Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Ортомчуларга алданган эмгек мигранттары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Арай Глобал» аттуу компанияга миңдеген доллар акчасын алдатып жибергенин айткан он чакты адам «Азаттык» радиосуна кайрылды.

Бул компаниянын ишмердиги боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 204 («Алдамчылык») беренеси менен сотко чейинки териштирүүнү ноябрь айынан бери жүргүзүп жатканын кабарлады.

Мамлекеттик миграция кызматы да атайын комиссия түздү. Фирманы иштеткен жооптуу адамдар Кыргызстандан чыгып кеткени кабарланды. Ал эми мурдагы өнөктөштөрү дооматты негизсиз деп эсептешет.

«Арай Глобал» - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын тизмесине кирген, чет өлкөлөрдөн жумуш таап берүүчү ортомчу фирмалардын бири. Миграция кызматынын расмий сайтында ал кыргызстандык жарандарга Түркиядан иш таап берчү ортомчу компания экени көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда бул компанияга «шылуундук кылып жатат» деп кине койгон жоон топ кыргызстандык жарандар «Азаттыкка» кайрылышты. Алардын айтысында аталган фирма эмгек мигранттарын Түркияга эле эмес, Польша, Финляндия, Америка, Чехия баштаган Батыш өлкөлөрүнө ишке орноштурууга убада берип, быйыл жаз айларынан бери алдынан 5 миң, артынан 800 долларга чейин акча алып, бирок убадасын аткарбай келатыптыр.

«Европага кетем деп насыя алгам»

«Алдандык» деп кайрылгандардын бири, 56 жаштагы Бурул Айдарова уулу менен Польшадагы алма терүүгө бармак экен. Эми же иштен же акчадан жок, карызга батып отуруп калганын айтты:

- Бул агенттикти балам Интернеттен карап отуруп тааптыр. Польшага барып алма терип, сезондук ишке иштеп келе калайын деген элем. «"Арай Глобал" деп баары мактап жатышат, Финляндияга барам» деди уулум. Анан кеңсесине барсам, аябай көзүмө жакшы көрүндү. «Польшага иш орундары бар» дешти, айлыктары да аябай жакшы экен. «2500 доллар» десе, муктаж болуп турган жаным аябай кызыктым. Уулумду эптеп үйлөнтүп алсамбы деп жүрдүм эле да. Ал жерде жумушка алчу кишилердин жашы 45тен ашпашы керек экен. Булар мени алдашкан да. «Бир айда кетесиңер» дешти, эки, үч ай болду, ушинтип азыр эч нерсеси жок отуруп калдык. Балама иш таап бериш үчүн алар «1800 доллардын жарымын төлөйсүңөр» деп коюп, баарын алып алышыптыр. Банктан насыя алгам, азыр аны айына төлөөгө аргасызмын. Бул компания акчамды кайтарып бербесе айла жок, «Ак үйдүн» алдына барам го.

Нарынбек Басылбеков.
Нарынбек Басылбеков.

Максаты ишке ашпай карызга батып отуруп калгандардын дагы бири - Нарынбек Басылбеков. Ал уулу менен Европага барып, иштеп келүүнү көздөп, дал ушул компанияга быйыл жаз айларында кайрылган. Алгач «Арай Глобал» ишканасынын жетекчилери уулу экөөнү курулуш иштери үчүн Польшага жиберерин билдиришкен. Кийин келишим улам өзгөрүп, ар кайсы өлкөнүн аттары аталып, акыры Алматыдагы бул компаниянын өкүлдөрүнө барып келгенден кийин жумуш визасы берилбей калган.

- Кыргызстанда жыргаган киши эле чет жакка барып иштеп келейин деп ойломок беле, - деди ал. - Мен деле балам экөөбүз эптеп Европага барып, виза ачтырып, иштеп алсакпы дегенбиз. Мунун баары эле өлкөдөгү жумушсуздуктун, жетпеген турмуштун айынан болуп жатпайбы. 4-5 жылдан бери насыя алып, эптеп турмуш тиричилик жүргүзүп жаткам. Ошолордон кутулуп алайын дегем. Анан бул компаниянын иш акысы үчүн да 120 миң сомдой акчаны төгүп берип, азыр же андан жок, жөн эле насыя төгүп жатам. Биринчи «документтерибизди Польша кабыл албай койду» дешти, дагы күттүк. Бирок улам эле келсек жооп болбой, акыры «Германияга же Израилге жиберебиз» деп чыгышты. Ошондо гана булардын шылуун экенине көзүм жетип, алданып олтуруп калдым.

«Кооз кеңсе азгырган»

«Арай Глобал» жоопкерчилиги чектелген коому 2019-жылдын 25-февралында 000263 номер менен Түркия Республикасына гана жумушчуларды жиберүү боюнча Мамлекеттик миграция кызматынан уруксат алган. Анын лицензиясы бир жылдык болуп, 2020-жылдын 25-февралында аяктамак. Бирок аталган компаниянын Интернеттеги азыр да өчпөй турган жарнамаларына кирсеңиз билим деңгээлине, иш тажрыйбасына, жашына карабай, бардык жарандарга Европа Биримдигинен, Америкадан «бардык багыттагы жумуш таап, визалык колдоо көрсөтүп чет элге жиберебиз» деп турат. Расмий келишим, медициналык камсыздандыруудан бери жазышкан.

Караколдун тургуну 22 жаштагы Каримжан да кайрылгандардын бири.

Каримжан.
Каримжан.

- Алардын кеңсеси Бишкектин чок ортосунда, аябай кооз экен, - деди ал. - «Анан баарын келишим түзүп ишке ашырабыз» дешти. Келишимдин негизинде мени Польшага алма тергени жиберишмек. Мен бул компанияга иш акысы үчүн 1800 доллар төлөмөкмүн. Анын жарым акчасын дароо төлөдүм, себеби августта эле «Польшага кетесиңер» деп шаштыра башташты. Бирок августта эч ким бизди чакырган жок. Анан сентябрь болду, биз ачуулана баштаганыбызда «октябрда Алматыдагы элчиликтен виза аласыңар» деп булардын Алматыдагы кеңсесине алып барышты. Ал жактан виза ала албай калып, Бишкекке кайтканда «акчабызды кайрып алалы» десек, азыр булардын кызматкерлеринин баары качып кеткен. Телефондору өчүк, кеңсесин милиция бекитип коюптур.

Лицензиясын кайра кайтаруу каралууда

Ондогон адамдар Европага кетпей калгандан кийин укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул компаниянын жетекчиси Талгат Болотов баштаган бир нече жаран издөөдө экенин билдирди. Ал арада Мамлекеттик миграция кызматы «Арай Глобал» компаниясынын лицензиясын кайтарып алуу боюнча атайын комиссия түздү. Аталган кызматтын Маалыматтык кеңеш берүүчү борборунун жетектөөчү адиси Эсенбек Эргешовдун айтымында, комиссия «Арай Глобалдын» мыйзамсыз аракеттерин териштирет жана ички иштер органдары менен бул багытта кызматташат.

- «Арай Глобал» компаниясы бизден уруксатты «Түркияга жумушчу жиберебиз» деп алган, - деп түшүндүрдү ал. - Бирок Түркиянын өзүнөн жана Европа мамлекеттеринен элди иш менен камсыз кылуу боюнча бир да уруксат кагазын алган эмес. Мыйзамсыз иштер менен алектенгени такталды. Биздин кызмат чет жактан жумуш издеген жарандарга жардам берген агенттиктерди тышкы эмгек миграциясы тууралуу мыйзамдын 11-беренесине ылайык каттайт. Мен өзүм Бишкектеги Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө барып келдим. Бул фирмага каршы арызданган 50дөн ашык кишинин арызын көрүп, түшүндүрмө жаздык. Биз да атайын комиссия түзүп, бул ишти карайбыз. Бизден «Түркияга киши жиберебиз» деп уруксат алып алышып, «Германияга, Польшага, Финляндияга жиберебиз» деп уруксатсыз иш алып барышкан. Ушундан улам жарандарга айтарым - «чет жактан жумуш таап беребиз» деген ортомчу компаниялардын уруксат кагазын карап, андагы өлкөлөрдү, келишимди жакшылап окуп чыгыш керек. Кандайдыр бир маселе жаралса, Мамлекеттик миграция кызматына дароо кайрылышсын.

Компаниянын жарнамасы.
Компаниянын жарнамасы.

Кызматкерлери дайынсыз

Агенттикте иштеген кызматкерлерди табуу мүмкүн болгон жок. Аларды азыркы тапта ички иштер органдары да издеп жатканын айтышты. Чайкоочулук кылды деп айтылып жаткан фирманын сайтында белгиленген Токтогул көчөсү 125-үйдөгү 1-кеңсесин азыр милиция камакка койгон.

«Азаттыкка» кайрылган жарандар бул компанияда иштеген Акбата аттуу жаран азыр «Наз Групп» атындагы Туркияга жумушчу жиберүүчү дагы бир фирманы ачып, кайра эле ишмердүүлүгүн улантып жатканын айтышты. Алардын бул маалыматын такташ үчүн аты аталган Акбатаны да таап, азыр милиция издеп жаткан «Арай Глобал» компаниясынын өкүлдөрү, өз ишмердүүлүгү тууралуу сурадык.

- Туура, мен «Арай Глобалда» иштегеним чын, бир жарым жумадай эле болгонмун, - деди ал. - Анан эле жанагы ызы-чуусу башталды. Алар жарандарды Европага ишке орноштура албаганда эл арызданып, кеңсеси жабылып калды. Азыркы «Наз Групп» менин өзүм ачкан фирмам. Түркиядан Кыргызстандыктарга жумуш таап берем, визалык колдоо да көрсөтөбүз. Азыр «Арай Глобалдын» жетекчиси Талгат Болотов Польшада жүрөт деп угуп жатам. Калган балдар ызы-чуу башталганда эле качып жоголушкан. Менин эч кандай жоопкерчилигим жок.

«Казакстанда да өнөктөшү бар»

Бул компанияга алданганын айткандардын бири Марлен Сабырбеков аттуу жаран шылуундар жалгыз эмес экенин, алардын Алматыда да өнөктөштөрү бар экенин айтты. Ал бизге Казакстандагы «ТОО IBDC UAIS» аттуу фирмасы тууралуу маалымат берди. Себеби, Европадан жумуш күтүп жаткан маалда кыргызстандык жарандарды «Арай Глобал» Алматыдагы Европа өлкөлөрүнүн консулдуктарына алып барган.

Марлен Сабырбеков.
Марлен Сабырбеков.

- Казакстанда дагы бир аял бар экен, - деди Марлен Сабырбеков. - Бизди «ошого ишеним кат жазып бергиле» дешти. «Бардык визалык иштерибизди Мира Уайс бүтүрөт» деп айтышты. Анан биз ага расмий ишеним кат жазып берип, бизди ишке чакырган европалык фирманын расмий чакыруусу Астанадан чыгып келди. Виза алыш үчүн Алматыга үчөөбүз барып, Литванын консулдугуна кайрылдык. Бирок Мира Уайс документтеримди туура эмес жасап коюп, виза бербей коюшту.

Марлен Сабырбеков атаган Мира Уайс - Казакстандагы «ТОО IBDC UAIS» фирманын директору. Мира Уайс «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, кыргызстандыктарга иш издеген ортомчу фирмаларды эле бир жактуу айыптай берүү туура эмес деген пикирин айтты. Ал бир нече жылдан бери кыргызстандык жарандардын Европадан иш табышына ортомчу болуп келгенин, бул иштен акча табарын четке каккан жок. «Арай Глобал» да кыргызстандык чогуу иш алып барган фирмалардын бирөө экенин тастыктап, бирок акыркы айларда кызматташтыкты токтотконун, ал эми Европадан виза ала албай калган кыргызстандык жарандардын койгон кинесин негизсиз деп баалап, аларды сотко берүүгө да даяр экенин кошумчалады:

Бул адамдар чет жакка чыгып иштегенге даяр эмес экен, эч кандай кесиптик билими жок.


- Мен бул айтылган дооматтардын баарына каршымын. Мен аларды жөн эле сотко берип, соттон жеңип чыгарыма ишенем. Анткени бул адамдардын Европага кетиши үчүн бардык иштер эки жолудан жасалды. Алар консул менен жолугушууда сабаттуу жоопторду бере албай, визадан куру жалак калышты. Бул жолугушуунун видео, аудио жазуулары бар. Колумда далилдер толтура. Бул адамдар чет жакка чыгып иштегенге даяр эмес экен, эч кандай кесиптик билими жок. Мен Кыргызстан менен өтө тыгыз иш алып барып, абдан көп адамдарды Европага чыгарып жатам. Ал тургай бүтүндөй үй-бүлөлөргө иш таап берем. Бишкекте биз менен иш алып барган сабаттуу фирмалар бар. Силерге арызданган адамдар күнөөнү биринчи кезекте өзүнөн издесин, өз сабатын арттырсын.

«Сыртка чыгууга даярданган эмгек мигранттары ортомчулардан кесиптик деңгээлин арттыруучу курстарды окуганбы? Ошол эле эң жөнөкөй деген чет өлкөнүн консулу менен баарлашууда өзүн алып жүрүү тартибин ортомчулар үйрөткөнбү?» деген суроолорду арызданган Марлен Сабырбековго бердик. Анын айтымында, Алматыга консулдукка барган эмгек мигранттарынын тобу Мира Уйастан консулга киргенде эмнелерди сүйлөп, кандай иш-аракет кылуу керек экендиги тууралуу суроо менен кайрылып, кеңеш ала алышкан эмес. Ошондой эле кесиптик деңгээлин арттыруучу бир да тренинг уюштурулбаганын айтты. ​

Компаниянын Интернеттеги жарнамасы.
Компаниянын Интернеттеги жарнамасы.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ноябрь айындагы кайрылуулардын негизинде компанияга карата Жазык кодексинин 204 («Алдамчылык») беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү ишин баштады. Аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Сайкал Садыбакасова ​Финансы полициясынына да маалымдама берилип, азыркы тапта «Арай Глобалдын» жетекчилерин суракка чакыруу жүрүп жатканын айтты:

- 2019-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаардык Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө "«Арай Глобал» компаниясына 800 АКШ доллары өлчөмүндө акчамды алдаттым" деген адам арыз менен кайрылып, бирдиктүү реестрге каттоого алынган. Кийин мындай мазмундагы арызданган жарандар 50 киши болду. Жазык кодексинин 204 («Алдамчылык») беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат. Кошумча маалымат да берип турабыз.

Мамлекеттик миграция кызматынын 2018-жылдагы маалыматы боюнча АКШда 15 миң, Италияда 5,5 миң, Кореяда 5 миң, Германияда 5 миң, Улуу Британияда 2 миң, Түркияда 30 миңдей кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Расмий тараптар миграцияга чыгууну көздөгөн ар бир жаран ортомчу фирмалар тууралуу толук маалыматты алышы зарыл экенин тынбай эскертип келишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG