Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Талиптер Катарда cаясый кеңсесин ачат


Талип согушчандары куралдардын тапшырып, ооган армиясына кошулгандан кийинки сүрөт. Герат шаары. 29-декабрь, 2011.
Талип согушчандары куралдардын тапшырып, ооган армиясына кошулгандан кийинки сүрөт. Герат шаары. 29-декабрь, 2011.

Ооган талиптери Катарда “саясый кеңсесин” ачуу боюнча АКШ менен алдын ала макулдашылганын жана Ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштаганга даяр экенин билдирди.

“Биз азыр өлкөдөн тыш жакта саясый кеңсебизди ачканга даярбыз. Ошол эле учурда өлкө ичиндеги сүйлөшүүлөргө эл аралык коомчулук менен чогуу жигердүү катыша беребиз. Бул жөнүндө Катар жана башка тийиштүү тараптар менен макулдаштык”, - деп айтылат Ооган талиптери шейшемби күнү жасаган билдирүүдө. Бирок кеңсе качан ачылары билдирүүдө көрсөтүлбөйт. Батыш жана Ооган жетекчилиги жаңы кеңсе - Ооганстанда он жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүнү тездетүүгө огожо болот деп үмүттөнүшөт.
Талиптердин жол башчысы Молдо Омар. Фотосүрөт качан тартылганы белгисиз.
Талиптердин жол башчысы Молдо Омар. Фотосүрөт качан тартылганы белгисиз.

Катарда талиптердин кеңсесин ачуу боюнча жетишилген келишимге Ооганстандын Жогорку Тынчтык Кеңешинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Мухаммад Ысмайыл Касымяр оң баасын берди:

- Талиптердин Катарда өз кеңсесин ачуусу боюнча эч кандай каршы пикирлер жок. Анткени алардын дареги көпчүлүккө белгилүү. Бул кеңсе алар менен сүйлөшүүнү алга жылдырганга жардамдашат.

Ооганстандын Тынчтык Кеңешине өлкөнү отуз жылдан бери жаатташтырып келаткан ич ара чатакты токтотуу вазийпасы жүктөлгөн. Анын өкмөт менен талиптерди элдештирүү аракетине былтыр сентябрда Кеңештин башчысы, экс-президент Бурхануддин Рабаниге кол салуу чоң кедерги болгон. Өзүн талиптердин тынчтык элчиси деген жанкечти жардырган бомбадан Рабани о дүйнө кеткен.

Арсала Рахмани Тынчтык Кеңешинин мартабалуу өкүлү. Ал талиптердин Катарда өкүлчүлүгүн ачуусун жана АКШ менен сүйлөшүүгө тартылганын жакшы жышаан деп эсептейт. Кабылдык талдоочу Вахид Можда да ушундай пикирде:

- Бул жакшы кадам деп ойлойм. Себеби талиптер менен байланышчу, алар өз билдирүүлөрүн жасачу жана өз позицияларын билдирчү бир жайдын, даректин жок экени чоң проблема болуп жаткан. Бул тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштаганга чыйыр салат.

Вахид Можданын айтышынча, талиптердин лидери Молдо Омордун негизги саясый кеңешчиси Шер Мухаммед Станкезай жана экс-тышкы иштер министри Таяб Ага катарындагы мартабасы улук адамдары Катарга кеңсенин ачылышына баш-көз болуу үчүн барышкан.

Карзайдын өкмөтү декабрда талиптер өкүлчүлүгүн ачканы жатканы маалым болгондон кийин Катардагы элчисин масилээтке чакырып алган. Бирок өткөн аптада Хамид Карзай эгер Кошмо Штаттар талиптердин кеңсесинин Катарда болсун десе, ага макул болорун, лекин анын өкмөтү сүйлөшүүлөр үчүн Саудияны же Түркияны ыңгайлуу көрөрүн билдирди.

Талиптер 3-январда жасаган билдирүүсүндө диний өкмөттү куруу максатынан баш тартпасын кайра тастыктады. Ошондой эле Ооганстандан чет элдик аскерлердин чыгып кетишин талап кылды.

XS
SM
MD
LG