Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:37

Батыш менен Индияда ишенимден кеткен ТикТок


Бир катар басылмалар өткөн аптада айрым өлкөлөрдө кытайлык ByteDance компаниясы ээлик кылган популярдуу ТикТок тиркемесин чектөө, атүгүл тыюу салуу аракеттери тууралуу жазышты.

Мындай чара көрүүгө биринчи кезекте коопсуздук маселелери аталууда.

АКШдагы ТикТокту чектөө аракети

The New York Times 23-марттагы санында Ак үй 27-февралда федералдык агенттиктерге бир ай ичинде өкмөттүк жабдыктардардан кыска видеолорго адистешкен ТикТок тиркемесин алуу көрсөтмөсүн бергенин жазды.

Британ парламенти, Канада, Евробиримдик жана Жаңы Зеландиянын мыйзам чыгаруучулары жакында расмий смартфондорго, компьютерлерге ТикТок орнотууга тыюу салган.

Маалыматка караганда, АКШнын Өкүлдөр палатасынын комитети 100 миллиондон ашуун америкалык колдонгон платформага толук тыюу салууга жол ачкан мыйзам долбоорун колдошту.

Эмне себептен ушундай чаралар көрүлүп жатат? Макаланын автору мунун бардыгы Кытайга барып такаларын жазды.

Батышта тиркемеге ээлик кылган ByteDance компаниясы колдонуучулардын жеке маалыматтарын Кытай бийлигине өткөрүп берип, жалган маалымат таратуу үчүн пайдаланып кетиши ыктымал деп чочулашат.

ТикТок андай шек саноолорду четке кагып, ByteDance компаниясынан өзүн оолак кармоого аракеттенет.

ТикТок платформасына Индия да тыюу салган. Дагы 20дан ашуун өлкөдө өкмөттүк мекемелерде иштегендердин кызматтык жабдыктарына же жогорку окуу жайларда тиркемени орнотууга уруксат берилбейт.

Макалада айтылгандай, АКШда ТикТокко жапырт тыюу салуу укуктук маселелерге алып келиши мүмкүн. Гезит сөзгө тарткан эксперттердин бири “демократиялык өлкөлөрдө олуттуу негиз болбосо, сөз эркиндигин чектөөгө жол берилбейт” деген ою менен бөлүшкөн.

Ал эми ТикТок өзүнүн айланасындагы мындай окуяларды “саясий театр” деп атап, мыйзам чыгаруучуларды америкалыктарды цензуралоого аракет көрүп жатканы үчүн сынга алды.

NYT ошондой эле бул платформа Инстаграм, Фейсбук жана Твиттерден коопсуздук, жеке маалыматтарды сактоо жагынан эмнеси менен айырмаланарына да кайрылып, ага кытайлык фирма ээлик кылганы кооптондуруп жатат деген тыянакка келди.

Муну менен катар колдонуучуларга социалдык түйүндөрдө жеке маалыматтарды коргоо кеңеши берилген.

Индияда Инстаграм популярдуу

Forbes журналы ушул эле темага арналган макаласында Индиянын тажрыйбасын талдап чыккан.

Индиянын журналисттер союзунун мүчөлөрү ТикТокко каршы акцияда. Дели, 30-июнь, 2020-жыл.
Индиянын журналисттер союзунун мүчөлөрү ТикТокко каршы акцияда. Дели, 30-июнь, 2020-жыл.

Атап айтканда, Конор Мөррей "ТикТок тиркемесине толук тыюу салынса эмне болот?" деген суроого жооп издеген.

Калкы жагынан дүйнөдө экинчи орунда турган Индиянын бийлиги 2020-жылдын июнь айында Кытай менен аскердик кагылышуу болгондон кийин коопсуздук маселелерин жүйө келтирип, өлкө аймагында аны колдонууга болбойт деп чечкен.

Макалада айтылгандай, көп өтпөй Инстаграмда кескин өсүш байкалып, 2021-жылга карай ал өлкөдөгү эң популярдуу тиркемеге айланган. Рыноктогу бош орунду ошондой эле ТикТоктун көптөгөн дубликаттары ээлеген.

Жагдайга ылайыкташып, Инстаграм менен Ютуб ТикТокко альтернатива катары кыска видеолорго адистешүүгө киришкен.

Автор кызыктуу бир фактыга көнүл бурган. Индияда бул тиркемеге тыюу салынганына дээрлик үч жыл болгону менен ТикТок жана ByteDance колдонуучулардын жеке маалыматтарын, мисалы жашаган жерин, досторун, кандай мазмунга кызыкканын биле алат экен.

ТикТокту ошондой эле Ооганстанда пайдаланууга уруксат берилбейт.

Финляндиялыктар дүйнөдөгү эң бактылуу адамдар

Финляндия экинчи жыл катары менен дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп аталды.

Хелсинки шаары
Хелсинки шаары

Италиялык La Stampa гезити бул темадагы макаласында Бириккен Улуттар Уюмунун “Дүйнөлүк бактылуулук индексинде” быйыл да бул жагынан чоң сюрприздер болбогонун жазды.

137 өлкөдөн турган тизмени түзгөндө жарандардын жашоо-шарттары, кирешеси, саламаттыгы, эркиндиги, кайрымдуулугу, паракорлуктун төмөн экени сөзсүз эске алынат.

2022-жылкы индексте Украинада согуш башталгандан кийин боорукерликтин жана жалпы айкөлдүктүн сезилерлик өсүшү катталган. Согуш тооруган өлкө рейтингде 92-сапта турат.

“COVID-19 миллиондогон кишинин өлүмүнө, карантин, глобалдуу экономикалык кризиске алып келгенине карабай, адамдар өздөрүн мурдагыдай эле бактылуу сезет, балким, пандемия бизди бейтааныш адамдарга кайрымдуу болууга үйрөттү”, - дейт макаланын автору.

Докладды даярдагандардын бири Жон Хеллиуэллдин айтымында, башкаларга жардам берүү, боорукерлик 2021-жылы кескин өскөн бойдон ылдыйлаган эмес.

“Башыбыздан оор күндөрдү кечиргенибиз менен позитивдүү эмоциялар үстөмдүк кылып, жалгыздыкка караганда социалдык колдоо сезими кеңири жайылган”, - дейт Хеллиуэлл.

Финляндияга кайтсак, 5,5 миллион калктуу өлкө туристтерге кооз көлдөрү, токойлору менен белгилүү. Эң негизгиси, ал жакта социалдык камсыздоо системасы өнүккөн, бийликке ишеним жогору, теңсиздик жокко эсе. Бактылуулук индексинде экинчи орунда кайра эле скандинавиялык өлкө – Дания, андан кийин Исландия жайгашкан. Израил 4-сапка көтөрүлүп, алгачкы жолу алдыңкы бешилтикке илинди.

Балтика мамлекеттери да көрсөткүчтөрүн жакшыртууда. Айрымдары бул ирет Франция же Италиядан озуп чыкты.

Ал эми Орусияда кайрымдуулук же айкөлдүк сапаттары төмөндөгөн экен. Ооганстан тизмеде кайрадан эң акыркы орунду ээледи. Сурамжылоого 100 миңден көп киши тартылган.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан бул рейтингде 62-орунга чыкты. Борбор Азиядан Казакстан 44, Өзбекстан 54-орунда турат. Беларус менен Түркмөнстан индексте чагылдырылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG