Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:38

Абхазияда жаңы президенттик шайлоо өтөт


Жикчил Абхазиянын Жогорку соту.
Жикчил Абхазиянын Жогорку соту.

Жикчил Абхазияда былтыркы президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, жаңы шайлоо марттын аягына дайындалды.

Абхазияда Жогорку сот былтыр сентябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайрадан шайлоо өткөрүү тууралуу чечимин жарыялады. Жергиликтүү маалымат каражаттары Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кийинки шайлоону 22-мартка дайындаганын кабарлап жатышат.

Ишембиде Жогорку соттун чечимин БШКга оппозициялык «Амцахара» партиясынын лидери Алхас Квиниция өзү жеткирип барган. Ал сентябрдагы шайлоодон кийин Хажимбанын жеңишин тааныбай турганын айтып, Жогорку сотко кайрылган болчу.

Сот чечими аймакта жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылгандардын жүрүштөрү жайылып, оппозициянын тарапташтары Сухуми шаарындагы президенттик администрацияны басып алган кезде кабыл алынды. Абхазиянын парламенти да «өлкөдөгү туруксуздуктун алдын алыш үчүн» президенттин кызматтан кетишин суранган.

Ал эми Рауль Хажимба кызматтан кетүүдөн баш тартып келатат. Ал нааразылык жүрүштөрүн «мамлекеттик төңкөрүш аракети» катары баалайт. Хажимба Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Рашид Нургалиев баштаган делегация менен жолугушуп, кийин Абхазиядагы акыркы окуяларга байланыштуу «массалык башаламандык» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.

«Сотто талаптары аткарылбашын билип туруп, оппозиция радикалдуу чараларга өттү. Жалпы улуттук биримдикти жана туруктуулукту сакташ үчүн президент бардык маселелерди бир үстөлдө талкуулаш керек экенин белгилейт», деген билдирүү таркаткан президенттин басма сөз кызматы Жогорку соттун чечими жарыяланаар алдында.

Кийин президенттин администрациясы Жогорку сотко Хажимбанын өкүлдөрү катышпаганын белгилеп, соттун «мыйзамсыз» чечимине каршы апелляция берерин билдирди.

Анткен менен учурда эки тарап тең «Абхазиянын президенти тууралуу» мыйзамга ылайык жаңы шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы жарыяланмайынча Рауль Хажимба милдеттерин аткарышы керек экенин белгилеп жатышат.

11-январда премьер-министр Валерий Бганба оппозициянын лидери, депутат Аслан Бжания менен жолугушуп, өкмөттүн ишин камсыз кылууну макулдашканы маалым болду.

- Мен министрлер кабинетинин аппаратынын ишин камсыз кылууну каалагам. Министрликтер менен өкмөттүк мекемелер толук иштеп жатышат. Аппарат кагаздарды кабыл алыш үчүн керек. Бул сүйлөшүүнүн башкы максаты болчу, - дейт премьер-министр Валерий Бганба.

Ал эми саясат таануучу Паата Закареишвили Грузиянын бийлиги 1993-жылы өз эгемендигин жарыялап алган жикчил аймактагы кырдаалды жөнгө салып же чечиш үчүн эч кандай чара көрбөгөнүн билдирди:

- Грузиянын Абхазия тууралуу эч кандай концепциясы жок. Бийлик ал жактагы саясий кырдаал кандай өзгөрүп жатканы тууралуу кабардар эмес, жергиликтүү саясатчылар менен байланышпайт. Азыр Грузиянын өзүндө саясий абал курчуп турат, жакында шайлоо өтөт. Ошон үчүн Грузия Абхазияга байланыштуу жаңы саясий кадамдарга барат деп айтуу кыйын. Абхазияда болсо абал жөнгө салынып, бийлик алмашып, жаңы багыттарды аныктап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

Орусия 2008-жылы Түштүк Осетия менен Абхазияны эгемен мамлекет катары таанып, Абхазияга аскердик базасын жайгаштырган. БУУнун курамынагы мамлекеттердин дээрлик баары Абхазияны Грузиянын бир аймагы катары тааныйт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG