Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:37

Алиевдин адаттан тыш жүрүшү


Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана жубайы, биринчи вице-президент Мехрибан Алиева, 2017-жыл.

Азербайжан президенти Илхам Алиев өлкөдө саясий жана экономикалык реформалар ишке аша турганын жар салды. Мунун алдында Алиев элдин карызын кечип, элүүдөн ашуун саясий туткунду боштондукка чыгарган. Батышта авторитардык өлкө деп мүнөздөлгөн Азербайжандагы мындай өзгөрүүлөргө эмне себеп?

Азербайжандын президенттигин атасынан мурастап калган Илхам Алиев Нооруздун алдында калкты куттуктаган видео кайрылуусунда реформалар тууралуу сөз кылды.

Болгондо да 16 жылдан бери мамлекет башчылыкты колдон чыгарбай келген Алиев бул жолу саясий реформалар ишке ашырыларын айтты.

58 жаштагы президент соңку бир жылда ташталган кадамдарды жана алдыдагы жылдарда ишке аша турган реформаларды Азербайжандын жаңы доорунун башталышы катары мүнөздөдү:

"Реформалар дагы тереңдейт. Аларга альтернатива жок. Саясий реформалар, экономикалык реформалар жана социалдык чөйрөдөгү, сот системасындагы реформалар боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Документтердин топтому даярдалып жатат. Билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу бардык тармактарда Азербайжан жаңы доорго кадам таштады".

Президенттин мындай сөзүнө чейинки бир нече айда, өзгөчө жыл башынан тарта Азербайжанда бир катар өзгөрүүлөр байкалып жатат. Маселен февраль айында президент Илхам Алиев чет өлкөлүк валюта менен кредит алып, аны төлөй албай жаткан адамдардын карызын кечүү тууралуу буйрук чыгарды. Ошондой эле пенсияны жана студенттердин стипендиясын көбөйттү. Мындан тышкары Карабак согушунда каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку кошумча кенемте берүүнү чечти.

Ал түгүл Алиев өткөн айда соңку 15 жылда биринчи жолу жергиликтүү телеканалга (Real TV) кенен маек куруп, региондордун эли менен мурдагыдан көбүрөөк жолуга баштаганын азербайжандык журналисттер белгилеп жатышат.

Акылмандыкпы же аргасыздыкпы?

Оппозициячыл топтордун саясий туткундарды бошотууну талап кылган акциясы, 19-январь 2019-жыл.
Оппозициячыл топтордун саясий туткундарды бошотууну талап кылган акциясы, 19-январь 2019-жыл.

Эң башкысы Илхам Алиев 16-мартта Нооруз майрамына карата абактагы 400дөй адамга мунапыс берди. Анын алкагында өлкөнүн ичинде да, тышында да саясий туткун деп мүнөздөлгөн 51 киши боштондукка чыкты. Алардын арасында "төңкөрүш жасоого аракет кылды" деген шек менен 2005-жылы кармалгандан бери түрмөдө жаткан мурдагы саламаттыкты сактоо министри Али Инсанов, журналист Фикрет Фарамазоглу, "Мусафат" оппозициялык партиясынын мүчөсү Аликрам Хуршидов да бар.

Мындай чечим жыл башында Бакуда миңдеген адамдар катышкан, абактагы саясий туткундарды бошотууну талап кылган акциялардан кийин кабыл алынды. Евробиримдик, "Amnesty International" сыяктуу уюмдар азери президентинин бул кадамын кубаттаганы менен абактарда дагы ондогон саясий туткундар кала бергенин билдиришти.

Кантсе да Алиевдин акыркы кадамдары жана билдирүүлөрү эмнеден кабар берет? Бул реформанын жышааныбы же бийликтин көздөгөнү барбы? Бул суроолор боюнча Азербайжан коомунда пикирлер эки ача.

Ал эми оппозициядагы РЕАЛ партиясынын жетекчиси Ильгар Мамедов соңку окуяларды материалдык мүмкүнчүлүгү азайып бараткан бийликтин аргасыз кадамдары деп мүнөздөдү:

- Соттор оңолуп, шайлоо системасы жакшырса же саясий система өзгөрүп, бийлик оппозиция менен диалог куруу аракетин жасаса, ошондо гана биз жаңы доор башталды деп айтмакпыз. Азыр болгону үстүн гана жымсалдап, жаңылчылдык катары көрсөтүп жатышат. Ошондуктан мазмуну жагынан мен жаңы нерсе көргөн жокмун. Болгону бийлик дүрбөлөңгө түшүп жатканын сезип турам. Буга Азербайжандын материалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн азайып, экономикалык атаандаштыкта өлкөнүн Армениядан жана Грузиядан артта калып баратканы себеп болууда.

Бийлик жана байлык

Чынында Илхам Алиев өлкөдө саясий реформалар болот дегени менен анын чоо-жайын так айткан жок. Ал 2003-жылы атасы Гейдар Алиевдин ордун баскандан бери кеминде төрт жолу президент болуп шайланды. Акыркы жолу былтыр апрель айында өткөн шайлоодо добуштардын 86 пайыздан ашыгына ээ болгону расмий кабарланган. ​

Алиев үй-бүлөсү менен.
Алиев үй-бүлөсү менен.

Деген менен Алиев кайра шайланган ар бир добуш берүүдө административдик ресурс кенен колдонулганын, шайлоочуларды ташып келүү, бюллетендерди тобу менен таштоо сыяктуу мыйзам бузуулар катталганын байкоочулар белгилеп келет.

Алиевдин төртүнчү президенттик мөөнөтү мурдагыдай беш эмес, жети жылга созулмакчы. Мындай өзгөрүү 2016-жылы Азербайжандын Конституциясына киргизилген.

2009-жылдагы референдумдан кийин президентке чексиз шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берилген. Ал эми 2017-жылы президент Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиеваны биринчи вице-президент кылып дайындаган.

"Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны маалымдоо борбору" (OCCRP) сыяктуу эл аралык уюмдар Алиевдердин дүйнөнүн булуң-бурчундагы байлыгы менен хансарайларын байма-бай ашкерелеп келишет. "Панама барактары" долбоорунда ачыкка чыккан маалыматтарда Алиевдердин үй-бүлөсү Азербайжандагы ири алтын, жез жана күмүш кендерин көзөмөлдөрү айтылган.

2017-жылы OCCRP Азербайжандын башында турган элита өкүлдөрү 2012-2014-жылдары Британияда катталган жасалма компаниялар аркылуу өлкөдөн үч миллиард доллардай акчаны чыгарып кеткенин, ал каражаттын бир бөлүгү европалык саясатчыларга пара катары берилгенин ашкерелеген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG