Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:28

Москва менен Киев туткундарды алмашат


Орус камагында отурган украин деңиз аскерлери.
Орус камагында отурган украин деңиз аскерлери.

Орусия менен Украина камакка алынган, соттолгон айрым жарандарды бири-бирине өткөрүп бергени жатат.

Бул тууралуу камактагы айрым жарандардын адвокаттары менен бир катар башкы орусиялык басылмалар айтып, жазып чыгышты.

Украина Орусияда 150 жараны мыйзамсыз кармалып турганын маалымдаган. Москва болсо өзүнө өткөрүп алгысы келген жарандарынын санын жана тизмесин ачыкка чыгара элек.

Москва аннексиялаган Крымда жашаган Наталья Балухтун уулу Владимир - Орусияда соттолгон ондогон украин жарандарынын бири. Ал Москва менен Киев алмашканы жаткан туткундардын арасында уулу да бар экени тууралуу так деле маалыматы жок:

"Телефизордон эле угуп жатабыз. Биз андан башкасын кайдан билмек элек? Эгер адвокаттары бир нерсени билсе деле бизге айтпаганга аракет кылышат. Менин дагы канча жашаарымды билбейм, бирок мен эч кайда деле кетким келбейт. Албетте, бошогондон кийин уулумдун Крымга кайтып келбегени деле туура болот. Анын бул жакта кылаарга деле иши жок. Аны бул жакта кайра эле кармап башташат".

Орусиянын атайын кызматы Владимир Балухту 2016-жылы декабрда камакка алган. Ал Орусия Крымды аннексиялагандан кийин орус жарандыгын алуудан баш тарткан жана үйүнүн короосуна Украинанын желегин илип алган. Орусиянын коопсуздук кызматы анын үйүнөн ок-дары, жардыруучу зат табылганын жүйө кылып, камакка алган. Крым соту аны 2017-жылы беш жылга эркинен ажыраткан.

Орусиядагы бир катары басылмалар Владимир Балух баштаган беш украиналык жаран 22-августта Москвадагы «Лефортово» тергөө абагына алынып келгенин, алмашууга даярдалып жатканы жазып чыгышты. Кремль буга байланыштуу расмий комментарий бере элек.

Анын алдында туткундарды алмашуу жараянына ылайык, Киев төрт жаранды, "Крым дезертилеринин иши" деген окуяда аты аталган эки мурдагы украин аскерлери - Максим Одинцов менен Александр Барановду, ошондой эле орусиялык жарандар Евгений Мефёдов менен Игорь Кимаковскийди Москвага өткөрүп бергени жатканы маалым болгон. Бул тууралуу алардын адвокаты Валентин Рыбин кабарлады.

"Мен жактаган Орусиянын жарандары жана башкалар Украинанын аймагынан чыгып кетүү жол-жобосунан өтүп жатат. Биз алмашууга даярданып жатабыз. Бул жакынкы убакта ишке ашат деп үмүттөнөм. Датасын айта албайм, бирок ал өтө жакынкы күндөрү ишке ашат", - деди адвокат Валентин Рыбин.

Украинанын чыгышындагы украин аскерлери.
Украинанын чыгышындагы украин аскерлери.

2014-жылы Москва Крымды аннексиялагандан кийин украин армиясынын аталган жарым аралдагы бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн жоокерлери Одинцов менен Баранов орус тарапка өтүп кеткен. Аларга Украинада «чыккынчылык кылган» жана «армиядан качкан» деген айып тагылган жана 13-14 жылга эркинен ажыратылган.

Мефёдов болсо 2014-жылы Одесса шаарындагы орусиячыл жикчилдер менен украин активисттеринин кандуу кагылышына байланыштуу «жикчилдик» беренеси менен кармалган.

Украин атайын кызматы Игорь Кимаковскийди 2015-жылы июлда камакка алган. Ага украин аскерлери жайгашкан жерлер тууралуу тымызын маалымат топтоп жүргөн деген айып тагылган.

Мындан бир күн мурун Орусиядагы дээрлик бардык башкы басылмалар Кремлдеги ишенимдүү булактарын шилтеме кылып, эки өлкө ушул айдын аягына чейин туткундарды алмашканы жатканын жазышкан.

«Коммерсантъ» басылмасы былтыр Керч кысыгындагы чатакта кармалган украин деңиз аскерлери да Киевге өткөрүлүп берилиши ыктымал экенин билдирген. Бирок ошол эле күнү Москванын соту украиналык 24 аскердин 13үнүн бөгөт чарасын 26-октябрга чейин узартып койду.

Былтыр 25-ноябрда Кара деңиз менен Азов деңизи кесилишкен Керч кысыгында Орусия Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кеткен.

Окуяны Украина менен Батыш өлкөлөрү «агрессия» деп баалашкан. Бириккен Улуттар Уюму туткунга түшкөн украиналыктарды «аскер туткундары» деп тааныган. Москва болсо украин деңиз аскерлери «Орусиянын чек арасын бузган» деп билдирип келет.

Орусияда соттолгон крым татарларын колдогон акция.
Орусияда соттолгон крым татарларын колдогон акция.

Украина Орусияда жалпысынан 150 жараны мыйзамсыз камакта отурганын билдирген. Алардын арасында «террорчулукка» байланыштуу айыпталган режиссёр Олег Сенцов дагы бар.

Москва өзүндөгү туткундарды алмаша турган адамдар жана алардын тизмеси тууралуу расмий маалымат бере элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG