Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:48

Айсулуу - Сеул шаардык кеңешине шайланган биринчи чет өлкөлүк


Айсулуу Ашыралиева.
Айсулуу Ашыралиева.

Кыргызстандык Айсулуу Ашыралиева Сеул шаардык кеңешине депутат болуп шайланды. 2003-жылдан бери Түштүк Кореяда жашап, ал өлкөнүн жарандыгын алган журтташыбыз шаардык парламентке Демократиялык партиянын тизмеси менен барган. Ал Бишкек гуманитардык университетин аяктап, Түштүк Кореяга билим алууну улантуу максатында кеткен.

Айсулуу айым эмне себептен депутаттыкка аттанганын, бул үчүн кандай жолду басып өткөнүн «Азаттык» менен болгон маегинде айтып берди.

- Айсулуу айым, Сеул шаардык кеңешине депутат болушуңуз менен куттуктайбыз. Депутаттыкка аттанууга эмне түрткү болду. Чечим кабыл алардан мурун шайлоочулардын колдоосуна ээ болом деп ишендиңиз беле?

- Рахмат. Албетте, ишенген жокмун. Мен бул партияда көп жылдардан бери ыктыярдуу иштерди аткарып келем. Быйыл 9-мартта Түштүк Кореяда президенттик шайлоо өттү. Биз ага былтыртадан бери даярданып, мен дагы өнөктүк иштерине өз салымымды кошком. Өлкөдөгү чет өлкөлүк жарандар, ар түрдүү улуттардан куралган үй-бүлөлөрдүн арасында иштерди жүргүзүү жоопкерчилиги мага тапшырылган. Ошол учурда көзгө көрүндүм окшойт. Анын үстүнө мен ар бир жолугушууга күн суук болсо да кыргыздын улуттук кийимин кийип барчумун. Ошондон кийин мага "ушунча салымыңды коштуң, эми жергиликтүү кеңешке болчу шайлоодо өз күчүңдү сынап көрбөйсүңбү?" деп сунушташты. Дароо макул болгон жокмун. Көпкө ойлондум. Акыры чындап эле өзүмдү сынап көрүүнү чечтим.

- Шайлоочуларга эмне убада бердиңиз? Корей шайлоочунун ишенимине кирип, добуш алуу канчалык жеңил же оор экен?

-Абдан эле оор болду. Бул оңой эмес процесс экен. Башында макул болуп алып, кийин аябай кыйналдым. Документ тапшырардан мурда алгач 10 миңден ашуун чет элдиктердин, ар улуттардан куралган үй-бүлө мүчөлөрүнүн колун топтодум. Анткени алардын квотасы аркылуу бардым да. Ошентип чет элдик диаспоралардын, ар кайсы мамлекеттердин өкүлдөрүнө жолугуп, жыйындарды өткөрдүм. Аларга маселелерин, көйгөйлөрүн чечишкенге жардам берүүнү убада кылдым.

Айсулуу Ашыралиева Сеул шаардык кеңешинин депуттатык мандатын алып жатат.
Айсулуу Ашыралиева Сеул шаардык кеңешинин депуттатык мандатын алып жатат.

- Сиз Демократиялык партиянын тизмеси менен шайланыпсыз. Бул партияга мүчөсүзбү же шайлоо алдында эле кошулдуңуз беле? Биз билгендей, Туштүк Кореянын шайлоо системасы Кыргызстандыкындай аралаш система эмеспи.

- Мен Демократиялык партияга 7-8 жылдан бери мүчөмүн. Партиялык тизме менен шайландым. Бул жакта шайлоо бир аз башкача өтөт. Ошондуктан түшүндүрүү бир аз кыйын болуп жатат. Бизди шаардык кеңештин мурдагы депутаттары шайлашты. Тактап айтканда, процесс үч этаптан турат. Алгач документтерди тапшырдык. Абдан көп документти талап кылышат экен. Бул жактагы үй-бүлөм тургай, Кыргызстандагы ата-энем тууралуу да маалымат сурашты. Экинчи турда интервью болду. Үчүнчүсүндө добуш берүү болду. Адегенде депутаттардын алдына чыгып өзүңдүн ким экениңди, эмне үчүн шаардык кеңешке баратканыңды айтып беришиң керек. Мен анда да улуттук көйнөгүмдү кийип барып өзүм жөнүндө айтып бердим.

Түштүк Кореяга 2003-жылы келгем. Билим алып, иштеп, үй-бүлө курдум. 20 жылда жолдошум экөөбүз бир уул, бир кыздуу болдук. Бул жакта ар улуттан куралган үй-бүлөлөр жардамга гана муктаж деген стереотип бар. Мен биздикиндей үй-бүлөлөр жардам алган гана деңгээлде эмес экенин, биз дагы башкаларга жардам бере аларыбызды айттым. Ошондой эле ар улуттан турган жана корей үй-бүлөлөр деп бөлүнбөй, ошолордун ортосунда көпүрө болуп, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошуу керек деген ниеттеримди бөлүштүм. Мени уккандан кийин депутаттар добуш берүүгө кетишти. Жарым саатта жыйынтыгы чыгып, өтүп кеттим.

Айсулуу Ашыралиева
Айсулуу Ашыралиева

- Сеул шаардык кеңешинин депутаттарынын иштөө тартиби кандай? Сиздин кандай укуктарыңыз бар?

-Мен жаңы эле ант берип, мандатымды алып келдим. Азырынча иштөө тартиби, кандай, эмне экенин деле так билбейм. Жумушубуз расмий 1-июлда башталат. Ага чейин баары менен таанышып, үлгүрөм деген ойдомун. Болгону комитеттерге бөлүнөрүн билем. Биздикиндей эле билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактар боюнча комитеттер бар. Каалооңо жараша ошолордун бирине мүчө болуу үчүн кагаз толтурат экенсиң. Бирок кийин баары депутаттардын санына жараша чечилет го дейм. Азырынча кайсы комитетте болорум белгисиз.

- Түштүк Кореяда башка өлкөдө туулуп, кийин жарандыгын алгандардын мамлекеттик бийликке аралашуу мүмкүнчүлүгү кандай? Кореянын саясий системасы аялдарга, айрыкча кийин келип жарандык алгандарга канчалык мүмкүнчүлүк берет?

- Менин билишимче 2012-жылдары Түштүк Кореянын парламентине теги филиппиндик айым мүчө болгон. Андан кийин башка мамлекеттерден келип, кийин жарандык алган депутаттар болгон жок. Ал эми Сеул шаардык кеңешине шайланган теги чет өлкөлүк тарыхта биринчи мен болдум. Бул жактын интернет булактары мен тууралуу ошентип жазып жатышат.

- Кыргызстандыктар баарынан көп Орусиянын, Түркиянын жарандыгын алганы белгилүү. Ал мамлекеттерде да биздин мекендештердин сиздей депутат болуп шайлануу мүмкүнчүлүгү канчалык деген ойдосуз?

- Ал жакта канчалык экенин мен айта албайм. Бирок Түштүк Кореяда демократия абдан өнүккөн, ар бир адамдын укугу анын улутуна, тегине карабай корголгон мамлекет. Бул жакта ким өз күчүнө ишенсе жана талапкерлигин коюуга бардык жактан мыйзам жол берсе аттанса болот. Эч кандай чектөө жок жана шайлоочулар дагы анын тегине же улутуна карашпайт. Быйыл өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерге аттанган чет өлкөлүктөр көп болду. Биздин Чүй облусундай болгон шаарга жакын Кенгидо деген провинция бар. Ал жактан кытай улутундагы бир аял өттү. Ошондо өлкө боюнча башка улуттун өкүлү катары экөөбүз депуттатыкка өттүк.

- Кореяда беш миңдей кыргызстандык бар экени расмий маалымдалган. Сиз эми шаардык кеңеште туруп, журтташтарыңыздын, деги эле эмгек мигранттарынын маселесин чечүүгө кантип көмөктөшөсүз?

-Мен эми депутат болгуча эле Түштүк Кореядагы алгач кыргызстандыктарга, кийин борбор азиялык мигранттарга колумдан келишинче жардам берип келгем. 2013-жылы Борбор Азия маданий ассоциациясын негиздеп, ушул күнгө чейин жетектеп келдим. Ар кандай кайрымдуулук иштери менен алектендим. Мисалы, былтыр Баткендеги чек ара чатагында, Кыргызстанда коронавирус курчуп турган маалда мекенге көп эле жардам жөнөттүк.

- Сиз Түштүк Кореяга билим алуу үчүн барып, анан илимий иштер менен калган экенсиз. Чыңгыз Айматовдун чыгармачылыгы боюнча илимий эмгек жактаганыңызды уктук. Ушул тууралуу кеңири айтып бересизби?

- 2016-жылы магистратурага тапшырып, үч жарым жыл окудум. Дипломдук ишимди Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повести боюнча жазгам. Түштүк Кореяда бул чыгарманы терең изилдеген окумуштуулар болгон эмес экен. 2000-жылдары Пусан шаарында бир профессор үстүртөн изилдеп чыккан экен. Корей тилинде изилдеген мен болдум. Ошентип жактап, 2020-жылы дипломумду алдым.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG