Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:32

"Демократия аралындагы" пикир үчүн сурак


Төлөн уулу Бектемир, Наталья Дубинина жана Өндүрүш Токтонасыров.
Төлөн уулу Бектемир, Наталья Дубинина жана Өндүрүш Токтонасыров.

Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу коомдук маселелер боюнча өз оюн ачык билдирип жүргөн Төлөн уулу Бектемир эки күн катары менен суракка чакырылды.

Кечээ Кемин шаардык кеңешинин депутаты Наталья Дубинина УКМКга сурак берип чыкты. Бул арада жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун кылмыш иши прокуратурага өттү.

Коомдогу түрдүү маселелер боюнча өз оюн ачык жазып жүргөн Фейсбуктун активдүү колдонуучусу Төлөн уулу Бектемир бүгүн, 22-августта саат 17:00дө милицияга суракка чакырылганын билдирди. Ал кечээ дагы, 21-августта кечки саат 19:00 чамасында үйүнөн эки милиция кызматкери алып чыгып, суракка алып барганын айтты:

“Мага чакыруу кагазы келген эмес. Үйүмө келген эки кызматкер жүрүңүз деп эле Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишти. Суракта адвокат менен болдум. "Эч нерсени ачык жарыялабайбыз" деген кагазга кол коюп бердим, ашыкча эч нерсе айта албайм. Бирок социалдык тармактарда эркин оюн билдиргендерге кысым көрсөтүп жатышат деп ойлойм. Фейсбукка мыйзамга туура келбеген нерселерди жазыпсыз деп, принтерге басып чыгарылган кагаздарды көрсөтүштү. Анын көпчүлүгү мен жазган эмес, бирөөлөрдүн жазганын бөлүшкөн посттор экен. Мен жазгандар да бар экен. Кыргыз тилинин өнүгүшү боюнча жазгандарымды да чыгарып алышкан экен, көрсөтүштү. Аларды эмнеге тиркеп алышканын түшүндүрүп бере алышкан жок. Үч саат сурап, бара бериңиз, эртең келиңиз дешти. Макул дедим”, - деди Төлөн уулу Бектемир.

Төлөн уулу Бектемир ден соолугуна кооптонуп жатканын кошумчалап, 2-топтогу майып экенин, кант диабетине байланыштуу беш маал инсулин алып турарын, жүрөгүнөн ачык операция болгонун, догдурга улам көрүнүп турушу зарыл экенин белгиледи.

Ал эми анын адвокаты Агзам Дүйшөналиев бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин ("Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") 1-бөлүмү менен иш козголуп, Бектемир азырынча күбө катары өтүп жатканын билдирди.

"Фейсбук баракчасына пост жазганы үчүн суралып жатат, бирок азырынча ким боюнча жазылганын айта албайбыз. Бул берене боюнча эң оор жаза - 200 миң сомго чейин айып. Ошол себептен камакка алууга мыйзам жол бербейт. Азыр иш тергелип бүтсө, ал сотко өтүп, анан чечим чыгыш керек", - деди жактоочу.

Борбор калаанын ички иштер башкармалыгы Бектемир Төлөн уулу Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине ("Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкектеги милиция бөлүмүнө жеткирилгенин тастыктады.

“Ыкчам тергөө амалдарынын негизинде Төлөн уулу Бектемир аттуу жаранды Бишкек шаарынын ИИББ ЭММККК Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-8 тергөө кызматына жеткиришкен. Кошумча маалымат кийинчерээк жарыяланат”, - деп маалымдаган мекеменин басма сөз кызматы азырынча кошумча маалымат бере элек.

Бул арада Фейсбукта Бектемир Төлөн уулу динге байланыштуу жазгандарынан улам суракка алынганы талкууланып жатат.

54 жаштагы Бектемир Төлөн уулу акыркы 10 жылдан бери соцтармактарды колдонуп жүргөнүн айтууда.

"Кыргыздын улуттук баалуулуктарын (салт-насилин, маданиятын, улуттук көрөңгөлөрүн) сактоого, барктоого чакырган постторду байма-бай Фейсбукка жазып турам" дейт ал. Мындан тышкары Ютубда "Бектемир Багышкулов" деген каналы бар. Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында жашаган үч уулдун атасы комуз чертип, ыр жазып, "Тирүүлүк" деген китеп чыгарган. 2019-жылы жүрөгүнө ачык операция жасаткандан бери эч жерде иштебейт. Ага чейин мектепте орус тили жана адабияты боюнча мугалим болуп иштеген. Фейсбукта ал комузчу, аккордеончу, акын жана түрдүү коомдук маселелер боюнча өз оюн ачык билдирген колдонуучу катары таанымал.


"Кастыкты козутуу" боюнча дагы бир кылмыш иши

Ушул эле 330-берененин негизинде иш козголгон жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун иши бүгүн 22-августта прокуратурага өттү.

Активист Өндүрүш Токтонасыров алгач күбө катары өтүп жаткан кылмыш ишин тергөө аяктап, эми ал айыпкер катары катталганын “Азаттыкка” адвокат Агзам Дүйшөналиев билдирди. Жактоочунун айтымында, иш жакынкы беш күндө прокурорлор тарабынан каралып, кылмыш иши козголуп, Өндүрүш Токтонасыровдун жоопко тартылганынын мыйзамдуулугу текшерилет. Андан кийин ишти сотко өткөрүү же кыскартуу боюнча чечим чыгат.

Активист Өндүрүш Токтонасыров бул "токулган" иш экенин, эч күнөөсү жоктугун, анын оозун жабуу аракеттери ишке ашпай турганын билдирди:

"Кечээ милициянын капитаны Алмаз Эркинбеков деген тергөөчү мени 90дон ашык барактан турган иш менен тааныштырды. Баягы эле 330-берене менен токулган иште башаламандык, каталар толтура. Менин Фейсбуктагы постторум боюнча лингвистиклык экспертиза дайындалыптыр, анын жыйынтыктары күлкүлүү. Бул жөн эле ойдон чыгарылган кейс. Мен ага макул эмесмин, күнөөм жок. Азыр соцтармактарда оюн ачык билдерген замандаштарыма кылмыш иштери ачылып жатат. Мен ошолордун биримин. Буга чейинки бийлик тушунда да мен көп жолу кармалгам, бирок ал иштер милициянын деңгээлинде эле жабылып калчу. Райондук соттордо каралган иштер да болгон, бирок алар кыскарып же эскертүү берилип, жабылчу. Бул жолу катуу кетип атышат. Булар көздөгөн максат бир эле - активдүү жарандын жаагын жабуу. Милиция кызматкерлери айтып жатышат, "пенсия курагына келиптирсиң, тынч эле чайыңды ичип, неберелериңди жыттап отура бербейсиңби" деп. Менин позицияма жаш курак таасир бербейт. Мен тескерисинче ого бетер кайгырып, капаланып турам. Эмне үчүн демократиялык аралча деген Кыргызстан авторитардык режимге кептелип калды?! Мен тескерисинче күчөйм. Биз бул режим менен күрөшүүбүз керек".

Кыргызстанда сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн эркин билдирип, ар кандай акцияларды тынч жол менен өткөрүп жүрүп таанылган 65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыровду 30-июндун түнү белгисиз бирөөлөр машинеге күчтөп салып кеткенин жакындары көрүп калып, укук коргоочуларга, милицияга кабар берген.

Активисттин дайыны үч сааттан кийин ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынан чыккан, аны түнкү 11ге чейин суракка алышкан. Токтонасыровдун социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси (330-берене) боюнча иш козголгону кабарланган.

Ишти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тергеген.


Атайын кызмат суракка алган депутат

21-августта эртең мененки саат 10дон баштап Кемин шаардык кеңешинин депутаты Наталья Дубинина УКМКнын Чүй облустук бөлүмүнө суракка чакырыла баштаган. Ал чакыруу кагазын талап кылып, аны колуна алгандан кийин гана, ошол эле күнү кечки саат 19дар чамасында адвокаты менен суракка кирген. Түнкү саат 11лерге чейин суралган эл өкүлү депутаттык карьерасында алгачкы жолу суракка алынганын, акыркы кездерде сөз эркиндигине карата чабуул болуп жатканын айтты:

"Мен эмне себептен суралганымды айта албайм, атайын кагазга кол койдуруп алышты. Мен эл менен тыгыз иштешип, дайыма алардын көйгөйлөрүн алып чыгам. Мага өтө көп, ар түрдүү кайрылуулар түшөт. Кезеги келсе бийликти да сындап калам. Бирок мени суракка бийликти сындаганым үчүн чакырды деп так айта албайм. Ар бир адам оюн эркин айтууга укуктуу. Бирок азыр ар бирибиздин оозубузду жабуу аракеттери күч. Жергиликтүү депутаттар эл менен жыйын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап баратат. Анда эмнеге депутаттар шайланып, иштеп жатышат? Биздин иш эл менен жолугуп, элдин көйгөйүн чечүү да. 12 жылдык депутаттык карьерамда мындай болгон эмес. Биз дайыма эл менен ээн-эркин жолугуп турчубуз".

Айрым маалымат булактары Наталья Дубинина депутаттык ишмердүүлүгүнүн алкагында элдин арыз-муңун угуп, алар менен жолугушуу өткөргөнү үчүн суралганын жазып чыгышты.

32 жаштагы Наталья Дубинина үч жолу катары менен Кемин шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Алгачкы эки чакырылышта "Республика" партиясы менен шайланып келсе, акыркы жолу "Адилет" партиясынын катарында шайланган. Кемин жана Токмок шаарларында гүл сатууга байланыштуу жеке бизнеси бар.

"Бул иштер биз автократияга баратканыбыздан кабар берет"

Журналист Аскер Сакыбаева жогорудагы сурактарды, кылмыш иштерин өлкө автократия тарапка баратканынын көрсөткүчү деп атады:

"Мисалы, Бектемир Төлөн уулу деген адамды мен бир жолу кезиктиргем. Ал киши аккордеон ойногон чыгармачыл, коомдук позициясы бар адам экенин билем. Кыргыздын каада-салты боюнча жазып жүрчү. Өз оюн маданияттту жеткирчү. Мисалы, бул киши арабдардын кийим-кечеси тууралуу, кыргыздар сырткы келбети боюнча арабдарды туурап кийинип, аларды туурап сүйлөп жатканын жазып, биздин ата-бабалар салттуу динди тутунуп келгенин жазып калчу. Ал бийликке оппозиция болчу эмес. Бул адамга кылмыш иши козголуп жатканына таң калам. Ал жөн гана өз оюн айтып жатпайбы. Азыр биз президенттик башкарууда жашап жатабыз. Анча-мынча түшүнүгү бар адамдар автократиянын кесепеттерин көрүп жатат. Эң биринчи кесепеттери - эркиндиктин жоголуп баратканы. Өз көз карашы, пикири бар адамдарды кылмыш иштери, тергөө, сурак, түрмө менен коркутуп атат. Болуптур, 10 кишини ушинтип коркутсун. 100 же 200 кишини коркутуп, түрмөгө камай алабы, эл ошого чыдайбы? Бийлик ушунун кесепеттерин өзү тартып калышы мүмкүн".

Юрист Акмат Алагушев Кылмыш-жаза кодексинин "Кастыкты козутуу", “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү”, "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу)" беренелери бийликке активст, блогер, саясатчыларды айыптоого курал болуп жатканын айыптады.

"Үч жыл мурда 330-берене жеңилдетилген. Андагы эң төмөн айып - 100 миң сомго чейинки айып пул. Мына ушуну менен бийлик колдонуп, жакпагандарды айыпка жыгып, алардын оозун жабуу аракеттерин көрүүдө. Чындыгында, айрым блогерлер соцтармактардан кетип атышат. Эң жакшысы, укук коргоочулар, адвокаттар, журналисттер ар бир кейсти талдап, анализдеп чыкса жакшы болмок: ал жерде чындап эле кастыкты козутуу же бийликти басып алууга аракеттер болгонбу же жөн эле ой-пикирин ачык жазып, бийликти сындаганбы? Бул иштер боюнча соттук тажрыйба кандай болуп жатканына көз салуу керек. Бул иштер боюнча кылмыш иши козголгондо, тергөөчүлөр айыпталуучулардан "эч кимге маалымат бербөө" боюнча кагазга кол койдуруп алып жатышат. Бирок Конституциялык соттун чечими боюнча, ар бир эле ишке бул кагаз иштей бербейт. Ага атайын чечмелөө керек, тергөөчү атайын токтом менен гана ушундай кагазга кол койдура алат. Биздин жарандар укуктарын билбегени үчүн булар баарынан эле "үн катпа" деп кол койдуруп алып жатышат".

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндигине эч кандай басым же кысым жок экенин билдирип келет.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын журналисти Чынар Капарова ар бир адам айтканына жана жазганына жоопкерчилик алганды билиши керек деген пикирде.

Чынара Капарова.
Чынара Капарова.

"Азыр бийликтин ишин жазып койгондорду "пахтакор" деп шылдыңдашат. Бирок бийлик жакшы иштерди да жасап жатат да, мисалы, жол салынып, техника алынып жатат. Биз мамлекеттин маалымат саясатын жургүзүп, президент, өкмөттүн ишин баяндап берсек, бизди да "пахтакор" дешет. Бирок бул кошоматчылыкка жатпайт, биз элге мамлекетте жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берип жатабыз, эл ал маалыматты алып турушу керек. Кээде бийликти жүйөлүү сындагандарды деле желмогуз кылып коюп атышат. Бирок обужок сындагандар да жок эмес. Обужок сындоо - мамлекеттин туруктуулугуна, бүтүндүүлүгүнө шек келтирет. Мисалы, үй-бүлөдө деле кызыңа болушсаң уулуң таарынат, уулуңа болушсаң кызың таарынат. Мамлекетти башкарууда да ушундай эле көрүнүш: аны мактагандар да, сындагандар да болот".

Эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар акыркы жылдарда Кыргызстанда адам укуктарынын, сөз эркиндигинин абалы начарлап, өз пикирин ачык айткан оппозиция өкүлдөрүнө, активисттерге бир катар кылмыш иштери козголуп жатканын билдирип, тынчсыздануусун жарыялашкан. Алар бул жааттагы ар түрдүү көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн абалы барган сайын солгундап баратканын белгилешүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG