Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

"Манастагы" база калат, калбайт...


Курманбек Бакиев менен Хамид Карзай Шанхай кызматташуу уюмунун саммитинин алкагында Россиянын Екатеринбург шаарында жолугушууну белгилөөдө. Көзмө-көз жолугушууда Ооганстан боюнча Бишкекте конференция чакыруу, антитеррордук күрөшкө колдоо көрсөтүү маселеси талкууланары күтүлүүдө

Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин саммити 15-16-июнда Россиянын Екатеринбург шаарында болот. Ооганстан саммитке байкоочу өлкө катары катышат.

Мына ушул саммиттин алдында Ооган мамлекет башчысы Хамид Карзай президент Курманбек Бакиевге кат жазып, саммиттин учурунда көзмө-көз жолугушууну сунуштаган. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айбек Молдагазиев "Азаттыкка" берген интервьюсунда Екатеринбургда эки президенттин жолугушу мүмкүндүгүн айтып, буларга токтолду:

- Сиздер билгендей, президент Карзай бул саммитте ардактуу конок болот. Мына ошол жерде эки президенттин жолугушуусунда, ал жолугушуу болуп калса, Ооганстандагы жана анын айланасындагы кырдаал талкууланат. "Манастагы" базага байланыштуу маселе да жолугушууда козголушу ыктымал.
Ооган президенти Хамид Карзай

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын айтымында, Кыргызстан Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүү үчүн Бишкек демилгесин көтөрүп, Кыргызстанда конференция өткөрүүнү сунуштоодо. Конференция өткөрүү жана жалпы эле Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга эки президенттин жолугушуусунда өзгөчө көңүл бурулат.

“Ооганстанга өз аймактары аркылуу жүк ташууга Россия, Казакстан, Өзбекстан макулдук берген. Кыргызстан да маселени ушул жагынан чечүүнү караштырышы мүмкүн”,- деп белгиледи Молдогазиев.

Бирок маалым болгондой оогандар конференция өткөрүү үчүн ортомчуга эмес, "Манастагы" база аркылуу жүктөрдү ташууга кызыкдар болуп турат. "Манас" базасына Кабулдан да АКШ өзгөчө кызыкдар экени белгилүү. Ошондуктан орус эксперттери ооган президенти аркылуу АКШ бийлиги аракеттенип жатканын айтып жатышат.
Президент Бакиев "Манастагы" база чыгарылаарын быйыл февраль айынын башында Москвада жарыялаган.

27-мартта Шанхай кызматташуу уюмунун туусунун астында Ооганстан боюнча Москвада конференция болуп, ага Пакистандын мурунку президенти Первез Мушарраф сыяктуу белгилүү саясатчылар катышкан. Мына ошол конференцияда ооган өкмөтүн чыңдоого жана эл аралык антитеррордук коалицияга жардам берүүгө, баңгизаттарына каршы күрөшкө өзгөчө маани берилген. Ал конференцияга Кыргызстан тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев да катышып келген.

Саясат таануучу Марат Казакпаев эгерде Манастагы база кала турган болсо, анын статусу өзгөрөт деген пикирин айтты:

- Менин оюмча, азыркыдай форматта база калбайт. Себеби президент да өзүнүн кайрылуусунда айтып кеткен, база кетет деп. 20-августка чейин база кетиш керек. Бирок азыр Пакистанда, Ооганстанда абал күчөп, талиптер да активдешүүдө. Ооганстан маселесин чогуу чечиш керектигин баары түшүнүп турат. Ошондуктан эми базанын форматы башкача болуп калат. Ал кандай болот? Аскердик контингент кетет. Бирок транспорттук учактар Бишкектен уча беришет. Гуманитардык жүктөрдү ташый беришет.

Саясат таануучунун пикиринде, жаңы форматта "Манас" аба майданын пайдаланууда ижара акысын көбөйтүү маселеси да коюлат. Белгилүү болгондой, азыркы мезгилде аба майданды ижарага алган үчүн америкалыктар жыл сайын 17,5 миллион доллар төлөп келет. Жаңы баалар базанын форматына жараша болот дейт Казакпаев:

- 17 миллион туура эмес. Жаңы сүйлөшүү болуш керек. Биздегидей форматта иштеп жаткан базалар 150-200 миллион доллар төлөш керек. Бирок президент база жабылат деп айткан. Эми кандай база болот? Эгерде жөнөкөй эле жардам берүүчү гуманитардык база болсо, анда америка, же башка мамлекеттер, НАТО андай төлөй албайт. Ошондуктан баасы ошондой эле калат го. Анткени базанын форматы башкача болуп калып атпайбы.

АКШ базасы: Сын жана жүйөө
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG