ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Баткен: Чек ара тактоодо Тажикстандан өткөн үйлөр бөлүштүрүлүүдө

Бөлүштүрүлүп жаткан үйлөрдү көрүүгө келген тургундар.
Бөлүштүрүлүп жаткан үйлөрдү көрүүгө келген тургундар.

Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо келишиминин алкагында Тажикстандан Кыргызстанга өткөн турак жайларды жарандарга бөлүштүрүү иштери жүрүүдө.

Алар 2021–2022-жылдардагы чек ара жаңжалдары учурунда бир короодогу экиден турак жайы кыйраган же күйүп кеткен тургундарга берилүүдө. Жергиликтүү деңгээлде түзүлгөн атайын жумуш тобу Баткен районунун аймагында үйлөрдү бөлүштүрүү ишин дээрлик соңуна чыгарды. Эми бул жараян Лейлек районунда уланууда.

Эмне үчүн экинчи турак жай берилүүдө?

Төрт-беш жыл мурдагы куралдуу кагылышууларда үйлөрү толук жарактан чыккан жарандарга буга чейин мамлекет жаңы үй салып берген. Бул жолу мурдагы окуялардан кийин иштеген атайын комиссиянын актына кирген, тагыраагы, бир короодо экиден үйү болуп, экөө тең жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тизмеси такталып, аларга алмашылган үйлөр тапшырылууда.

Достук айылынын тургуну Асанбек Байдиев Тажикстандан өткөн мурдагы Сомониён конушунан төрт бөлмөлүү үй алды:

Асанбек Байдиев
Асанбек Байдиев

"Бул экинчи үйлөрдүн берилип жаткан себеби мындай. Кээ бир адамдарда “дагы алдыңарбы” дегендей түшүнбөстүк болбосун. Биздин айылда бир короодо эки үй бар болчу. Анын бирине мамлекет жаңы үй салып берип, азыр ошондо жашап жатабыз. Ал эми экинчисинин ордуна ушул үй берилүүдө. Бул чек арадан көчүп чыккандарга эмес, кимдин эки үйү күйүп кеткен болсо, ошолорго гана тийди. Мурда Достукта беш балам жана ата-энем болуп, жалпы тогуз киши жашачубуз. Азыр бул жакта да ошол курамдабыз".

Чек араны тактоо келишимине ылайык, Тажикстандан Кыргызстанга жалпы 213 турак жай өткөн. Учурда алардын ичинен 180 үй жарандарга чүчү кулак аркылуу ачык-айкын бөлүштүрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткендеги атайын өкүлүнүн орун басары Бактыбек Токсонбаев буларды билдирди:

Бактыбек Токсонбаев
Бактыбек Токсонбаев

"Баткен району боюнча 160тай үй тапшырдык. Бүгүнкү күндө Лейлек району боюнча да 22 жаранга таркатылып жатат. Элди чогултуп, жараянды ачык-айкын өткөрдүк. Үйлөр мурдагы окуялардан кийин иштеген комиссиянын актына кирген жарандарга гана берилди".

Тажик тараптан өткөрүлүп алынган турак жайлар жайгашкан жерлердин бири — мурда Тажикстанга карап келген тар көчөлүү Сомониён тилкеси. Ал эми азыр Кыргызстандын Көк-Таш айылынын карамагына өттү. Мындан тышкары алмашуу жүргөн Коргончо, Дөбө сыяктуу бир нече тилке бар.

Буга чейин бул аймактарда жолду жана сууну эки өлкөнүн жарандары ортодо пайдаланып келгендиктен пикир келишпестик тез-тез чыгып, айрым учурда аягы жаңжалга айланган учурлар болгон. Эми эки өлкө жарандары аралашпай, бир жаңсыл жана коопсуз жашашы үчүн ушундай алмашуу жолу тандалды.

Өткөрүлүп алынган үйлөрдүн баарынын абалы бирдей эмес. Арасында орточосу да, ошол эле учурда өтө начар болуп калганы да бар. Ушундан улам жергиликтүү бийлик жарандарга өз ара макулдашып, үйлөрүн алмашып алууга убакыт берди.

"Негизинен тажик тараптан алынган үйлөрдүн абалы орто, арасында жакшысы да, жаманы да бар. Азыр тургундар өздөрүнө түшкөн катар номурлар аркылуу үйлөрүн көрүп жатышат. Бул жума ичи элге мүмкүнчүлүк беребиз — Сомониён, Коргончо, Дөбө тилкелериндеги жарандар кааласа тил кат аркылуу бири-бири менен үйлөрүн алмаштырып алса болот. Ал эми дүйшөмбү күндөн баштап каттоого алып, мамлекеттик актыларды бере баштайбыз", -деди Бактыбек Токсонбаев.

Келерки аптадан тартып жаңы үйлөргө мамлекеттик актылар бериле баштайт. Ошону менен чек ара тактоодогу көчүрүү, турак жайларды өткөрүп алуу жана бөлүштүрүү иштерине чекит коюлмакчы.

Назакат Гайыпова
Назакат Гайыпова

"Жети балам бар, Кудайга миң мертебе шүгүр, биринчи үйүмдүн ордуна өкмөт жаңы үй салып берген. Эми, минтип, чек араны тосуп, маселебизди чечип берди. Мындан ары жакшы жана тынч жашоо болот деп ишенем", - дейт Ак-Сай айылынын тургуну Назакат Гайыпова.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды түзөт. Узак жылдар бою чечилбей келген чек ара маселеси 2021 жана 2022-жылдардагы каргашалуу окуялардан кийин орток пикир табуу менен жөнгө салынды.

2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында эки өлкөнүн президенттери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшкан. Коопсуздукту бекемдөө максатында Баткен облусу боюнча жалпы 253 турак үй жайгашкан тилке Тажикстан менен алмашылган. Анын 179у Баткен районунда, 74ү Лейлек районунда.

  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

​
XS
SM
MD
LG