Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Ахмадинежад айткан тузакка Россия түшөбү?


Түркия. Президент Абдулла Гүл (солдо), Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев (ортодо), Иран президенти Махмуд Ахмадинежад (оңдо). Ыстамбул. Эл аралык конференция алдында. 8-июнь 2010
Түркия. Президент Абдулла Гүл (солдо), Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев (ортодо), Иран президенти Махмуд Ахмадинежад (оңдо). Ыстамбул. Эл аралык конференция алдында. 8-июнь 2010

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Тегеранга каршы жаңы санкция киргизсе, Иран өзүнүн ядролук программасы боюнча сүйлөшүүгө макул болбойт. Президент Махмуд Ахмадинежад Ыстамбулда ушундай билдирүү жасады.

Иран президенти Махмуд Ахмадинежад мындай эскертүүнү Ыстамбулда өтүп жаткан Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним чаралары конференциясы уюмунун жыйыны учурунда жасады:

- Мурда айткам: АКШ өкмөтү жана анын союздаштары (Коопсуздук Кеңешинин) резолюциясын бетке тутуп алып, биз менен сүйлөшүүгө отурабыз дешсе жаңылышат. Мындай болбойт. Сүйлөшүү адилеттүү жана сый-урмат менен өтсө, биз ким менен болсо да сүйлөшөбүз. Эгер кимдир бирөө биз менен орой жана өкүм сүйлөшөм десе, берчү жообуз мурдатан дайын.

Махмуд Ахмадинежад ошондой эле уранды алмашуу боюнча эки жума мурда Тегеранда Түркия жана Бразилия менен кол коюлган келишим “келечекте кайталангыс мүмкүнчүлүккө” жол ачканын айтып, эл аралык коомчулукту келишимди колдоого үндөдү:

-Тегерандагы жыйын АКШ өкмөтү менен анын союздаштары үчүн оңтойлуу. Биз дале алар бул мүмкүнчүлүктү колонот деп үмүттөнөбүз. Бул ыңгай кайталанбасын айта кетели.

Тегеран келишимге жараша Түркияга 1200 кг жарды уран жиберип, анын ордуна реактордогу медициналык изилдөөлөр үчүн 120 кг байытылган уран алууга тийиш. Батыш өлкөлөрү болсо

президент Махмуд Ахмединежаддын сөзүнчө, Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Тегеранга каршы жаңы санкция киргизсе, Иран өзүнүн ядролук программасы боюнча сүйлөшүүгө макул болбойт. Ал ошондой эле уранды алмашуу боюнча жакында Түркия жана Бразилия менен кол коюлган келишим “келечекте кайталангыс мүмкүнчүлүк” түзгөнүн белгиледи жана эл аралык коомчулукту береги келишимди колдоого үндөдү.

Тегерандагы ядролук изилдөөлөр өткөрүлчү реактор


Тегеран аталган келишимге жараша Түркияга 1200 кг жарды уран жиберип, анын ордуна реактордогу медициналык изилдөөлөр үчүн 120 кг байытылган уран алууга тийиш. Батыш өлкөлөрү болсо Иран уранды атомдук бомбаны жасоо максатында байытууда деп кооптонушат. Тегеран чочулоого негиз жок деп айтып келет. БУУнун Атомдук энергия боюнча агенттиги - МАГАТЭнин маалымдашынча, азыр Иран 5,7 кг байытылган уранга ээ.

Ахмединежад өз сөзүндө АКШ жетекчилиги Иран саясатын өзгөртмөйүнчө, президент Обама ийгиликке жетпесине токтолуп, “Россия Иран элинин душмандары жайган тузактан этият болууга тийиш” деген пикирин да айта кетти.

Премьер-министр Владимир Путин журналисттер менен кездешүүдө. Ыстамбул. 8-июнь 2010

Ыстамбулдагы жыйынга катышып жаткан Россиянын премьер-министри Владимир Путин Иранга каршы жаңы санкция даяр болуп калганын белгилөө менен анын “ашыкча катаал болбошу керек” экенин айтты:

-БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы ашыкча катаал болушун жана Иранды, Иран жетекчилигин, өзгөчө, Иран элин калпыс абалга түртүп, ядролук энергияны тынч өндүрүүгө бөгөт койуусун каалабайбыз.

Шаршемби күнү кабыл алынат деп күтүлгөн жаңы санкцияны, Батыш дипломаттарынын айтышынча, Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү: АКШ, Британия, Кытай, Россия жана Франция колдогон. Коопсуздук Кеңешинин вето укугу жок айрым мүчөлөрү, анын ичинде Түркия жана Бразилия санкциядан ныпа болбойт деген көз карашта турушат. Түркия менен Бразилия санкцияны колго салганга чейин Ирандын ядролук программасы боюнча “саясый талкуу” өткөрүүгө аракеттенишүүдө.

Жаңы санкция Иранга курал-жарак сатууга эмбаргону күчтөөгө катар өлкөнүн ядролук программасына катышы бар ишканаларга каршы финансылык чектөөлөрдү күчөтүүнү сунуш кылат.

7-июнда МАГАТЭнин башкы директору Юкио Амано Иран кызматташпагандан улам, ал жетектеген агенттик “Тегеран өзүндө бар ядролук материалдары тынчтык максатында пайдаланат” деп ырастай албасын билдирди.

XS
SM
MD
LG