Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Башкырлар Куш-Тоону коргоп чыгышты


Башкыртстанда Куш-Тоо дөңсөөсүн (Куштау шиханы) коргоп акцияга чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, жеке күзөтчүлөр кагылышкан окуядан улам кылмыш иши козголот.

Бул тууралуу республиканын башчысы Радий Хабиров билдирди.

Куш-Тоо - Башкыртстанда акиташ кени жаткан бирден-бир белгилүү дөңсөөлөрдүн бири. Ушул айдын башында бул дөңсөөнү сода өндүргөн компания чалгындай баштаган. Жергиликтүү тургундар буга байланыштуу нааразылык акцияларына чыккан жана ал кагылышуу менен коштолгон.

Куш-Тоо дөңсөөсү Уфа шаарынан 140 чакырым аралыкта жайгашкан. 2018-жылы бул жер «Башкыртстан сода компаниясына» казып, иштетүүгө берилген. Ушул айдын башында компания геологиялык чалгындоо иштерин баштаган жана дөңсөөнүн жака-белиндеги токойду кыркып кирген.

Жергиликтүү тургундар Куш-Тоо жаратылыш эстелиги деген макамы бар Торатоо менен Юратоо дөнсөөлөрүнүн бир бөлүгү экенин айтып, аны иштетүүгө каршы чыгышкан.

Куш-Тоонун иштетилишине каршы жергиликтүү тургундардын акциялары баш-аягы эки аптага созулган. Ишембиде күч түзүмдөрү дөңсөөнү кайтарып, чатыр тигип алып отурган экоактивсттерди кууп тараткан. Жекшембиде жүздөгөн адамдар компания тосуп алган жерге чейин кирип барышкан жана анда кагылышуу болгон. Каршылык акцияларына чыккан 80дей адам камакка алынган.

Жекшембиде кагылышуу болгон жерге республиканын башчысы Радий Хабиров келип, бардык тараптарды ынандырган чечим кабыл алынмайынча тоо казылбай турганын айтып убада берди. Ал экоактивисттерден, кен казганы жаткан компаниянын өкүлдөрүнөн жана өкмөт мүчөлөрүнөн турган жумушчу топ түзүлөрүн билдирди:

«Биз мунасага келген чечим кабыл алмайынча бул тоого эч ким чыкпайт деп сөз берем. Азыр баарыңар чарчадыңар, кармаштыңар. Азыр өз лидерлериңерди шайлагыла, эртең мага келгиле, жай отуруп алып сүйлөшөлү. Силер каалагандай, теңи силердин эксперттериңерден турган жумушчу топ түзүп талкуулайлы».

Хабировдун убадасынан кийин нааразылык акциясына чыккандар тараган. Кен казганы жаткан компания да тоодон оор техникалык каражаттарын алып чыгып кеткен.

Радий Хабиров дүйшөмбүдө өкмөттүн жыйынында Куш-Тоону коргоп акцияга чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, жеке күзөтчүлөр кагылышкан окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. «Медиазона» агенттиги билдиргендей, анда республиканын башчысы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин сабалышын сынга алган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG