Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:09

Казакстан: БУУнун адам укуктары боюнча комитети гезиттин жабылышын мыйзамсыз деп тапты


Казакстандык "Правдивая газета" басылмасынын алгачкы саны. 2013-жылдын 24-марты.
Казакстандык "Правдивая газета" басылмасынын алгачкы саны. 2013-жылдын 24-марты.

БУУнун адам укуктары боюнча комитети Казакстандын соту 2014-жылы жапкан оппозициялык "Правдивая газета" («Чынчыл гезит») басылмасы боюнча сот чечимин карады. Бул тууралуу аталган басылманын кызыкчылыгын комитетте коргогон укук коргоочу Гүлмира Биржанова “Азаттыктын” Казак кызматына кабарлады.

"Правдивая газета" басылмасынын башкы редактору - журналист, маркум Розлана Таукина болчу. Ал 2014-жылы сотто басылманын кызыкчылыгын коргогон.

Соттун гезитти жабуу чечиминен соң, Таукина айым БУУнун адам укуктары боюнча комитетине бул иштин мыйзамсыздыгына даттанып, арыз жолдогон. Комитет 2015-жылы бул ишти кароону өндүрүшкө алган. Анын чечиминде соттун гезитти жабуу чечими негизсиз деп табылган.

“Комитет Казакстандын бийликтерин гезиттин чыгымдарын кайтарууга чакырып, салынган жазалар менен соттук чыгымдарды төлөп берүүсү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле анда соттун гезитти жабуу чечимин кайрадан кароо да сунушталды. Андан тышкары комитет өз сунуштамасында мындан ары мамлекет буга окшогон укук бузууларга барбашы керектигин айткан”, – деди казакстандык укук коргоочу Гүлмира Биржанова

"Правдивая газета" басылмасынын алгачкы саны 2013-жылы жарык көргөн. Кийинчерээк Алматынын Бостандык райондук соту прокурордун бул басылманын чыгуу мөөнөтү жана нускасы жөнүндө ачык көргөзүлгөн эмес деген кинесин колдоп, гезитти жабуу чечимин чыгарган.

XS
SM
MD
LG