Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Беларустун Тихановскаяны экстрадициялоо өтүнүчүн Литва четке какты


Светлана Тихановская. Вильнюс, Литва. 2021-жылдын 3-февралы.
Светлана Тихановская. Вильнюс, Литва. 2021-жылдын 3-февралы.

Беларус бийлиги оппозициянын лидери Светлана Тихановскаяны экстрадициялоо өтүнүчү менен Литвага кайрылды.

Беларустун Баш прокуратурасы 5-мартта Тихановская “мамлекеттин коопсуздугу, коомдук тартипке каршы кылмыштары” үчүн издөөдө экенин жарыялады.

Литванын тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис дароо жооп кайтарып, Вильнюс Минсктин өтүнүчүн аткарбай турганын билдирди.

Литванын тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис.
Литванын тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис.

“Литва режимдин куугунтугуна кабылган бардык демократиялык күчтөрдүн жанында болгон жана болот берет. Мындай жол менен ким Литвада саясий башпаанек алса, өзүн коопсуз сезсе болот. Аларды демократия, сөз эркиндиги же дин эркиндиги үчүн күрөшүнөн улам куугунтукка алган режимдерге эч кайтарбайбыз. Беларус режимине силердин өтүнүчтү карабайбыз деп жооп беребиз”, - деп билдирди литвалык министр.

Светлана Тихановская былтыркы августтагы президенттик шайлоодо оппозициячыл күчтөрдүн атынан катышкан. Анда 1994-жылдан бери мамлекетти башкарып келаткан Александр Лукашенко шайлоодо жеңгенин жарыялаганы менен оппозиция жана бир катар демократиялык өлкөлөр бурмаланган шайлоо жыйынтыгын тааныган эмес.

Мындан соң оппозициянын тарапташтары нааразылык чараларын ырааттуу уюштуруп келет.

Аялдардын нааразылык жүрүшү. Минск, Беларус. 2021-жылдын 2-марты.
Аялдардын нааразылык жүрүшү. Минск, Беларус. 2021-жылдын 2-марты.

Тартип сактоо күчтөрү беларус демонстранттарын күч менен таркатып, миңдеген кишилерди ур-токмокко алышкан жана кармап кеьишкен.

Светлана Тихановская айым Литвага чыгып кетип, өлкө сыртында оппозициячыл ишмердигин улантып келет.

Айтмакчы, КМШга мүчө Беларус өзү учурда расмий Минск баш паана берген кыргызстандык мурдагы президент Курманбек Бакиевди жана мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновду (ал азыр мында Д.Урицкий ысымы менен жүрөт) Кыргызстанга экстрадициялоо тууралуу расмий Бишкектин талаптарын аткарбай келет.

XS
SM
MD
LG