Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

Баланын тили эмнеге кеч чыгат?


Кыргызстандан бакчалардын биринен тартылган сүрөт
Кыргызстандан бакчалардын биринен тартылган сүрөт

Адистер акыркы жылдары мектепке чейинки курактагы балдардын тили кеч чыгып жатканын, алардын сүйлөө жөндөмү жакшы өнүкпөгөнүн белгилеп жатышат. Учурда анчейин байкалбаганы менен, келечекте мындай тенденция олуттуу маселелерди жаратышы мүмкүн.

Республикалык психо-наркологиялык саламаттык борборунун логопеди Ажар Эшенкулова акыркы жылдары баласынын кептик өнүгүүсү кечигип жатканы тууралуу ар бир экинчи эне кайрылып жатканын белгиледи:

“Статистика боюнча 10-15 жыл мурун ар бир төртүнчү бала кептик өнүгүү жагынан артта калса, азыркы убакта ар бир экинчи бала ушундай абалда. Бирок алардын кыйналуусу ар кандай түрдө болушу мумкүн. Кээ бир ата-энелер байкабай эркелеп жатат деп убакытты өткөрүп жибериши мүмкүн. Эгерде бала 1 жаш 3 айында “апа, ата, ичем” дегендей бир да сөз айта албаса же 3-4 жашында туура эмес сүйлөп, тыбыштарды чаташтырып, сөздөрдү так айта албаса, анда ата-эне адистерге кайрылышы керек”.

Дефектолог Роза Сапарова баланын кептик өнүгүүдөн артта калуусунун башкы себеби төрөт учурунда алган жаракаттан улам болушу мүмкүн дейт. Ошондой эле экологиянын абалы, кош бойлуу айымдар тамактанган азыктардын сапаты, өнөкөт оорулар да наристелердин нерв системасынын калыптануусуна кедергисин тийгизип жатат. Балдардын кептик өнүгүүсүнөн артта калып жатканынын дагы бир чоң себеби - гаджеттер. Төрөлгөндөн тартып смартфон, планшет, сыналгыны дайым карап отурган балдардын сүйлөө жөндөмүндө сөзсүз өксүктөр жаралат дешет адистер.

"Коомдук чөйрөдөн мурда, ата-энелердин, баланын айланасындагы адамдардын мүмкүнчүлүгү чоң, жоопкерчилиги зор", - деди эрте кийлигишүү кызматынын адиси, психолог Альбина Максатбекова.

“Бала менен көбүрөөк сүйлөшүү, оюн ойноо, жандуу маек куруу керек. Көчөдө баратканда, үйдө болгондо да ар бир кылган иш-аракетин айттыруу, сүйлөшүү, көңүл буруу, кандайдыр бир күн тартибин түзүп алып оюн ойноо зарыл”, - деди ал.


Көп ата-энелер балдардын сүйлөөсү табигый процесс деп катышпай койгону туура эмес экенин адистер айтышууда. Баланын так, туура сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү үчүн үй-бүлөдөгү адамдардын бири-бири менен диалог куруусу абдан зарыл экенин балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча адис Ильмира Шерматова белгилейт.

“Бүгүнкү күндө көп энелер бешик ыры эмне экенин, аны кантип ырдоо керектигин билбей калды. Чон-эне, чоң-аталар баланы алдына алып отургузуп эркелетип, жомок айтып берип, жакшы ырларды ырдап, анын көңүлүн тынчтандырып, ошол эле учурда сөздү уга билүүгө үйрөтүшкөн. Макал-лакаптарды колдонуп, табышмактарды айтып, аларды чечмелеп беришкен. Балдардын сөздүк кору байытылса, психикалык өнүгүүсү жакшырат”, - дейт педагогика илимдеринин кандидаты Ильмира Шерматова.

Ата-энелер үчүн "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду тарабынан "Бешик ырлары" аудио түрмөгү даярдалып, уюмдун ютуб каналына жайгаштырылган.

"Сенин маанайың бүгүн кандай болду? Сен эмнелерге тынчсыздандың? Эч ким капа кылбадыбы?”- деген суроолорду берүүсү керек", - дейт педагогика илимдеринин кандидаты Ильмира Шерматова. Анын айтымында, ата-энелер балдарына тамактануу учурунда ушундай суроолорду бериши абзел.

Бала ал суроолорго жооп бере албаса да, акырындан сүйлөгөндү үйрөнө берерин белгилейт. Бала ойноп жатканда да диалог куруп, оюнчуктун түсүн, көрүнүшүн айтып, аны сүйлөтө турган аракеттерди аткаруусу зарыл. Эгерде бала сүйлөбөй калса, 2 жашында сөздүк корунда 20 эле сөз болсо, оюнчуктарды көрсөтүп: "Мына бул балык, сууда сүзөт, бул ташбака, сууда да сүзөт, жерде да жүрөт", - дегендей сөздөрдү айтуу менен баланын дүйнө таанымын өнүктүрө турган маалыматтарды бериш керек дейт ал.

Жаркын Кармышева төрт жашар кызы менен күн сайын өнүктүрүүчү тапшырмаларды аткара баштаганына бир жыл болду. Каарманыбыз наристесинин тили чыкпай, кептик өнүгүүсү кечеңдеп жатканын байкаган соң психологиялык жана неврологиялык текшерүүдөн өткөргөн. Адистер каарманыбызга логопед көмөктөшүп, үйдө да тапшырмаларды аткаруу керектигин айткан.

“Сүйлөөсү 1-2 жылга артта калган эле. Анткени үч жашында толук сүйлөмдөрдү айтып калышы керек экен. Бирок бирден эле сөздөрдү чала айтчу. Мисалы, “макул” дегенди “акул” деп башкы тамгасын айтпай койчу. Бир жыл мурун үйдө смартфонду жана телевизорду колдонууга чек койдум, балдар менен жандуу баарлашууга көп көңүл бура баштадым, өнүктүрүүчү оюндарды ойноттум. Азыр жакшы натыйжалар байкалып жатат”, - дейт Жаркын Кармышева.

Баланын тили эмнеге кеч чыгат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:37 0:00

Баланын кептик өнүгүүсүнө убагында көңүл бурулбаса, сүйлөгүсү келбей каларын адистер эскертет. Өзүнүн оюн айта албай калган бала кийин коомго аралашууда кыйналышы мүмкүн. Ал бара-бара тартынчаак, ийменчээк болуп, өзүн башкалардан кем сезе баштайт. Ошондуктан балдардын байланыштуу кебин өнүктүрүүгө ата-энелер канчалык эрте көңүл бурса, баланын социалдык чөйрөгө ыңгайлашып кетүүсү, инсан болуп калыптануусу үчүн ошончолук жакшы өбөлгө түзүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG