Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Обама орустардын жетегине кирген жок


Президент Барак Обама орустардын жетегине кирип кетти деп айыпташкан оппоненттерге CBS телеканалындагы маегинде жооп кайтарды.
Президент Барак Обама орустардын жетегине кирип кетти деп айыпташкан оппоненттерге CBS телеканалындагы маегинде жооп кайтарды.

Президент Обама ракетадан коргонуу системасына байланышкан өз планын коргоп, бу маселеде АКШ позициясын Россия аныктабасын кесе белгиледи.

Оппоненттер аны орустардын жетегине кирип кетти деп айыпташкан эле.

АКШдагы консервативдүү чөйрөнүн өкүлдөрү Чехияда жана Польшада ракетадан коргонуу каражаттарын орнотуудан баш тартып, президент Обама чоң каталык кетиргенин, бу маселеде орустардын эбине көнүп кеткенин айтып,жабыла сындап киришкен эле. Обама оппоненттерге жекшемби күнү CBS телеканалындагы интервьюсунда жооп кайтарды. Анын маегин бир эле мезгилде беш телеканал түз ободон тике алып көрсөтүштү.

Обама баарыдан мурда ракетадан коргонуу системасы биротоло жабылып калбаганын эскертти. Болгону аны кыйла ийкемдүү, ишенимдүү жана экономикалык жактан үнөмдүү кылуунун планы кабыл алынды.

"Россия менен бу маселеде кеңешип-кептешип туруу менин милдетим эмес,-деп айтты Обама. - Коргоо маселесинде биздин позициябызды Россия аныктабайт. Биз өз элибизди, өз армиябызды жана союздаштарыбызды коргоонун мыкты жолуна байланышкан чечим кабыл алдык. Эгер мунун кыйыр натыйжасы катары Россиянын жиниккени азайып,Ирандын баллистикалык ракеталары өңдүү балакеттерге каршы турууда биз менен алда канча майнаптуу кызматташканга ыкыласы жараласа, мунун өзү пайда эмеспи".

РКСтын Европада пландалган базалары Россиянын жүнүн тетири айлантып,такай куйкасын куруштуруп келгенин эске салып, Обама бу программа орустарга эч кандай кооп туудурбайт деп ырастаган Жорж Буштун кебин кубаттады жана жаңы план да аларга каршы багыттылбай турганын кошумчалады.

Обама мындан тышкары президенттик кызматка киришкен күнү эле эски планга кол койгон адамдарды, алардын ичинде коргоо катчысы Роберт Гейтсти чакырып,алардын ой-пикирлерин сураштырганын,баары бирдей бу долбоорду мурдагыдан өркүндөтсө болорун айтышканын билдирди.

Муну Обамадан бир күн мурда Пентагондун башчысы Роберт Гейтс да тастыктаган эле. "Эски пландан баш тартууну президентке мен өзүм сунуш кылдым, - деп ырастады ал The New York Times гезитиндеги макалада. - Бу жерде орустардын эч кандай ролу же таасири жок".

Мурунку планды да Жорж Бушка 2006-жылдын этегинде Гейтс сунуш кылган эле. Ал долбоор 2017-жылга барып деле жүзөгө ашмак эместигин моюнга алып,Гейтс анын үстүнө Ирандын баллистикалык ракета жасоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө такталган жаңы маалыматтар пайда болгонун, ошого жараша планга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыкканын белгиледи.

"Бу кызматка киришкен күндөн тартып эле ракетадан коргонуу маселесинде айрымдар дээрлик динчилдердей көз карашта турганын, бу планга кылайган эле шек келтиргенди же андан айныганды өз дининен баш тарткан иштей карашарын байкадым",-деп жазат Гейтс.

XS
SM
MD
LG