Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Президенттин алгачкы иш сапары Астанада башталды


Кыргызстандын жаңы президенти Роза Отунбаева мамлекет башчысы катары алгачкы иш сапарын Казакстандын борборунан баштады. Ушул тапта ал Евразия экономикалык шериктештигинин Астанада өтүп аткан мамлекеттер аралык кеңешине катышууда.

Шериктештиктин (ЕврАзЭШ) алкагындагы жакында эле өткөн жолугушууларда Кыргызстандын жетекчилиги толук легитимдүүлүктүн жоктугунан улам катыша алган эмес. Бул жолу Астанага барган Роза Отунбаева башка президенттердей эле саммиттин толук ыйгарым укуктуу мүчөсү.

Жалпы элдик референдумдан соң мамлекет башчысы катары Роза Отунбаева алгачкы иш сапарын Астанадан баштады. Евразия экономикалык шериктештигинин саммитине катышуу үчүн барган Кыргызстандын президенти кечээ кесиптеши, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Р.Отунбаеванын тышкы саясатта тажрыйбасы, баары бар. Бирок эң башкы көрсөткүч – ички саясаттын акылмандык менен жүргүзүлүшү болуп саналат. Эми саясаттагы же дагы башка эмгегине карабай, даана адистерди, технократтарды бийликке алып келүү керек.... К.Өмүралиев
Астана саммити Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин 70 жылдык маарекесине туш келди. Казакстандын президенти Н.Назарбаев эртең жетимишке толот.

Ошондой эле бул саммит Кыргызстанда толук легитимдүү бийлик орногонун, аны тыш дүйнө тааныганын далилдеген көрсөткүч болууда. Р.Отунбаева жетектеген кыргызстандык делегация бул саммитте ЕврАзЭШке кирген өлкөлөр менен экономикалык мамилелерин өнүктүрүү маселелерин да карашмакчы. Кыргызстандан барган делегациянын курамында Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев да бар.

Евразия экономикалык шериктештигине Казакстан, Кыргызстан, Беларус, Орусия жана Тажикстан мүчө. Аталган мамлекеттердин башчыларынан тышкары саммитке байкоочу катары Армениянын президенти Серж Саргсян жана Украинанын президенти Виктор Янукович катышууда. Р.Отунбаева аталган саммитке катышып аткан жалгыз аял президент.

Талдоочулардын пикиринде, Р.Отунбаеванын тышкы саясатта тажрыйбасы мол болгондуктан башка президенттер менен жолугушууларды бийик деңгээлде өткөрө аларына ишенип койсо болот. Эми көп нерсе анын ички саясатты кандай жүргүзөрүнө байланыштуу.

Көз карандысыз эксперт, “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” коомдук бирикмесинин директору Кубанычбек Өмүралиевдин пикиринде, Кыргызстанда тышкы саясатты жогорку деңгээлде жүргүзө алчу эки-үч адам болсо, ошолордун бири Р.Отунбаева. Бирок адистин пикиринде, Кыргызстан парламенттик өлкө катары жаңыланууга бараткан соң, Р.Отунбаева бул жаатта чечкиндүү аракеттерди жасоосу керек:

- Р.Отунбаеванын тажрыйбасы, баары бар. Ошондой тажрыйбасы, тышкы саясаттагы жеке тааныштыгы, аброю аркылуу да Кыргызстанга инвестицияларды алып келет дегенге үмүт чоң. Бирок, эң башкы көрсөткүч – ички саясаттын акылмандык менен жүргүзүлүшү болуп саналат. Мына, эки күн мурда эле иннаугурация өтүп, жаңы ыйгарым укуктуу бийлик иштей баштады. Менимче, эми Р.Отунбаева чечкиндүүлүк кылып, өзүнүн аппаратынан баштап бардык мамлекеттик башкаруунун курамына, түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизиши керек. Саясаттагы же дагы башка эмгегине карабай, даана адистерди, технократтарды бийликке алып келүү керек. Биз ошондо гана ички саясатыбыздын оң тарапка жылуусун көрө алабыз.


27-июнда өткөн жалпы элдик референдумдун алгачкы жыйынтыктары чыга баштаганда эле айрым мамлекет башчылары Р.Отунбаевага куттуктоолорун жолдой башташкан эле. Андай куттуктоолорун Өзбекстан менен Түркия лидерлери жолдошкон. Эми Астанада бүгүн өтүп аткан саммиттин алкагындагы жолугушууларда парламенттик башкарууга ык коюп, жеке адамдын бийликти бир колго топтоосун чектеген Кыргызстандын президентин башка президенттер да куттуктап, кол кысаары бышык. Айта кетсек, ошол эле КМШ, ЕврАзЭШке кирген өлкөлөрдүн баары тең авторитардык режимдер катары таанылган.

XS
SM
MD
LG