Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:32

"Бир бириксең, миң чачылган жолдосуң". Нуризанын ырларындагы Мекен ыйы


Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

"Журт кыйырын коргой албас коркоктор,
калкына хан, элге эге болушту.
Апа аскан казан кулап очоктон,
Ата Журтум, асманыңда ок учту.

Сени тынбай мээнет чалып, ой чалып,
койнуң кооптуу, өңүң жүдөө, комсоороок…
…Жылда жылан жылып келип кол салып,
Кушсуз, кутсуз уяларың томсорот".

Кыргыздын таланттуу кыздарынын бири Нуриза Өмүрбаеванын бул ыры "Мекенге" деп аталат. Жок, бул ырды кадимки ырлардай жайбаракат окуй албайсың, бул ырды окуп жатып жүрөгүң титирейт, бооруң эзилет, жан-тениң жанчылат. Алыкул Осмоновдун "Ата Журтун", Муса Жалилдин "Моабит дептерин" же Шандор Петефинин өз элинин азаттыгын самаган канаттуу ырларын окугандай толкунданасың, түйшөлөсүң, азаптанасың, бүтүндөй ички дүйнөң толгонот.

Нуриза Өмүрбаеванын жаңы жарыяланган ырлар жыйнагы.
Нуриза Өмүрбаеванын жаңы жарыяланган ырлар жыйнагы.

Эгемендик алган отуз жыл аралыгында эч бир акын Ата журтубуздун оор тагдыры, көргөн азап-тозогу, муң-зары тууралуу мынчалык таамай-так, мынчалык элестүү, ошол эле учурда мынчалык образдуу, метафоралуу жаза элек болсо керек эле. Андыктан аталган ырды тек Нуризанын "Бейтааныш бекет" атуу жупкадай жыйнагындагы ырларынын эң мыктысы, туу чокусу десек аздык кылат. "Мекенге" – бул чыныгы мекенчилдиктин гимни, Нуризанын жалпы поэзиясынын манифести, анын акындык "ыйман кредосу" (Калык Ибраимов).

Демек, Нуриза Өмүрбаева жалгыз ушул ыры менен эле кыргыз адабиятынын тарыхында калат деп, тайманбай эле айтсак болот.

Арийне, мен кесипкөй адабиятчы же сынчы болбогондон кийин аталган ырдын көркөм-поэтикалык баалуулугу, адабий нарк-насили жөнүндө кеп кылайын деген ниетим жок. Мен жөн гана бул ырда камтылган орошон ойлор, каймана, кыйытып айтылган маани-мазмун жөнүндө өз пикиримди учкай билдирейин деп жатам.

Отуз жылдан ашуун мезгилден бери "тынбай мээнет чалып, ой чалып" келе жаткан Мекендин чек арасы гана эмес, "койну да кооптуу". Анткени бул аралыкта баары бүлүнүп бүткөн: мыйзамдуулук жок, адам укугу корголбойт, соттордун көпчүлүгү саткын же акыйкат чечим чыгаргандын ордуна улам кийинки бийлик төбөлдөрүнүн камчысын чабат. Ал эми эркин ой айткандар, адилдик издегендер ар дайым куугунтукталып келет.

Зирек акын бир ооз сөз менен ушул ойду туюндуруп жатат. Өз "Мекенинен жалкып", анын бүгүнкүсү менен эртеңкисине ишеничин жоготкон жаштардын жапырт четке кетип жатышынын башкы себеби да мына ушунда.

"Өздөн чыккан душман болду хандарың,
өрт ичинен нан издеткен калкына.
Өмүр өңүн тааный элек балдардын,
көзүн көрөм Мекенинен жалкыган.

… Бир бириксең, миң чачылган жолдосуң,
Кайран элим, кайрат, калкан күтө элек.
Жарып өткөн жүрөгүңдүн толтосун,
Жаратың көп... кайсы бири бүтөлөт".

Кыргыздын "бир бириксе, миң чачылган жолдогусу" – улуттук трагедиясы, арылбас шору. Алиге чейин "кайрат, калкан күтө" албай, башкача айтканда, элине арка-бел боло турган мамлекет түптөй албай жатканынын негизги себеби.

Таланттуу акын "Мекен ыйы ай-ааламда үңүлдөп", Теңирдин кулагына жетпей жаткандыгы тууралуу жазат. Сүрөткердин бул ыр саптарында да олуттуу метафора, подтекст бар, тактап айтканда, терең каймана маани камтылган.
"Ай-ааламда өңүлдөгөн ый" – бул учурда бүт жер жүзүнө чачылган кыргыз мигранттарынын көз жаңы, муң-зары, арман-өксүгү. Мекенге болгон сагынычы, кусасы, ага үмүт артып, андан жакшылык күтүп, бир эле учурда ага боору ооруп, аны аяп тургандагысы.

"Ай көрүнбөй, асманыңда ый түнөп,
арман ырын ырдап турдук эчен күн.
Арсыз, арзан жарыктары үлбүрөйт,
Жылдыздары кайда кетти Мекендин?"

Кыргыз асманында "арсыз, арзан үлбүрөгөн жарыктардын" ордуна "Мекендин чыныгы жылдыздары" – Манас, Махатма Ганди ж.б. сыяктуу улуттук лидерлер, Ысак Раззаков, Ли Куан Ю, Нельсон Мандела, Михаил Саакашвили өңдүү чыныгы реформаторлор жанабы же жокпу – бул жагы да арсар, бул жагы да бүдөмүк.

Көрүнүктүү акындын нускалуу ыры төмөнкүдөй кайгылуу саптар менен аяктайт:

"…Ата Журтум, өмүрүмдүн соңунда,
Сага барып бүтөт бардык жолдорум.
Кечир мени, багыты жок жолуңда,
Жарык дагы, жылдыз дагы болбодум".

Чет жерде өмүр кечирип жүргөн акын Мекенибиздин эгемендик алганына отуз жылдан ашуун мезгил өтсө да өз багытын аныктай албай, өз жолун таппай, арасат абалда калганына катуу кейийт. Өзү Ата Журту үчүн "жарык боло албаганына" капаланат.

Нуриза Өмүрбаеванын "Мекенге" атуу ыры Кыргызстандын башына оор күн түшкөн күндөрү, кырчындай жаш жигиттердин өмүрүн жалмап кеткен Баткендеги каргаша учурунда жазылган. Акын аталган ырын көз жашын эле эмес, кан-терин төгүп, жан-тенин төшөп жазганы анык. Тактап айтканда, бул ыр – жан дүйнөнүн чаңырыгынан, жүрөктүн онтоосунан чыккан ыр. Бирок аталган ырда бир гана Баткендеги апаат баяндалбайт, анда Мекенибиздин бүтүндөй отуз жылдык тагдыры менен тарыхы чагылдырылат. Акын кыз эч тайманбай бийлик башындагыларды сөөктөн өтүп, чучукка жете тургандай катуу сындайт. Өлкөбүздөгү каатчылыктын баарына "сөзү бөлөк, иши бөлөк бий-бектер" күнөөлүү экендигин айтат.

Нуриза Өмүрбаева жаңы жыйнагын "Бейтааныш бекет" деп атаптыр. Жыйнакта "бейтааныш бекет" тууралуу бир да сөз жок, ал өз китебин эмне үчүн минтип атады экен деп көпкө ойлондум. Көрсө, бейтааныш бекет – бул биздин Мекенибиз – Кыргызстаныбыз экен. Отуз жылдан бери чет жерде жашап, өз элинин маданиятын, тилин, каада-салты менен улуттук баалуулуктарын унута баштагандар үчүн өз Ата Журту "бейтааныш бекетке" айланары чындык. Адам бекетте туруктуу жашабайт, дагы башка жактарга кетиш үчүн гана убактылуу аялдайт.

Акын келгин куштарга арналган аталышы жок ырында ушул ойду айткысы келгени көрүнүп турат:

"Узадыңар көккө сиңип күүгүмдөп,
Бир күүгүмдө мен да алыска кетти элем.
Кайра кайтып келериңди ким билет,
Канаттуунун мекени жок дешти эле".

Ал эми Орусияда, Европада, Америкада төрөлүп, ошол жактын дүйнөсү канына сиңип өскөндөр үчүн Кыргызстан – таптакыр чоочун, жат өлкө. Аларды Кыргызстандын ысык-суугу кызыктырбайт. Эми алардын мекени, өлкөсү – башка мамлекет. Албетте, бул кыргыз улуту үчүн чоң жоготуу.
Бирок жыйырма-отуз жылдап бөтөн жерде жашаса да өз Мекенин унутпай, тескерисинче, анын тагдырына биздей эле түйшөлүп, биздей эле күйүп-жанган Асатилла Тешебаев, Нарсулуу Гургубаева, Толук Бек Байзак, Нуриза Өмүрбаева ж.б. өнөр адамдарынын жана дагы башка ондогон, жүздөгөн чыныгы мекенчил боордошторубуздун бар экендиги көңүл жубатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG