Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Чуулгандуу Чавес Түркмөнстанда


Венесуэланын президенти Уго Чавес жекшембиде Түркмөнстанга келди. Ал Түштүк Америкадан Борбор Азия чөлкөмүнө келген алгачкы президент болду.

Уго Чавестин Ашхабаддагы сапары эки күнгө эсептелген. Түркмөн президенти жана башка расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдөгү негизги маселе – энергия темасы, анын ичинде газ өндүргөн өлкөлөрдүн картелин түзүү мүмкүнчүлүгү. Түркмөнстан Борбор Азиянын эң ири газ өндүрүүчүсү болсо, Венесуэла - Түштүк Американын газ коруна эң бай мамлекети.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов венесуэлалык кесиптешинин сапарын утурлай ишемби күнү теледен сүйлөгөн сөзүндө Чавестин визити келечектеги өз ара пайдалуу кызматташтыктын өнүгүүсүнө негиз түзөрүнө үмүттөнүүсүн билдирди.

Ал кандай кызматташтык экенин Бурдымухаммедов айткан жок. Бирок белгилүү болгондой Венесуэла лидери глобалдык газ картели түзүлүүсүн колдойт. Бул идеяны буга чейин Орусия, Иран, Катар талкуулаган.

Түрмөнстан ири газ өндүрүүчү катары мунай экспорттоочулардын ОПЕК уюмуна окшош бирикме үчүн эң ыңгайлуу мүчө болмок. Бирок баяндамачылар Венесуэла президентинин бул маселде Ашхабаддан бекем колдоо табуусу арсар экенин белгилешүүдө.

Түркмөнстанга анын газын алгысы келген Евробиримдик, Европа Түркмөнстандан газ алуусун колдогон жана НАТОнун жүктөрүн Ооганстанга ташууда кызматташтыкты улантууну каалаган АКШда көңүлүн бурууда.

Уго Чавес Ашхабадга Ирандагы эки күндүк сапарын аяктаган соң келди. Чавес менен ишемби күнү Тегеранда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин иран президенти Махмуд Ахмадинежад анын өлкөсү менен Венесуэланын “душманы бир экенин” жана бул алаканы жакшыртуунун маанисин арттырып жатканын айтты.

Ал эми Чавестин сөзүнө караганда, Иран менен Венесуэланын жалпы душманы “АКШ империясы жана анын кошоматчылары”. Венесуэла президенти ошондой эле өз сөзүндө Ирандын өзөктүк программасын колдоду. Тегеран тынчтык максатында өзөктүк энергияга жетишүү аракетинен артка чегинбей турганын белгиледи. Ирандын маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, бул Чавестин жетинчи же сегизинчи визити болду.

Иранга чейин Ливияда, Алжирде, Сирияда токтогон Венесуэла президенти бул жолку сапарын мындан тышкары ага коңшу Колумбиянын Америкага өлкө аймагында аскерлерин жайгаштырууга уруксат берүү планын сындоо үчүн пайдаланууда. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад мурда АКШнын аскерий базаларынын Борбор Азияда, аскерлеринин коңшу Ооганстан менен Иракта туруусу боюнча Чавестикине үндөш сөздөрдү айткан.

Эки президенттин дагы бир окшоштугу өз өлкөлөрүнүн ичинде аларга каршы нааразылык күчтүү экендигинде. Чавес Иранда жүргөн учурунда ишемби күнү мекенинде анын өкмөтүнө каршы демонстрациялар болду. Борбор Каракастагы нааразылык акцияларынын башында Венесуэланын “Демократиялык альтернатива” деп аталган оппозициячыл уюму турду. Демонстранттардын бири Роберт Мартинез эл көчөгө эмне үчүн чыкканын мындайча түшүндүрөт:

- Венесуэлада институттардын баары жырткыч режимдин барымтасында калды. Өлкөдө баары асылган абалда турат. Ой-пикир билдирүү эркиндиги жок.

Президенттин кызматта туруусу боюнча конституцияда белгиленгнен чекти референдум аркылуу өзгөртүүгө жетишкен Уго Чавес сыяктуу июнда кайра шайланган Ахмадинежаддын бийлигине, дегеле Ирандын аятолла Али Хаменейи баштаган саясий системасынын өзүнө быйыл жайда олуттуу чакырыктар ташталды. Талаштуу шайлоодон кийин көчөгө чыккан миңдеген демонстранттар Ахмадинежаддын андагы жеңишин тааныган эмес.

Ал эми АКШга каршы саясатында Венесуэла президенти учурда жүргөн Түркмөнстандан бир аз гана колдоо күтүүсү мүмкүн. Орусия менен мамилеси олку-солку боло түшкөн Ашхабад Вашингтондон түшкөн сунушту четке какчудай эмес.

Балким Уго Чавес антиамерикалык саясатына карата дурусураак колдоону Түркмөнстандан кийин баруучу Беларустан жана Орусиядан ала алат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG