Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Армения COVAX долбоорунун алкагында «AstraZeneca» вакцинасынын алгачкы үлүшүн алды


«AstraZeneca» вакцинасынын алгачкы дозалык үлүшү учак менен жеткирилди. Ереван аба майданы, Армения. 2021-жылдын 28-марты.
«AstraZeneca» вакцинасынын алгачкы дозалык үлүшү учак менен жеткирилди. Ереван аба майданы, Армения. 2021-жылдын 28-марты.

Армения БУУнун колдоосу менен уюштурулуп жаткан COVAX долбооруна ылайык «AstraZeneca» компаниясы менен Оксфорд университетинин COVID-19 илдетине каршы вакцинасынын 24 миң дозадан турган алгачкы үлүшүн алды. Бул окуя өлкө коронавирустун жайылышынын үчүнчү толкунуна кириптер болуп жаткан учурга туш келди.


70тен ашуун өлкөдө уруксат берилген «AstraZeneca» вакцинасы – Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Вакциналар жана эмдөө боюнча дүйнөлүк ынтымак (GAVI) колдоого алып жаткан эл аралык COVAX долбоорунун тиреги болуп калды. Бул долбоордун алкагында аталган вакцинанын 2 миллиардга жеткен сандагы дозасы ушул жылдын аягына чейин кирешеси төмөн өлкөлөрдүн калайыгын эмдөөгө жумшалмакчы.

Армениянын Саламаттык сактоо министрлиги 28-мартта учак менен жеткирилген «AstraZeneca» вакцинасынын алгачкы дозалык үлүшүн өлкөдөгү медициналык кызматкерлерди, карылар үйүнүн кызматкерлерин, 65 жаштан жогорку карыяларды жана өнөкөт оорулууларды эмдөө үчүн колдоно тургандыгын билдирди.

Бул вакцина Улуу Британияда, Европа аймагында, Индияда жана башка өлкөлөрдө кеңири колдонулат. Ушул айда Европанын бир нече өлкөсү кан уюп калышы мүмкүн деген кооптонуудан улам «AstraZeneca» вакцинасы менен эмдөөнү убактылуу токтотушкан. Бирок Евробиримдиктин дары-дармек агенттиги менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул вакцинанын коопсуз экендигин дагы бир ирет тастыктады жана ошондон кийин аны жапырт эмдөөдө колдонуу иш-аракети жаңы күч менен улантылды.

Британиялык-шведдик «AstraZeneca» компаниясы өзүнүн вакцинасы "эрезеге жеткен кишилер үчүн өтө натыйжалуу" деп билдирди. АКШнын аймагында жүргүзүлгөн сыноо бул эмдөө заты симптому айгинеленген COVID-19 оорусуна каршы 76% натыйжалуу экендигин далилдеди.

Өзгөчө маанилүүсү, бул вакцина коронавирус илдети оор болгон же өзгөчө өтүшүп кеткен учурларда жана бейтапты ооруканага жаткырууга туура келген кезеңдерде 100 пайыз натыйжалуу эмдөө заты болоору тастыкталды.


Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги да бул вакцинаны COVAX долбоорунун алкагында бекер жеткирүүдөн убактылуу баш тарткан мекемелердин бири болду. Украина, Грузия сыяктуу жумурияттар «AstraZeneca» вакцинасына эч бөгөт коюшкан жок. (TT)

XS
SM
MD
LG