Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Клинтон: Ракетадан коргонуу системасы Орусияга каршы эмес


Хиллари Клинтон менен Радослав Сикорски кол коюлган документтерди алмашууда.
Хиллари Клинтон менен Радослав Сикорски кол коюлган документтерди алмашууда.

Чыгыш Европа жана Кавказ боюнча сапарын улантып, АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон ишембиде Польшада болду. Ал жерде ракетадан коргонуу боюнча эки өлкө ортосунда жаңыланган келишимге кол коюлду. АКШ Мамлекеттик катчысынын ырастоосунда, бул система Орусияга каршы эмес, коргонуу гана максатын көздөйт.

Ракетадан коргонуу боюнча АКШ менен Польша ортосунда кайра каралган келишимге кол коюу жөрөлгөсү Краков шаарында өттү.

Ал жерге Клинтон Украина, Польша, Азербайжан, Армения, Грузия боюнча төрт күндүк сапарынын экинчи күнүндө келди.

Жаңыланган келишим ракетадан коргонуу системасына президент Барак Обама киргизген өзгөртүүлөрдү эске алат.

Обама ракетадан коргонуу боюнча мурдагы президент Жорж Буштун тушунда түзүлгөн планга алымча–кошумча киргизерин былтыр сентябрда жарыялаган эле. Ага ылайык, Иран сыяктуу өлкөлөрдүн ыктымал чабуулунан коргонуу үчүн Польшада узак аралыкка эмес, орто аралыкка учуучу ракеталарды кармай турган система орнотулат. Ага катар АКШнын чакан аскерий базасы болот.

Мурдагы АКШ администрациясынын Польшада ракета кармоочу жабдууларды, ал эми Чехияда - радарды жайгаштыруу боюнча планы Орусиянын катуу каршылыгын жараткан.

Хиллари Клинтон ишембиде (3-июлда) поляк кесиптеши Радослав Сикорски менен чогуу өткөргөн басма сөз жыйында АКШ Польшанын коопсуздугун жана эгемендигин коргоого мурдагыдай эле абдан берилген бойдон калып жатканын айтты:

- Бүгүн баллистикалык ракеталардан коргонуу боюнча келишимге кол коюп жатып, биз бул милдеттенмебизди бекемдеп жатабыз. Түзөтүү бизге Польшанын катышуусу менен алдыга жылууга, Европада ракетадан коргонуу элементтерин жайгаштырууга акырындап ылайыкташууга мүмкүндүк түзөт. Иран туудура турган сыяктуу коркунучтардан Польшанын элин, бүткүл Европаны, биздин өнөктөштөрдү жана башкаларды коргоодо ал жардам кылат.

Барак Обаманын мурдагы президент Жорж Буштун доорундагы пландан баш тартуу чечимине Польша адегенде камтама түшкөнүнө карабай, поляк тышкы иштер министри Сикорскинин ишемби күнү ырастоосуна караганда, анын өлкөсү жаңы ыкмага артыкчылык берет:

- Президент Обама бул системанын жаңы конфигурациясы жөнүндө жарыялаганда, жаңы конфигурацияга мамилебиз мурдагыдан да жакшы экенин айтканбыз. Бирок силер бизге ишенген эмессиңер. Азыр биз алымча-кошумчага кол койдук. Мен эми бизге ишендиңер деп үмүттөнөм.

Орусия АКШнын ракетадан коргонуу системасын өзүнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч деп эсептейт.

Краковдогу басма сөз жыйын учурунда АКШ Мамлекеттик катчысы да, Польша тышкы иштер министри да расмий Москваны жоошутууга аракеттеништи. Хиллари Клинтон өз тарабынан буларды белгиледи:

- Бул таза коргонуу системасы эле. Орусияга каршы багытталган эмес жана Орусияга коркунуч туудурбайт. Бул - биздин досторду, өнөктөштөрдү жана жайгаштырылган күчтөрүбүздү коргоочу система.

АКШ Мамлекеттик катчысы менен Польша тышкы иштер министринин сүйлөшүүлөрүнөн кийинки басма сөз жыйында эки өлкө сланец газын өздөштүрүү боюнча кызматташууну мерчемдеп жатканы да жарыяланды.

Сланец - жаратылыш газынын бир түрү. Курамы көбүнчө метандан турат. Жакында Польшада газдын ушул түрүнүн ири кору табылгандыгы белгилүү болгон.

Краковдогу сапары учурунда АКШ Мамлекеттик катчысы “Демократиялардын шериктештиги” деп аталган уюмдун он жылдык мааракесине да катышат. Ал уюм өз алдына дүйнөдө демократияны чыңдоо максатын койгон өлкөлөрдүн башын бириктирет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG