Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Усупов: Абаны тазартууга саясий эрк керек


Марат Усупов.

Бириккен Улуттар Уюмунун өндүрүштү өнүктүрүү долбоору Бишкектеги абанын сапатын жергиликтүү тийиштүү мекемелер менен бирге иликтеп, аны жакшыртуу боюнча бийлик органдарына бир нече сунуш киргизди.

Долбоордун Кыргызстандагы өкүлү Марат Усупов «Азаттык» радиосу менен бул тууралуу маектешип, алгач аткарылган иштер тууралуу айтып берди.

Марат Усупов: - 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өндүрүштү өнүктүрүү долбоору Кыргызстандагы оорулардын алдын алуу медициналык борбору жана эл аралык өз алдынча эксперттер менен кошо «Саламаттык жана абанын булганышы» деген атайын иш-чаралардын планын иштеп чыкканбыз.

Бул климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу глобалдык долбоордун алкагында иштелип чыккан план болчу. Долбоорду Европа Биримдиги, ЮСАИД колдоп, эл аралык, баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан «Pew Earth» компаниясы катышкан.

Аны Кыргызстанда ишке ашырууну биздин долбоор мойнуна алган. Бир жыл ичинде өлкөдөгү экологиялык мүшкүлдүн чордонунда Бишкектеги абанын бузулушу менен Ысык-Көлдөгү суунун булганышы экенин аныктадык.

Буга жайында автоунаалардан чыккан уулуу заттар, кышкысын тургундар таш көмүр жана ар түрдүү турмуш-тиричилик таштандысын жагып жылынганы себеп болууда.

Биздин эсеп боюнча, жайкысын абанын 80% автоунаа булгап жатканы билинди. Өкмөт албетте, көзөмөл жүргүзөт, «Кыргызгидромет» агенттиги менен өз алдынча тараптар абаны улам текшерип жатат. Бирок биз абаны көзөмөлдөө системасы көп тармактуу болсо дейбиз.

Советтер Союзунун тушунда Бишкекте абанын сапатын текшерген 11 атайын пункт бар эле. Азыр алардын үчөө-төртөө эле калды. Бул багытта иш алып барган мекемелердин баарына жардам берип, баш калаадагы абанын сапатын бейтарап текшере алгыдай шарт түзүп беришибиз керек.

Беткап кийүү зарыл

«Азаттык: - Шаардыктардын саламаттыгына азыркы булганган абанын тийгизген таасири кандай?

Марат Усупов: - Абадагы эки микроллдон майда заттар биздин дем алуучу органдарыбызды сезгентет. Анын кесепети оор дарттарга жол ачат. Андыктан көмүр, желим дөңгөлөктүн калдыктары, таштанды жагуу учурунда чыккан түтүн тарап жатса, сөзсүз абаны чыпкалоочу беткап кийүү зарыл.

«Азаттык»: - Бийлик бул багытта кандай чечкиндүү кадамдарга барышы керек?

Марат Усупов: - Сөзсүз түрдө жылытуу системасын жаратылышка зыянсыз ыкмага, башкача айтканда табигый газга өткөрүш керек. Бул жерде бийлик социалдык жактан аялуу катмардын таламын эске алышы зарыл. Каражаты жетишкен адамдар үйүндөгү жылытууну толук газга өткөргөнү дурус.

Буга кошумча күндөн энергия ала турган коллекторлорду колдонуу системасын киргизсе болот. Үйдү жылытууда эскирген мештерден арылып, атмосферага зыяндуу заттарды чыгарбаган заманбап мештерге өтүүнү колго алган оң. Элдин бардык катмары жете алгыдай турак жайлар салынып, ар бир райондун өзүнүн жылытуу системасы борборлоштурулса бул мүшкүлдөн чыгууга болот.

«Саясий эрк өтө маанилүү»

«Азаттык»: - Анда бул маселени чечүүдө да бийлик үчүн саясий эрк керек турбайбы?

Марат Усупов: - Албетте, бийлик саясий эркин көрсөтүшү абзел. Азырынча бийлик бул багытта бир топ иштерди аткарып, маселени чечүүгө белсенип келатат.

Мисалы, гибрид жана электр моторлуу машинелерди алып келүү жолдорун жеңилдетти. Автоунаа өтө көп чогулган Бишкекте машинелерди сөзсүз техникалык кароодон өткөрүп туруш керек.

Абанын булганганын сездиңизби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00

Биринчи кезекте абага чыгып жаткан көмүртектин өлчөмү ченелет. Адамдар жөө басууга ыңгайлуу жолдор салынып, шаардын борбордук бөлүгүнө машинелерди киргизүүнү чектеп, адамдарды жөө же коомдук транспорт менен жүрүүгө үндөө зарыл.

Велосипеддерге өтүүнү да колго алганыбыз жакшы. Жарандар да бул багытта жоопкерчиликти унутпаса. Себеби, абанын булганышынан дал ошол жарандар азап тартып жатпайбы.

Муну мен кайсы бир эл аралык уюмдун өкүлү катары эмес, жаран катары айтып жатам. Бишкектеги Жылуулук электр борборун да толугу менен газга өткөрүү, өлкөгө кирген электр, гибрид машинелерди салыктан бошотуу сыяктуу бир катар сунуштарыбыз бар. Албетте, мунун баары аткарылышы оор, көп каражатты талап кылган процесс. Анткен менен экологиялык маселеге кайдыгер эмес эл аралык донорлор Бишкектеги көйгөйдү чечүүдө бийликтен жардамын аябайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG