундай “радикалдуу кадамдардын” дагы бири Гуантанамо түрмөсү менен байланыштуу болду.

Дүйнөдө адам укуктарын коргоо жаатында иштеген укук коргоочулар бул кабарды чоң сүйүнүч менен кабыл алышкандай болду. Обама Кубадагы АКШнын Гуантанамо түрмөсүн жаап, анда терроризм үчүн шектелип, жылдар бою соттун өкүмү жок эле кармалып тургандардын ишин кайра карап чыгууну буйруду. Түрмө бир жыл ичинде жабыла турган болду. Негизи, Обама Гуантанамо боюнча чечимди президент катары ант бергенден бир канча сааттан кийин эле кабыл алган.

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пиллай (Navi Pillay) бейшембиде Женевада сүйлөп жатып, Обаманын чечимин чоң сүйүнүч менен кабыл алганын, түрмөнү жабуу, мүмкүн болсо, бир жылга жетпей эле аткарылса да дурус болоорун билдирди. “Мен президент Барак Обаманы АКШнын Ооганстандагы жана Ирактагы ушундай эле түрмөлөрү боюнча да көңүл бурууга чакыраар элем, - деди Пиллай айым. – Ал жакта кармалып тургандардын иштери да акыйкат соттук териштирүүлөргө алынышы зарыл”.

Барак Обама бейшембиде Жакынкы Чыгышка жана Түштүк Азияга да атайын өкүлдөрүн дайындады.

Жакынкы Чыгышка тажрыйбалуу дипломат катары таанылган мурдагы сенатор Жорж Митчеллди (George Mitchell) атайын өкүлү катары атады. Митчелл өзү 75 жашта, албетте, палестин-израиль конфлигин жөнгө салуу боюнча сүйлүүлөргө жооптуу болот. Ал Билл Клинтондун тушунда да Израиль менен Палестина конфлигин чечүү үстүндө иштеген.

Ал эми мурда Улуттар уюмунда АКШнын өкүлү болуп келген Ричард Холбрук (Richard Holbrooke) Обама администрациясынын Ооганстандагы жана Пакистандагы атайын өкүлү деп аталды. 67 жаштагы Холбрук Босниядагы согушту токтоткон Дейтон келишиминин авторлорунун бири жана конфликтти жөнгө салууда арачы катары чоң ийгиликтерге жетишкени белгилүү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG