Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Беларус: ЭЕ/АҮнүн штаттан тышкаркы кабарчысы жана анын атасы 15 күнгө камалышты


Елизавета Гончарова сот отурумунда. Минск, Беларус. 2021-жылдын 15-марты.
Елизавета Гончарова сот отурумунда. Минск, Беларус. 2021-жылдын 15-марты.

Беларус соту Эркин Европа / Азаттык үналгысынын (ЭЕ/АҮ) Беларус кызматынын штаттан тышкаркы кабарчысы, сүрөтчү-жасалгалоочу Елизавета Гончарова (беларусча: “Лиза Ханчарова”) айымды жана анын атасы Александр Гончаровду өткөн аптада уруксатсыз нааразылык жыйынына катышкан деген доо боюнча айыптуу деп таап, ар бирин 15 күнгө камоого өкүм кылды.

Минск шаарынын Борбордук райондук соту 15-мартта экөөнү тең 13-мартта уруксат берилбеген митингге катышкан деген доо боюнча айыптуу деп тапты. Экөө тең доону четке кагып, нааразылык чарасына катышкан эместигин, бирок полиция кызматкерлери аларды жөн гана жакын жерде бара жаткан кезинде камакка алышканын айтышты.

Дүйшөмбү күнкү сот отурумундагы жарандык ишти сот Дмитрий Карсюк алып баргандыгы кабардалды.

Гончарова ошондой эле "Telegram” интернет тармагы аркылуу кайсы экендиги такталбаган “ашынган каналдар" үчүн митингдин видео тасмасын тартуу далаалатын көргөн деген доо боюнча да айыптуу деп табылды. Бул доону да Гончарова жалган деп четке каккан болчу.

Беларус сүрөтчү-жасалгалоочусу Елизавета Гончарова сот залында. Минск. 2021-жылдын 15-марты.
Беларус сүрөтчү-жасалгалоочусу Елизавета Гончарова сот залында. Минск. 2021-жылдын 15-марты.


Гончарова айым сот отурумунда полиция кызматкерлери аны кармоо учурунда асфальтталган жолчого бир нече жолу ырайымсыздык менен түртүп жыгышкандыгын жана ага каршы "муунтуу ыкмаларын" колдонушкандыгын айтты.

22 жаштагы Гончарова үч жылдан бери ЭЕ/АҮ Беларус кызматынын Минск шаарындагы бюросунда штаттан тышкаркы инфографикалык дизайнер жана мултимедиалык мазмун жаратуучу болуп иштеп келген.

13-мартта Минскинин ар кайсы бөлүктөрүндө оппозициячыл иш-чара делген аракеттерге катышты деп шектелгендердин он чакты өкүлү кармалган. Бул кармалгандардын арасында Александр Гончаров жана анын кызы Елизавета Гончарова да бар эле.



Тасма. “БелаПАН” жеке менчик кабар агенттигине Екатерина Гончарова айым камакка алынган өз кызы Елизавета жана күйөөсү Александр тууралуу айтып берди. Минск. 2021-жылдын 15-марты.

Былтыр 9-августта өткөн президенттик шайлоонун бурмаланган расмий жыйынтыгына нааразы болгон калайыктын оппозициячыл иш-аракетине каршы өлкөдө катаал куугунтуктоо амалдары жүзөгө ашырылып келет.

БШКнын расмий жыйынтыктары боюнча, өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко былтыр августта алтынчы мөөнөткө шайланууга жетишти.

Бирок калайыктын өлкөдөгү демократиячыл жаңыланууну талап кылган бөлүгү бурмаланган шайлоонун жыйынтыгын тааныбастыгын билдирип, нааразылык чараларын ырааттуу уюштуруп келишти. Алардын миңдеген өкүлдөрү, далай эркин журналисттер жана айрым бул иш-чараларга тиешеси жок кишилер да камакка алынды, айрым демонстранттар набыт кетти.

Эл аралык коомчулук Лукашенконун режиминин саясий каршылаштарга каршы куугунтук саясатын терең айыптап келет. (TT)

XS
SM
MD
LG