Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Литва беларус оппозиция лидери Тихановскаяны Нобел тынчтык сыйлыгына сунуштады


Светлана Тихановская. Брүссел шаары. 2020-жылдын 21-сентябры.
Светлана Тихановская. Брүссел шаары. 2020-жылдын 21-сентябры.


Беларус оппозиция лидери Светлана Тихановская Литванын президенти Гитанас Науседа мырзага өзүн жана “жалпы беларус элин” Нобел тынчтык сыйлыгына талапкер кылып көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Науседа мырза Тихановскаяны Беларустагы жалпы демократиялык кыймылга жана анын эркин шайлоо талаптарына карата колдоосун билдирүү үчүн алиги сыйлыкка талапкер кылып көрсөткөн.


Тихановская айым 30-январда “Твиттердеги” барагында бул сунуштоо Беларус менен тилектештиктин өзгөчө шардана кылынышы жана “биздин тынчтык усулда эркиндик үчүн күрөшүбүздүн таанылышы” деп баалады.

2020-жылдагы 9-августтагы шайлоо жыйынтыгы жарыялангандан көп өтпөй, Тихановская коңшу Литвага бозгунга кеткен. Беларус бийликтери Александр Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган, бирок Тихановская жана беларус оппозициясы бул жыйынтыкты “бурмалоо жолунун мөмөсү” катары эч тааныбай келет.

2020-жылдын август айынан бери Беларуста нааразылык чаралары, жыйындар, жүрүштөр ар кыл ыкмаларда уюштурулууда.

Быйылкы жыл үчүн Нобел тынчтык сыйлыгына талапкерлерди сунуштоо 31-январда соңуна чыгат. Ал эми анын жеңүүчүсү ноябрда жарыяланууга тийиш. (TT)

XS
SM
MD
LG