Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Аксыда ооруган малдан элге күйдүргү жукту


Аксы аймактык ооруканасы.
Аксы аймактык ооруканасы.

Аксыда эки адамга күйдүргү жукканы аныкталды. Ооруган уйдун этин жеген дагы 41 адам күйдүргүгө каршы дарыларды үйүнөн ичип жатат. Ушул эле аймакта быйыл апрель айында да төрт адамдан күйдүргү аныкталган.

Аксыда күйдүргү жуккан деген шек менен ооруканага жаткан жети кишинин экөөнөн илдет аныкталды. Калган беш бейтапты текшерүү уланууда.

Оору адамдарга 24-августта союлган уйдун этинен жуккан. Бейтапканада жаткан жети кишинин экөө аял. Ылаңдаган уй Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Жузумжан айылында союлган. Айыл өкмөт башчы Курсантбек Райышбековдун айтымында, союлган уйлар жерге көмүлдү.

"Жети баш кара мал өлүп, уйдун бирин ээлери союп алган. Этин жегендер да бар. Калган алты уйду үч метр жерди казып көмдүк. 2-сентябрдан бери аймактагы малдын баарына ийне сайыла баштады. Бүгүн догдурлар жана тийиштүү жетекчилер келди. Ооругандар жана жергиликтүүлөр менен жолугушуп, бул илдет боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүшөт".

Райышбеков кошумчалагандай, көмүлгөн уйлардын үстү бетондолот.

Илдеттин белгилери байкалгандар ооруканага 2-сентябрдан баштап келе баштаган. Аксы райондук санитардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абсаматов этти жеген дагы 41 адам күйдүргүгө каршы атайын антибиотиктерди үйдө ичип дарыланганын айтты. Алардын ону 14 жашка чейинкилер.

“Ооруканада жаткандардын абалдары жакшырып жатат. Алардын жаралары айыкса үйүнө чыгат. Ал эми эт жегендер же мал союуга катышкан 41 жаран атайын ооруга каршы дарыларды ичип бүттү. Буга чейин да ушул эле айыл өкмөттө 2021-жылдын апрель айында күйдүргү оорусу катталган болчу”, - деди Абсаматов.

Күйдүргүгө шек саналып ооруканада жаткан бейтаптардын бири атын атабоо шарты менен маек курду. Ал окуя болгон күнү мал союлган жерге барып, этин үйүнө алып келип, үй-бүлөсү менен жеген.

“Мени чакырышкан. Мал союлганда кармаган эмесмин. Бирок, этин үйгө алып барып, туздап илгем. Андан кийин келинчегим, балам болуп жегенбиз. Мен ооруканага түштүм. Ал эми аялым менен балам үйдө эле дары ичишти. Азыр ооруканада жатам. Бетимдеги шишик кайта баштады”.

Аксы аймактык ооруканасы.
Аксы аймактык ооруканасы.

Жалал-Абад облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциянын мониторинг жана баалоо секторунун башчысы Муратбек Исмаилов уйларды жергиликтүү эл мал догдурдун уруксаты жок сойгонун белгиледи.

“Күйдүргү - малдан жугуучу оору. Бул көмүлгөн жер 100 жылдап көзөмөлдө болушу керек. Биз көмүлгөн малдын этин текшерип, күйдүргү ылаңы бар экенин аныктадык. Учурда айылдагы бардык малга ийне сайып жатабыз. Жергиликтүүлөр малды мал догдурдун текшерүүсү жок сойгону үчүн бул оору билинбей калган. Арасында этинен бери жеп алгандар бар”.

Кара-Суу айыл өкмөтүндө быйыл апрель айында төрт адам күйдүргү жугузуп алган. Ал эми Жалал-Абад облусунда тогуз айда 13 адам күйдүргү илдетине чалдыккан.

Күйдүргү - кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG