Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Азербайжан: парламенттик шайлоодо бийликтеги партия алдыга чыкты


Шайлоого маркум президент Гейдар Алиев өзү да "көз салып" турду. Баку, 7-ноябрь 2010
Шайлоого маркум президент Гейдар Алиев өзү да "көз салып" турду. Баку, 7-ноябрь 2010

Бийликтеги “Жаңы Азербайжан” партиясы 7-ноябрдагы шайлоодо басымдуу көпчүлүктүн колдоосун алды.

Добуштардын 90 проценттен көбү саналгандан кийин БШКнын маалымдашынча, президент Илхам Алиев башындагы “Жаңы Азербайжан” партиясы парламенттеги 125 орундун 70тен көбүнө ээ болгонун маалымдады. Калган орундар бийликке ишенимдүү партияларга тийет сыяктуу. Натыйжада башкаруучу партия мурдакы ордун дагы бекемдеп, өлкөнүн саясый турмушун каалагандай калчачу күчкө айланды, дешет оппозициячыл партиялар.

Алар башка адамдардын чакыруу кагаздары менен добуш беришти



Ырасмий маалымат боюнча, шайлоого элдин теңинен көбү катышты. Оппозициянын ырасташынча, бул эгемендик жылдарындагы эң булганыч саясый өнөктүк болду. Азербайжан элдик майданы партиясынын төрагасы Али Керимли “Азаттыктын” азери кызматына өкмөт бийликчил
Азербайжан оппозициясынын лидерлери Али Керимли жана Иса Гамбар Бакудагы пресс-конференцида. 8-ноябрь 2010
партиялардын жеңишин камсыздоо үчүн “бардык административдик ресурстарды” колдонгонун кабарлады:

- Бийликтегилер жоопкерчилик дегенди, чындык дегенди такыр унутушту. Алар дүйнөдө жок иштерди жасашты. Бул Азербайжанды алааматка алып барчу жол. Илхам Алиев да жоопкерчиликти унуткандай көрүнөт. Азербайжан эли чогулуп туруп, анын милдетин эсине салат деп ойлойм.

Ал эми оппозициядагы "Мусават" партиясынын лидери Иса Гамбар “добуш берүү совет доорунун акыркы жылдарындагыдай” өткөнүн айтат.

7-ноябрдагы шайлоодо мурдакы парламенттин 81 мүчөсү кайра шайланды. Парламентке президент Алиевдин аялы - Мехрибан Алиева, таякеси Жалал Алиев жана таяжесинин күйөөсү Васиф Талибов да депутат болуп калышты.

Шайлоочулардын бөтөн участкаларда добуш берүүсү, аларды ар кайсы добушканаларга автобус менен ташуу, оппозициянын байкоочуларын шайлооканаларга киргизбөө же алардын көзөмөлдөөсүнө жолтоо кылуу - парламенттик шайлоого кеңири мүнөздүү көрүнүш болгонун адам укугун коргоочу уюмдар ырасташууда.

Оппозициядагы "Жарандар жана өнүгүү" партиясынын мүчөсү Афган Мамадов Бакудагы Яшамал окуругундагы №15-участкалык комиссиясындагы өкүлү. Ал өзүнө болгон кол салуу жөнүндө мындай дейт:

- Жергиликтүү автоматтык байланыш бекетинин бир нече кызматкери бул жерге добуш бергени келишти. Аларда эч кандай документи жана чакыруу кагазы жок болгондуктан башка адамдардын чакыруу кагаздары менен добуш беришти. Мен аларды добуш бердирбегенге аракет кылдым. Атүгүл видеого тартып жатканымда байкоочулардын бири артыман келип урду да АТСтин кеңесение качып кирип кетти. Менин костюмум жыртылды. Чөнтөк телефонум менен доукменттеримди жоготтум. Ал мага кокусунан кол салгандыктан өзүмдү коргой албадым. Ахывалымды көрүп турасыз.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочулары шайлоого баасын чукул арада жарыялайт деп болжолдонууда

XS
SM
MD
LG