Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Оппозиция тилектештик күнү Беларустагы демократиялык күчтөрдү колдоого чакырды


Гродно шаарындагы демонстранттар көтөргөн туулар. Беларус. 2020-жылдын 8-ноябры. Архив.
Гродно шаарындагы демонстранттар көтөргөн туулар. Беларус. 2020-жылдын 8-ноябры. Архив.


Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская 7-февралды “Беларус менен тилектештик күнү” деп белгилеп, бул күнү эл аралык лидерлерди, активисттерди, журналисттерди жана Беларустун бардык досторун Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана жаңы шайлоону талап кылып жаткан демонстранттарды колдоого чакырды.

Тихановская былтыр 9-августта өткөн "бурмаланган" президенттик шайлоодон кийин "беларустар, режимдин мыйзамсыз аракеттерине карабастан, туруктуулук жана тайманбастык менен демократия менен эркиндикти талап кылып келишти", деди.


Ал калайыкка күн сайын Беларустагы нааразычылык иш-чараларына чыккандарга тилектештигин шардана кылып, “алардын каармандыгы жана күчтүү эрки үчүн ыраазычылык билдирүүнү” сунуш кылды.

Ал нааразылык митингдерди өткөрүүнү, интернеттеги социалдык тармактарда колдоо жарыялоону, саясий туткундарга кат жазууну, имараттардын маңдайкы бетин кызыл жана ак түс менен – беларус оппозициялык кыймылынын түсү менен жарыктандырууну сунуштады.


АКШ жана Европа Биримдиги 5-февралда алдыдагы Тилектештик күнүн колдой тургандыктарын билдирип, беларус демонстранттарын кубаттап чыгышты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Нед Прайс билдиргендей, Кошмо Штаттар "айыгышкан зомбулукка туш болгон беларус элинин өзгөчө күчүнө, туруктуулугуна жана каармандыгына тен берүүсүн улантууда". Европа Биримдиги да ушундай эле маанайда билдирүү жасап, Беларуста "көп миңдеген кишилер" кармалгандыгын айтып, "так дарек менен тастыкталган кыйноолордун жүздөгөн учурлар" катталды деп баса белгиледи. (TT)

XS
SM
MD
LG