Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Сенаттагы республикачылардын көпчүлүгү Трампка импичмент жарыялоого каршы чыкты


Капитолий. Вашингтон шаары.
Капитолий. Вашингтон шаары.

26-январда АКШ Сенатында мурдагы президент Дональд Трампка каршы импичменттик сот жүрүмү маселесинде күн тартибине ылайык добуш берүү жүргүзүлдү. Сенаторлордун көпчүлүгү (65и) сот жүрүмүн баштоону жактап добуш берди, ал эми 45 сенатор каршы чыкты. Бул каршы добуш берген сенаторлордун бардыгы тең республикачылар болду.

Шейшембидеги добуштук көрсөткүч сакталчу болсо, анда мурдагы президент Трампты 6-январда Капитолийге барып тополоң кылган тарапташтарын «козголоңго шыкактады» деген доо боюнча импичмент аркылуу жазалоо аракети майнапсыз аяктачудай (бери дегенде 67 сенатор аны айыптуу деп добуш берүүгө тийиш).

Республикачы сенатор Рэнд Пол «мурдагы президентке импичмент жарыялоонун өзү Баш мыйзамга каршы келет» деп каяша айтып чыкты эле, анын сунушу өтпөй калды.

Демек, 8-февралда башталчу аптада Трампка каршы импичменттик сот баары бир өткөрүлө тургандыгы бышык. Бул – АКШ тарыхында өз мөөнөтү бүткөн мурдагы мамлекет башчысына импичмент жарыялоо боюнча алгачкы сот жүрүмү болуп калмакчы.

Бирок республикачы 45 сенатордун импичментке каршы маанайы сакталып кала берсе, анда демократтардын бул аракети да былтыр майнапсыз аяктаган Трампка каршы импичмент сотундагыдай эле натыйжага кириптер болот.

6-январдагы тополоңдон кийин Трампты кескин сынга алып чыккан бир катар республикачы сенаторлор кийинки күндөрү мурдагы президентти коргоого өтүштү.

Республикачы сенатор Жон Корнин АКШ системасындагы президентти жазалоонун эң жакшы усулу – аны шайлоодо утулуу ызасына кабылтуу деген пикирин билдирип, «мурдагы президентти жазалоо – келечекте демократтардын өз башына да тийе тургандай жосунсуз өрнөк болуп калышы ыктымал» деп эскертти. (TT)

XS
SM
MD
LG