Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Украина: А. Дубинский «Эл кызматчысы» партиясынын фракциясынан чыгарылды


 Депутат Александр Дубинский басма сөз жыйынында. Киев. 2021-жылдын 18-январы.
Депутат Александр Дубинский басма сөз жыйынында. Киев. 2021-жылдын 18-январы.

Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Александр Дубинский өлкө президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясынын фракциясынан чыгарылды. Бул депутат АКШдагы шайлоо өнөктүгүнө кийлигишкен деген доо менен жакында АКШнын «кара тизмесине» киргизилген болчу.

2021-жылдын январында айрым украиналыктар Кошмо Штаттардагы шайлоо өнөктүгүнө кийлигишкен деген доого кабылып АКШнын чектөөлөр тизмесине киргизилген. Аларды орусиячыл украин депутаты Андрей Деркач менен байланышта болгон деп да айыпташкан. Деркач болсо мурдагы президент Дональд Трамптын шериктерине Украинада ал кездеги сенатор Жо Байден менен анын уулу Хантерге каршы компромат табууга көмөк кылууга далалат кылган.

Дубинский өзүнө карата доолорду бүт четке кагып, өз партиялаштарын «коркоктор жана арамзалар» деп айыптап чыкты.

«Эл кызматчысы» партиясынын депутаты Даниил Гетманцев «Интерфакс Украина» кабар агенттигиндеги маегинде партиялаштары үч күндүн ичинде добуш берип, анын жыйынтыгында Дубинский фракциядан чыгарылганын айтты.

Ал эми президенттик партиянын фракциясынын лидери Давид Арахамия мырза жана депутат Ольга Василевская-Смахлюк айым добуш берүү маалында Дубинскийди фракциядан чыгаруу боюнча сунушту көпчүлүк депутаттар колдоп чыкканын билдиришти. Аны партиядан чыгарууга 198 депутат макул болду, 29у каршы, 19у калыс болду.

АКШнын Финансы министрлиги 2021-жылы 11-январда өлкөнүн былтыркы шайлоо өнөктүгүнө кийлигишүүгө аракет кылганы жана башка жоруктары үчүн деп жети кишиге жана төрт юридикалык жакка чектөө жарыялаган. Алардын бири депутат Дубинский болчу. (TT)

XS
SM
MD
LG