Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Жикчил Абхазия президентин тандап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жикчил Абхазия Республикасында 25-августта президенттик шайлоо өттү.

Анда азыркы президент Рауль Хажима менен оппозиция лидери Алхас Квициния экинчи айлампага чыкты. Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили шайлоону айыптады.

2008-жылы Москва менен Тбилисинин беш күндүк куралдуу кагылышынан кийин Абхазия менен Түштүк Осетия өздөрүн «Грузиядан эгемен өлкө» деп жарыялашкан. Орусия бул республикаларга аскердик базасын жайгаштырган.

Жикчил Абхазиядагы президенттик шайлоого республиканын азыркы башчысы Рауль Хажима баштаган тогуз талапкер катышты. Анда Хажима менен оппозициячыл «Амцахара» партиясынын лидери Алхас Квициния теңтайлашып көп добуш алды.

Парламенттин спикери Валерий Кварчиа 26-августта басма сөз жыйынында шайлоонун экинчи айлампасы 8-сентябрда өтөрүн маалымдады:

Валерий Кварчиа.
Валерий Кварчиа.

«Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын карап, шайлоо өттү деп ишенимдүү айта берсе болот. Биздин өлкөнүн жарандары Абхазиянын президентин тандоо боюнча өздөрүнүн конституциялык укугун толук ишке ашырышты. Биздин эгемен тарыхыбызда ушуну менен алтынчы ирет президенттик шайлоо өтүп жатат. Мунун баары биз түзгөн демократиялык институттар иштеп жана өнүгүп жатат дегенди билдирет. Шайлоонун экинчи айлампасы эки жумадан кийинки убакка - 8-сентябрга белгиленди».

Шайлоо өнөктүгүндө негизги атаандаштык оппозициянын лидери Алхас Квициния менен мурдагы тышкы иштер министри Олег Аршбанын ортосунда болгон. Шайлоого дагы бир оппозициялык лидер Аслан Бжания оорусуна байланыштуу катыша албай калган. Абхазиянын өзүндө 152, Орусияда 2 добушкана уюштурулган. Добуш берүүчүлөрдүн саны 121 миңден ашат.

БУУнун курамындагы мамлекеттердин дээрлик баары Абхазияны Грузиянын бир аймагы катары тааныйт. Грузиянын Тышкы иштер министрлиги добуш берүүнү «Абхазияны басып алууну мыйзамдаштыруунун кезектеги ийгиликсиз аракети» деп сыпаттады. Ошондой эле ал бул аймактан жүздөгөн грузин жарандары куулганын, алар добуш берүү укугунан ажыраганын эске салды.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Түштүк Осетия менен Абхазиянын өзүн эгемен өлкө деп атап алганына байланыштуу 26-августта билдирүү таратты. Анда ал өзүнүн президенттик мөөнөтү бүткүчө эки жикчил аймакты катарып келүүгө аракет кылууга убада берди:

Саломе Зурабишвили.
Саломе Зурабишвили.

«Мен Абхазия менен Түштүк Осетия Грузиянын мамлекеттик аймагына кайтып келе турган убак да болоруна ишенем. Менин эң башкы каалоом жана эң чоң максатым - муну жакын арада, менин президенттик мөөнөтүмдүн тушунда ишке ашыруу. Мен бул үчүн болгон ыкманы жана мүмкүнчүлүктү пайдаланам».

Саломе Зурабишвили мындан туура 11 жыл мурун Орусия «Грузиянын бул эки аймагын эгемен мамлекет катары таанып, эл аралык мыйзамдарды бузганын» эске салды.

Абхазиянын президентинин басма сөз катчысы Наала Авидза Саломе Зурабишвилиге жооп кайтарды:

«Грузиянын президентинин билдирүүсү таң калтырбайт деле. Абхазия Республикасында шайлоо бардык демократиялык жол-жобого ылайык өттү. Биздин өлкөдө көптөгөн эл аралык байкоочулар жүрөт. Алардын баары добуш берүү таза, ачык өткөнүн белгилеп жатышат. Абхазия эгемен өлкө катары ишенимдүү өнүгүп жатат».

Мындан 11 жыл мурун, 8-августта Грузия менен Орусиянын ортосунда куралдуу кагылышуу болгон. Беш күнгө созулган жаңжалда 412 грузин жараны, Орусиянын 67 аскер кызматкери ажал тапкан.

Жаңжалдын соңунда Москва Түштүк Осетия менен Абхазияны өз алдынча мамлекет катары тааныган. Ошондон тартып эки өлкөнүн дипломатиялык алака-катышы токтогон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG