Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Адахан Мадумаровдун иши: Тараптар жарыш сөзгө өттү


Адахан Мадумаров жана анын сотуна көрсөтмө бериш үчүн келген саясатчылар. 1-февраль, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров жана анын сотуна көрсөтмө бериш үчүн келген саясатчылар. 1-февраль, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча жараян жыйынтыктоочу бөлүккө жакындады. Мамлекеттик айыптоочулар коюлган айып боюнча саясатчыны күнөөлүү деп таап, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну өтүнүштү.

Адвокаттар жарыш сөзгө чыгып, айыпталуучу соңку сөзүн айтса сот чечим чыгарышы керек. Адистер эгерде сот Мадумаровду айыптуу деп тапса, ал депутаттык мандатынан ажыратылышы мүмкүн экенин белгилеп жатышат.

Ыктымал өкүм жана мандат

Депутат Адахан Мадумаровдун Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтүп жаткан ишине “жашыруун” деген гриф коюлуп, жабык каралып жаткандыктан прокурорлордун айыптоосунун толук мазмунун бере албайбыз.

Ишти кароо аяктай элек болгондуктан Башкы прокуратура комментарий берүүдөн да карманат. Ошол себептүү мамлекеттик айыптоочулардын 19-марттагы сөзүн жана аргументтерин журналисттер саясатчынын адвокаттары аркылуу гана билди.

Мадумаровдун адвокаттарынын бири Кубанычбек Туманов соңку отурумдан кийин журналисттерге мындай деди:

“Сотто биз да жарыш сөздү баштадык. Айыптоочу тарап да жарыш сөзгө чыкты. Алар айыпталуучуну “күнөөлүү” деп таап туруп, “эскирүү мөөнөтү менен иш кыскартылсын” деп суранышты. Бирок айыптоочу тараптын бул позициясы логикага жатпайт. Себеби, иштин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткени башынан эле белгилүү болчу. Мындай шартта Адахан Кимсанбаевичти жети айдан бери камакта кармап отуруунун эмне зарылчылыгы бар эле? Биз башынан эле “эскирүү мөөнөтү керек болсо эки ирет өтүп кетти, эмне үчүн кармап жатасыңар” деп айтып келатабыз”.

Камакта жаткан Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси – кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси – Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да шек саналып жатат.

Эгер соттор прокурорлор келтирген айыптоо корутундусунун негизинде өкүм чыгарып, Мадумаровду айыптуу деп тапса, анда анын депутаттык мандатына байланыштуу маселе жаралат.

Көз карандысыз юрист Искендер Какеев "Азаттыкка" берген интервьюсунда буларга токтолду:

Искендер Какеев
Искендер Какеев

“Кылмыш кодексинде жана Кылмыш-процессуалдык кодексинде адамды айыптоо өкүмүн чыгарып, эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошотуу деген түшүнүк бар. Мамлекеттик айыптоочулар ошол нерсени колдонуп жатышат. Эгерде сот ушундай өкүм чыгарып, ал күчүнө кирсе анда маселени “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамга кайрылыш керек болот. Анда “соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген адам депутат боло албайт” деп жазылган. Менимче мында суроо болбойт жана ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Ошол эле маалда соттуулукка байланыштуу башка да жагдай бар. Тагыраагы “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамда соттуулугу жоюлбаган адам талапкер боло албайт деп айтылат. Башкача айтканда мында эгерде адам жазадан бошотулса “соттолбогон” деп эсептелип калат. Менимче, алар биринчи кезекте “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамды эске алышы мүмкүн”.

Башкы прокуратура чек арадагы протоколго байланыштуу Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке 2022-жылы февралда кайрылган. Парламент алгач муну четке кагат.

Көзөмөл мекемесинин өкүлдөрү экинчи ирет 2023-жылдын май айында ушул эле иш боюнча Мадумаровду жоопко тартуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке келген. Мында ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти күч менен басып алуу”, “Бийликтен аша чабуу” беренеси да кошулганы маалымдалган.

Депутаттык комиссия кайрадан изилдөө жүргүзүп, анын чечими менен парламент 22-июнда Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берет.

2023-жылдын 2-сентябрында депутат Мадумаров кармалып, камакка алынат. Саясатчыга “мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганы белгилүү болот. Анын артынан партиянын бир нече мүчөлөрү кармалган. Мадумаровдун өзүнүн иши былтыр октябрда сотко өтүп, процесс ошондон бери уланып келатат. Депутат дале тергөө абагында.

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин сөзүн келтирели:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Булар ошого алып баргысы келип жатат. Бирок эгерде фактынын мөөнөтү өтүп кеткен болсо алар ишти тергөө маалында эле кыскартышы керек болчу. Тергөөчү эч кандай камакка албаш керек эле, ишти да сотко жөнөтпөш керек эле. Тергөөчү “мына далилденди, чынында ушундай бузуу болуптур, бирок мөөнөтү өтүп кеткенден улам иш кыскарат” деп айтып, ошо менен бүтмөк. Анан аны алты-жети ай камап, сотко жөнөтүп, анан ал аркылуу чечим чыгарууга аракет кылып жатышканы булар “камабайбыз, бирок мандаттан ажыратып туруп, айдап жиберебиз” деген сөз да. Бурмалап, шыбап, жаманатты кылып коюп, бошотуп жиберет. Анан соттолгон киши өзүн актайм деп, жылдап соттошуп жүрө берет. Эгер ушундай болсо бул адилеттүү эмес чечим болот. Биринчиден, кылмыш жок, экинчиден, болгон күндө деле мөөнөтү өтүп кеткен. 15 жыл болду”.

Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум аптанын ар бир экинчи жана төртүнчү күндөрү өтүп жатат. Бул аптадагы экинчи отурум майрам күндөрүнө туш келип калгандыктан кийинки отурумдар келерки аптада уланат.

Мадумаровдун адвокаттары жарыш сөзгө чыгып, айыпталуучу соңку кебин айтса, сот чечим чыгарышы керек.

Протоколдун таржымалы

2021-жылдын сентябрында президент Садыр Жапаров мамлекет башчы катары өткөргөн алгачкы маалымат жыйынында Тажикстан менен чек араны тактоодо жолтоо болгон себептерди атап жатып, Баткендеги Төрт-Көчө тилкесине токтолгон.

Ал так ушул тилке боюнча 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы катары Мадумаров кол койгон протоколду расмий Дүйшөмбү бетке кармап жатканын билдирген. Анда кыргыз тарап Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди Тажикстандан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алары жазылып калган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө. 2021-жылы тартылган сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө. 2021-жылы тартылган сүрөт.

Мадумаров муну өз интервьюларында четке кагып, “протокол жөн гана ниетти түшүндүрөрүн жана юридикалык күчкө ээ эмес экенин” айтып чыккан. Бирок ортодо чек ара боюнча документке байланыштуу Башкы прокуратурага сурак берип турган.

2022-жылдын 17-январында президент Жапаров протоколго байланыштуу Мадумаровду кайрадан айыптаган:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Адахан Мадумаровдун кол койгон протоколун мен Тажикстанга барганда билдим. Алар протоколду бетиме такап, "Төрт-Көчө көчө боюнча маселе 12 жыл мурда протокол менен бекиген, ал жерди силер 49 жылга арендага алгансыңар, 37 жылдан кийин узартып беришибиз мүмкүн же жабабыз, ал тилкеге кайрылып келбейбиз, башка жерлерди протоколдоштурганды уланталы" дешти. Негизи ар бир талаш жер эки тараптын макулдугу менен протоколго кол коюлуп чечилет. Эгер бир тарабы туура эмес болуп калды десе, анда кайрадан олтуруп, эки жактын тең макулдугу менен ал протокол жокко чыгарылып, башка протокол кабыл алынат. Азыр Мадумаровдун протоколу күчүндө турат. Мен дароо эле "Адахан Мадумаровдун кол койгонго укугу жок болчу. Бул протокол жараксыз, тааныбаймын, Төрт-Көчөнү кайра карап чыгалы" дедим. Себеби эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, демаркация маселелери өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Төрт-Көчө менен анын айлана-тегереги толук биздин жер болгон. Ал жерди берип коюу – бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык. Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер!”, – деген Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" басылмасына берген маегинде.

Депутат Мадумаров “президент өзү тергөөчү, башкы прокурор, сот болуп алды” деп сындап, өз дарегине айтылган айыптоолорду төгүндөгөн. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттаган.

Адахан Мадумаров суракка кирип-чыгып жаткан маалда “Азаттыктын” кабарчысына берген кыска интервьюсунда мындай деген болчу:

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

“Кеп ал протокол жөнүндө эмес, кеп Мадумаров жөнүндө болуп жатат. Болбосо андай протоколдор жүздөп саналат". Депутат Балбак Түлөбаев “пандора жащигин ачпагыла” деп айтып кетти. Анткени бул өтө коркунучтуу эскертүү. Ким ыңгайсыз болсо, аны протоколго такап туруп, алып кете бергенге жол ачылып жатат. Бул бир жагы. Экинчи жагы, жумушчу топтун протоколун ушундай деңгээлге чыгаруу - бул жеткен сабатсыздык. Болгондо да Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети 2011-жылы муну толук жокко чыгарып, 2012-жылы өкмөт аны толук чакыртып алган. Ошондуктан бул 100% эмес, 1000% куугунтук”, – деген ал.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы толук такталбагандан улам эки өлкө кесилишкен жерлерде мурда да чыр-чатактар орун алып турган. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында катталган. Биринчи ири жаңжалдан кийин Кыргызстан делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин чек арасын бир тараптуу жапкан. Мунун фонунда чек араны тактоо иштери ыкчамдатылган.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын билдиришкен.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров былтыр 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG