Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Абийир жана жоопкерчилик: Илмияновдун наамы, Абировдун дымагы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Оппенгеймердин трагедиясы

Кристофер Ноландын “атом бомбасынын атасы” аталган Роберт Оппенгеймер жөнүндө кино тасмасы көрүүчүлөргө тартууланды. Мыкты фильм, болгон окуяларга негизделген көркөм баян.

Бомбаны жаратаарын жаратып алып, гений физик өзүн күнөөлүү сезип жүрүп өттү бу дүйнөдөн. Президент Гарри Трумэн менен жолукканында “колум канга боёлгонсуп сезем өзүмдү” дейт окумуштуу. “Сенин колуңан мурда менин колум канга батты. Жоопкерчилик менде” деп жооп кайтарат президент. Албетте, согуш, демек согуштун мыйзамына ылайык аракеттенди эки адам тең.

Бири бомбаны ойлоп тапкан топтун башында турду, бири ошол бомбаны жапон шаарларына таштоого буйрук берди. Экөө тең моралдык жоопкерчилигин сезет. Трумэндин экзистенциалдык толгонуусун билбейбиз, Оппенгеймер өмүр бою кыйналат.

Пенделик кылып, бомба жараткан гений десе зоболосу көтөрүлөт, кыйраткыч курал жаратканын ойлогондо акылымдын куну, билимимдин майнабы ушу беле деп жаны кейип, баарынан кечкиси келет. Оппенгеймердин өмүрү анын бомбасы кыйраткан шаарлардагы бир ымыркайдын кунунан артык эмес, чындыгында. Миндеген болочок генийлер бир заматта күлгө айланды, адамзат өзү жараткан куралдын кулу болуп калды. Ушул нерсе кыйнады окумуштууну. Актангыдай шарттар жетиштүү болсо да, Оппенгеймер моралдык күнөөсү эсепсиз экенин сезип жүрүп өттү. Өзөктүк куралды чектөөнү демилгеледи, жарыша куралданууга каршы кыймыл уюштурду.

Экинчи дүйнөлүк согуштан биздин күнгө, Америкадан биздин турмушка, гений окумуштуудан айлакерлик коэффициенти боюнча алдына киши салбаган биздин кыйындарга келели.

Наркка, абийирге, жоопкерчиликке карата мамиле

Оппенгеймердин трагедиясы моралдык жоопкерчилик менен бийик милдеттин ортосундагы карама-каршылыкты чагылдырат. Биз сөз кыла турган окуялар анчалык масштабдуу эмес, бирок биздин турмушка таасири зор. Бомбадай жарылбаса да кесепети тие турган нерселер. Бомба жарылганы дароо билинет. А биз сөз кыла турган окуялардын таасири узак, көмүскө, терең болот.

Оппенгеймердин бомбасы эки шаарды талкалады. Биздеги окуялар коомдук аң-сезимге, нарк-насилге кесепети тийди, ишеничке доо кетирди. Коррупциялык ишке айыпталып соттолгон Икрамжан Илмияновго Лейлек районунун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгарышты. Куп болуптур. Жакшы жигит, адам катары өз ара сыйыбыз бар, анын жеке мага жамандыгын көргөн жокмун. Ал таасирдүү фигура экенинде саясатта көз карашыбыз келишпеген учурлар болду. Бирок колунан келсе да кол салбады, тымызын да кармашкан жокпуз.

Президенттик администрациянын кызматкери болсом да, эркин көз карашым, каяша сөздөрүм, каршы пикирлерим үчүн мени жектеген жок, куугунтуктабады, менин да пендечилик кемчиликтерим кантип болбосун, артыман жаман сөз айтканын эшитпедим. Болбосо интрига шакардай кайнаган аппарат ичинде угулат эле. Маселе Илмияновдо эмес. Ага ардак наам ыйгарышты, жергиликтүү бийликтин сыйлыгынан ошол өрөөндүн кулуну кантип баш тартмак эле, барды, алды. Кеп жергиликтүү төбөлдөрдө. Илмиянов өзү деле аны каалабаса керек. Сыйлык ыйгаруу - жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн андай эмес мындай деген ишараты. Бери болгондо коомдук пикирди тоготпогондук, моралдык жоопкерчиликти сезбегендик. Кур дегенде укуктук реабилитиация болгон соң сыйласа да "аа, туура, юридикалык жактан актоодон соң эми моралдык реабилитация этабы башталды" деп, оюн эрежесине саал коошмок. Эгер ушул актынын демилгечилери жана акторлору билип кылса, анда күчтү демонстрациялоо, коомго чакырык. Билбей кылса – дараметтин төмөндүгү. Акыры келип моралдык жоопкерчиликти сезбегендик.

Экинчи окуя – азыркы "флэшмоб" кыргыз коомунун эске тутуусу канчалык кыска болбосун унута элек окуяга байланыштуу. Жаныбек Абиров деген жаш депутат кафедеги мушташтын айынан "кой, уят болуп калдым окшойт" деп мандатын тапшырган. "Аа, түзүк жигит экен, катасын мойнуна алды, баралына келгенде бакыйган саясатчы болот" деп мен да ыраазы болуп, ичим жылыган. Ал жигит мени билбейт, мен аны билбейм. Ал Жогорку Кеңешке шайланганда аны сүрөгөн айрым санаалаштарымдан бир-эки ирет уккам. Менин ысымымды ушул макаламды кокус окуса эми угат чыгар. Болду. Бул эми жеке мамилеге байланыштуу жагдай, демек мага объективдүү ой толгогонго шарт жетиштүү. Ошол жигит мурда шайланган, жанагыдай бейбаштыктан улам мандатын тапшырып, эми кайра шайлоо дайындалган округдан кайра шайланам деп чыкты.

Кеткен чыгым деле анча маанилүү эмес. Катталабы же жокпу, ал да башка иш. Юридикалык жагын юристтер билет чыгар. Илмияновду сыйлоо чечимин кабыл алгандар да, мушташтын айынан мандатынан ажырап, биртикеден соң кайра депутаттыкка талапкер болом деген Абиров да коомдук-саясий чоң маселени козгоп туру. Биздин коомдогу абалды, наркка, уят-сыйытка, абийирге, жоопкерчиликке карата мамилени билдирип турат. Жергиликтүү бийлик жана кайрадан талапкер жигит милдет менен шарт дегидей оор дилеммага тушуккан жок.

Илмияновду сыйлоо жана мурдагы депутаттын экинчи ирет талапкерлигин көрсөтөм дегени коомдук муктаждык, социалдык-экономикалык зарылчылык эмес, чечим кабыл алган жактар үчүн милдет да эмес. Иммануил Кант айткандай, таразанын бир жагында милдет, коомдук зарылчылык турган жок. Ыймандык баалуулукту курмандыкка чалгыдай тагдыр чечүүчү учур эмес, коомдук моралды садага чапкыдай кыйчалыш тарыхый кырдаал эмес. Бирок ушул окуялар кийинки коомдук процесстерге сөзсүз таасирин тийгизет. Соңку эки окуя жалгыз эмес. Кечээ коррупциянын символу аталгандар бүгүн кадыр-баркы артык инсан, мартабалуу камкор, эл камындагы жоомарт ишмерлерге айланганы маалым.

Жаным – арымдын садагасы

Саясат адамдардын бирге жашоосун уюштурат, алардын жашоосун жана ишин жөнгө салат, коомдук турмушту жайгаштырат, көзөмөлдөйт. Мораль дегениңиз да ушул эле милдеттерди аткарат, бирок адеп-ахлак баалуулуктары саясаттын өзүн жөнгө салат, көзөмөлдөйт, баалайт. Саясат моралдык нерселерди көзөмөлдөшү күмөн. Бирок уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат. Саясат менен моралдын катышы - эзелки проблема. Бул жагдай экөө элдешкис душман, анык антагонист дегендикти билдирбейт. Бири бирине каршы эки эреже бирдей зарыл болсо, кимиси жеңет? Маселе ушунда: жеңиш саясий кызыкчылык тарапта болсо, коомдун ыймандык, маданий саламаттыгы начарлайт. Бир адамдын саясий кызыкчылыгы курман болсо, анын жеке иши. Бир адамдын саясий жеңиши үчүн адеп, абийир садага чабылса - бул бүтүндөй коомдун жеңилиши.

Моралдык жоопкерчилик өңгөлөргө түшүнүктүү, бизге чоочун көрүнүш бейм. Кызматкерлердин, саясатчылардын, мамлекеттик, коомдук жана саясий институттардын юридикалык, административдик, финансылык, материалдык жоопкерчилиги биздин мыйзамдарда кенен көрсөтүлгөн, жыйырмадан ашык түрү бар. Бирок коомго таасири зор кубулуш болгон саясий жана моралдык жоопкерчилик ишмердиктин парадигмасы, жүрүм-турумдун эрежеси жана нравалык категория катары коомдук аӊ-сезимде орун таппай келет.

Моралдык жоопкерчиликтин саясий чөйрөдөгү, коомдук турмуштагы орду улага жакта, төмөн сүрүлүүдө. Эреже сактабай жеңишке жетүү өнөкөтү төрдө. Кайсы бир аткаминер, саясий партиянын мүчөсү же коомдук уюмдун өкүлү бийлик алмашканда гана кайсы бир иши үчүн укуктук жоопко тартылып, жазасын алышы же кандайдыр бир жол менен айыбынан кутулушу ыктымал. Бирок моралдык жоопкерчилигин эч бири сезбейт, сураган киши жок. Саясатчынын саясий жоопкерчилиги тууралуу кеп кылуу бери болгондо баёолук, ары болгондо аңкоолук. Эч ким эч нерсе болбогон сымал. Ошентип жаман прецедент түзүлөт.

Укуктук нигилизм аз келгенсип, саясий, моралдык, нравалык нигилизм түптөлөт. Коом да бара-бара көз жумат, көнөт, боло берет синдрому күчкө кирет. Иш жүзүндө айып пул чогултмай системага көбүрөөк окшош “коопсуз шаар” аталган ыкма жаңы киргизилгенде “жараткандан коркпогон, бирөөнүн убал-сообун тоотпогон эмки кыргыз штрафтан чочуйт тура. Акча менен жазалабаса, абийир менен коркута албайт экенсиң” деген эле элеттик бир аксакал. Анысы кандай, материалдык жазадан чочулоо гана жүрүм-турумду аныктаган негизги факторго айланат.

Макул дейли, кабыл алган чечим, жасаган кадам мыйзамга формалдуу түрдө каршы болбой, бирок өлкөгө зыяны, элге же коомго залакасы тийсечи, анда канттик? Мыйзамда жок, бирок коомдук турмушту жөнгө салган нарк эрежелери бардык коомдо бар. Биздин тарых андай эрежелерге бай. Ыймандык принциптер, моралдык категориялар укуктук ченемдер менен жанаша иштеп, же анын өзөгүн түзүп, же аны негиздеп, толуктап, мазмунун байытып келген. Кылган иши үчүн, жасаган жосуну үчүн жазага келгенде жандын куну мал менен ченелип, намыстын баасы жан менен ченелип, доо, жаза ошого жараша өлчөнгөн.

Кыргыз элинде уят, абийир менен ар-намыс жандан артык, куну кымбат. Кыргыздардын "Малым — жанымдын садагасы, жаным – арымдын садагасы”, “Уят өлүмдөн катуу” ж.б. философемасын келбес жайга кетирдикпи? Көөнө кыргыздарда укуктук ченем менен нарк, нравалык баалуулук менен мыйзам бирдей иштейт, бири бирин толуктай турганын далилдегенге аракет кылган элек. Эми минтип андай баалуулуктардан кур жалак калдыкпы, чындап аттадыкпы башын салттуу нарктын? Эгер ыймандык баалуулуктарды садага чабууга кечирим учурлар боло берсе, алдуу-күчтүү, тассирдүү топтор ошондой прецеденти улам түзө берсе, нарк-насилдин башын аттаганыбыз ошо. Анткени коом боло берет тура деп көнө түшөт.

Коомдук пикирди тоотпо өнөкөтү калыптанат, ыймандык илдет өөрчүйт. Экинчиден, коомдук пикирдин аброю кетти. Анткени жасалма пикир түзүү акчалуу кыйын саясатчылар үчүн оңой эле нерсе окшобойбу. Өзүнүн билими жетпесе да билимдүү адистерди жалдап, Юпитердин ар жак бетиндеги инвестициялык климат тууралуу кадимкидей кеп кылып, сайкүлүк интеллектуал көрүнөт элге. Каражат болсо, ыплас технологиялар дароо ишке кирет, адистешкен аткаруучулар оголе арбын. Тролл, бот аталган виртуал фабрика бат эле жоруну бүркүт, шумкарды карга кылат, жаалданган топ бийликке кысым кылат. Шайлоо шайлоочулардын добушу менен чечилсе да, баланча байбача бизге кайрымдуу, ошону депутат кылып бергиле деп бийликтен талап кылган митингдер кадыресе көрүнүшкө айланат.

Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлгөнү артык

Коомдук пикирден да кыргыз үчүн өз абийири алдында жоопкерчилик кымбат эле. Сөздүн кадыры артык, куну кымбат болгондуктан, кыргыздарда буга байланыштуу бүтүндөй философия, укуктук ситстема, коомдук тажрыйбанын системасы калыптанган. Анын мазмуну, негизги идеялары көркөм поэтикалык чыгармаларда, кыска, бирок түшүнүктүү сентенцияларда чагылдырылган.

Мисалы, “Ооздон чыкканча сөз сенин кулуң, ооздон чыккан соң сен сөздүн кулусуң” деген философема кооздук же куру чечендик үчүн айтылган жамак кеп эмес, нравалык принцип, жүрүм-турум эрежеси, моралдык милдеттенме, сөзгө, өзүнө жана өзгөлөргө мамиленин формуласы, турмуштук эреже, бийик нарк.

Мисалы, бел куда. Бала төрөлө элек, балким бойго да бүтө элек. Бирок эки кыргыз белде оозеки макулдашты: “кийин мен эркек балалуу болсом, сен кыздуу болсоң (же тескерисинче), экөөнү баш коштуралы”. Болду. Күбө жок. Ошентип эки кыргыз эки жакка кетти. Нечен жыл өттү, далай суу акты, тоо бузулуп жар болду, коо бузулуп сай болду. Бирок ошол макулдашуу реалдуу мамилеге, турмуштук эң маанилүү учурду ишке ашырган, мыйзамдуу актыга айланып отурбайбы. Юридикалык негизи – оозеки макулдашуу, бирок жол-жоболоштурулган эмес. Касам ичип, антташкан да эмес. “Төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун”; “Ата-арбак урсун” сыяктуу жогорку күчкө, жаратканга, ыйык нерселерге кайрылуу, бетке кармоо, таянуу, каргануу, жана башка нерселер макулдашууну же убаданы бекемдөө үчүн өзгөчө учурларда гана колдонулган.

Адамдар ортосунда же айлана-чөйрөгө мамиледе өткөн чактагы, учурдагы же болочоктогу аракеттин чындыгын, аныктыгын тастыктоонун каргануу, антташуу, күбөлөндүрүү сыяктуу формалары, азыркы юридикалык тил менен айтканда, акыркы инстанциялар катары кызмат кылган. Ага жетпестен, адатта оозеки макулдашуу гана иштеген. "Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлгөнү артык" принциби иштеген. Бел куда (сватанье детей до их зачатия и рождения) - сейрек салт, уникалдуу көрүнүш. Кыргыз менен казак элинде гана кездешкен көрүнүш.

Мен бойго жеткен жаштардын эркинен тыш кудалашууну даңазалап, глобалдашуунун шылтоосу менен өзөгү алсырап бараткан кыргыз журтуна бел куда салтын кайтарып берейин деген максатты утурлаган жокмун. Маселе башкада. Бел куда салты сөздүн бийик баркын, бекем таасирин тастыктап турат. "Адегенде сөз болгон" деген Библиядагы концепт башка, ал жараткандын жаратман же кыйраткан сөзү. Ал эми келечекте болоору белгисиз кыялды мыйзамдуу милдеттенме, шартнаама, келишим катары эсептеп, бир ооз сөздүн эркине эки тарап тең макул болуп, ынап, далай убакыттан соң аткарып отурат. Албетте, пенделик кылып, моюн толгоп, ниети бузулуп, баш тартууга аракет кылгандар да болгон. Бирок нарк бузган, сөзүн аткарбаган безерлик катары эртеби-кечпи жазасын алган. Нарксыз, тексиз, наадан, бейтарбия атка конот жана ошого жараша жооп алат. Башкаларга мамиледе сакталган же бузулган эреже сөзсүз өзүнө карата мамилени билдирет, оң же терс кайтарымы болот.

Тээ бир кездеги айтылган сөз тургай, жазылган текстти танып, “аккаунтумду бузуп кетишиптир”, “мага окшош, бирок мен эмес”, “фейк” деп сөзүн танып, убадасынан тайып тургандардын зоболосу арткан чакта уят, абийир, ар-намыс менен көрпенде кызыкчылыктар ортосунда күнүгө кармаш жүрүүдө. Биз билген жана билбеген кармаш. Ошентип, коомдук пикир жана өз абийири алдында жоопкерчилик бүгүн шайы ооп турган кези. Нарксыздык эң башкы баалуулукка айланса, анда мыйзамы да шоона эшпей калат.

Билгендерге баарыбыз үчүн оңой эмес собол таштады аталган жана ага мазмундаш окуялар. Адатыбызча мыйзамда так жазылбаптыр, система жаман, глобалдык кризис же жайкы аптап күнөөлү, тышкы же үчүнчү күчтөрдүн кылганы деп көнгөн шылтоону айтып кутулса да болот. Кылган иши же эси жоктук жосуну менен өлкөгө, коомго кесепети тийсе, бирок ал кесепети мыйзамда көрсөтүлбөсө, бейжооп, жазасыз калса канттик? Эл-журт, абийир, ыйман алдында жоопкерчилик болбосо, баарын мыйзам менен жөндөш кыйын. “Эл эмне дейт, катыгүн”; “Эл караган жүзүм жер карабасын”, “Башын көтөрө албай калды”, “Кирерге жер таппай калдым”... Кыргыздарда мына ушу сыяктуу ыймандык императивдер бар. Аны кээде кыргыздарды шылдыңдоо үчүн кур намыс катары карашат. А чындыгы намыс, уят – бул турмуштук мотивация, жүрүм-турумду аныктоочу адеп-ахлактык доминант.

Америкалык антрополог окумуштуу Рут Бенедикт муну башкача атайт. Ал биз “кур намыс” деп келекелеген көрүнүштү Азия элдеринин, айрыкча жапон улутунун мисалында “уят маданияты” деп атап, уят сезими тышкы коомчулуктун баасынан көз каранды менталдык реакция катары эсептейт. Журт алдында милдет жапондордо кыргыздар сыяктуу эле жандан кымбат баалуулук. Жапонияда ишканамды уят кылдым, өзүмдүн абийириме шек келди деп мурда харакири кылса, азыр кызматынан дароо кетет, элден кечирим сурайт, өмүр бою күнөөсүн жууганга аракет кылат. Америкада же Европада коомдук айыптоого тушугат, кызматынан кетет, журт алдында кечирим сурайт. Ылайым жаңылышып калсам экен, бирок бизде андай окуя 30 жыл ичинде негедир көзгө чалдыкпайт. Балким укпай калгандырмын, анда ак чөп башта.

Соңку 33 жыл ичинде отуздан ашык өкмөт алмашкан экен, өкмөт башчыларынын ичинен “мени бийликке алып келгендердин айтканын чыга албай, президенттин жакындарынын айтканын конституциялык укугумдан жана милдетимден өйдө тутуп, бөөдө элимди кыйнаптырмын, журтумду убайга салыптырмын, калкыма келген ырыскыны тээптирмин, тууруна конгон кушун качырыптырмын” деп кечирим сураганы болдубу? “Моралдык жоопкерчилигимди сезем. Аз айып, көп күнөө менде. Кечир, журтум” деген бир министр эсибиздеби? “Акчанын күчүнө салып, билбей шайланып алыптырмын, үмүтүӊөрдү актай албадым, убадама тура албадым, өөдүк-сөөдүк сүйлөп, өөн иш кылып, айтор ишеничиңерди актабадым” деген депутат болдубу? “Биз шайлаган, дайындаган министр эле, колунан келбеди, кечиргиле, эл-журт” деген партия барбы? “Мен күчкө салып шайлаткан өкмөт, мен дайындаган министр үмүт актабады, мен айыптуумун, кечир, калайык” деген мамлекет башчысы болдубу бизде? Жок.

Жоопкерчилик - укуктук эле жаза эмес

Ошентип, саясий жана ыйман жоопкерчилигине тике тиешеси бар суроолор жоопсуз. Жоопкерчилик дегенде укуктук эле жазаны түшүнбөшүбүз керек. Бул ири алдыда нравалык императив, моралдык баалуулук. Мисалы, калктын саламаттыгына жооптуу кызмат адамын жарандардын ден соолугу үчүн укуктук жоопко тартуу формалдуу мыйзам алкагында оор. Юристтер айткандай, перспективасы жок машакат. Кызмат адамы өзүнүн жоопкерчилигин сезмейин, ага озуйпа артуу мүмкүн эмес. Ошондуктан өзүнө жүктөлгөн кызматты, мойнуна тагылган миссияны аткаруу милдети – саясий жоопкерчиликтин предмети жана моралдык жоопкерчиликтин маӊызы. Саясий жоопкерчиликти принципке айлантуубуз керек, а принципти реалдуу ишке ашыруунун механизмдери, жол-жоболорун, критерийлерин, үлгүлөрүн иштеп чыгышыбыз зарыл. Ансыз жоопкерчилик түшүнүгү менен кызыл кулактык кылып, мына, эл алдында жооптуумун, эл талап кылып жатат деп, кыйкырыгы таш жарган уюшма бир ууч топту эл атап, өзү көксөгөн мүдөөсүн элге жамынып ишке ашырган учурлар да кездешет. Мындай көз боёмоочулук - адатка айланган, кеӊири тарган көрүнүштөрдүн бири.

Ошондуктан моралдык жана саясий жоопкерчиликти тереӊ изилдеп, мыйзамдаштырып, коом үчүн түшүнүктүү, саясатчылар үчүн милдеттүү эрежеге айлантышыбыз керек. Кош жоопкерчиликти укуктук жактан бекемдешибиз керек. Бул татаал, бирок зарыл иш. Саясий бийликке ээ адамдардын чечимдеринин жана аракеттеринин коомго жана өлкөгө терс таасири, зыяны, залакасы саясий жоопкерчилик катары каралыш керек. Моралдык жана саясий жоопкерчиликтин субъекттери – албетте, кызмат адамдары, саясий жана коомдук уюмдар же жеке адамдар.

Президентти, парламентти эл шайлаган, демек эл жооптуу деген куйтулукка жол бербөө зарыл. Алданган шайлоочулар - жабыр тарткан тарап. Алдагандар – кылмышкерлер. Шайлоодо берген убадаларын аткарбай коюу же жалган убадаларды берүү көп өлкөдө оор кылмыш деп эсептелип, “алдамчылык”, “көз боёмочулук”, “шылуундук” (мошенничество) беренелери боюнча жазаланууга тийиш.

Саясий жоопкерчилик нравалык баалуулукка, ишмердиктин императивине, моралдык жоопкерчилик коомдук эрежеге айланмайынча өлкөбүздүн көйгөйдөн башы арылышы, алга озушу кыйын.

XS
SM
MD
LG