Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Чек ара жаңжалына бир жыл: Бишкек менен Дүйшөмбү мунаса таба элек


Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон. Дүйшөмбү шаары. 14-сентябрь, 2023.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон. Дүйшөмбү шаары. 14-сентябрь, 2023.

Кыргызстанда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдын бир жылдыгы эскерилип, эки өлкө ортосундагы чек араны тактоо маселеси кайрадан күн тартибине чыкты.

Эки өлкө бийлиги бул аракеттерди тынч жол менен чечүүгө кызыкдар экенин билдирип келет.

Президенттердин жолугушуусу, Ташиевдин билдирүүсү

14-сентябрда Дүйшөмбүдө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон Борбор Азия өлкө жетекчилеринин саммитинде жолугуп, кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинен кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоону талкуулашты.

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Дүйшөмбүдөгү жолугушуудан кийин өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деди.

“Баарын тездетип чечип алалы деген саясий эркибиз бар, ошого аракет кылып жатабыз. Бул боюнча президент Жапаров өз сунуштарын берген. Андан бери өкмөттүк комиссиялар эки жолу жолугушту. Бирок азырынча олуттуу жылыш жок. Эми эки президенттин сүйлөшүүсүнөн кийин бул маселе алга жылат деген үмүт бар”, - деди Иманкулов.

15-сентябрда Баткенде бир жыл мурда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өтүп, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Анда Ташиев кыргыз тарап чек араны тынчтык, дипломатиялык жол менен чечүүгө ынтызар экенин белгиледи.

Ал эгер Тажикстан айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, Кыргызстан тарыхый документтердин негизинде укуктук жактан коңшу өлкөгө доо коюуга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

“Ушуга чейин бизге коңшубуз Тажикстан аймактык дооматтарды коюп келген. Биз ага ар дайым жооп берип, аймактык доомат коюлбашы керек деп келгенбиз. Биз жакында жаңы документтерди таптык. Ошол документтердин негизинде биздин мамлекетибиздин көптөгөн жерлери Тажикстанга өтүп кеткенин билебиз. Аны юридикалык, тарыхый документтер менен тактап бере алабыз. Эгер коңшу мамлекет аймактык дооматтарынан баш тартпай турган болсо, анда биз юридикалык жактан аймактык дооматтарды коёбуз”, - деди Ташиев.

Ал Тажикстандын койгон дооматтары тууралуу так маалымат берген эмес. Жаңы табылды деген материалдар жана анда тажик тарапка өтүп кеткени айтылган жерлер боюнча да тактаган жок.

Министрлер кабинетинин делимитация жана демаркация боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев Ташиевдин сөзүн ырастап, ал айткан документтер архивдерден алынганын билдирди:

“Архивдерден алынган документтер. Муну ал (Камчыбек Ташиев - ред.) комиссиянын төрагасы катары айтты. Тажик тарап туура эмес дооматтарды коюп жатпайбы. Кайсы жерлер жөнүндө сөз болуп жатканы айтылбайт. Бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратат”.

"Чек араны тактоо иштери тездегендей"...

Эки өлкө ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Эми алдыда 300 чакырымга жакын, көбүнчө калк жашаган жана дыйканчылык багытында иштетилген тилкелерди тактоо иши турат.

Иманкулов кыргыз бийлиги чек ара тактоодо 1991-жылы декабрда кабыл алынган Алматы декларациясына таянып жатканын тактады. Анда жерлер Советтер Союзу тараганда мамлекеттер ошол кезде ээлеп турган жерлерге ээлик кылары жазылган дейт. Кыргызстан буга таянып, ошол тилкелерди "юридикалык жактан тактап алууну көздөй турганын" белгиледи.

Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси генерал Токон Мамытов чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөргө оң баа берип, процесс тез жүрүп жатат деген оюн билдирди.

"Эгер иш ушундай темп менен кетсе, кыргыз-тажик чек арасы жаңы жылга чейин такталып калат. Комиссия даярдап, өкмөткө берип, алар коюшса, жаңы жылдан кийин парламентке ратификацияга кирип калат. Ворух анклавы, Ак-Сай - Кожалы - Ворух жолу, ал жердеги талашка түшкөн көпүрө, Төрт-Көчө боюнча кандай чечилет? Бул жергиликтүүлөр үчүн маанилүү да. Комиссия муну эске алып, кыргыз элинин пайдасына ылайыкташтырып чечиши керек", - деди Мамытов.

2021-жылы апрель-майдагы чек ара жаңжалынан кийин Кыргызстан тарап тактоо иштери бир жаңсыл болгонго чейин деген негизде Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Ошондон бери чек арада каттамдар, соода-сатык токтоп турат.

Буга чейин "Озоди" радиосу Согд облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзодага шилтеме кылып кыргыз тарап менен дээрлик эки жылдан бери жабык турган өткөрмө бекеттерди ачуу боюнча макулдашууга жетишилгенин жазган. Кийин муну Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү төгүндөгөн. Кыргыз бийлиги азыр да эки өлкө ортосундагы чек араны делимитация жана демаркациялоо иштери бүткөндөн кийин гана ачууга ниеттенүүдө.

Садыр Жапаров жыл соңунда Баткенге барганда 2023-жылдын май айына чейин чек араны тактоо ишин соңуна чыгаруу ниетин билдирген. Быйыл апрель айында бул жаатта иштер жай жүрүп жатканын, тараптар картага байланыштуу орток пикир таба электигин айткан. Анда Тажикстан айрым тилкелерди 1924-жылкы карта менен чечүү сунушун берип, бул "юридикалык да, моралдык жактан да туура эмес экенин, кыргыз тарап 1958-жылдагы карта менен такталышы керек" деп эсептерин белгилеген.

Тажик бийлигинин өкүлдөрү чек араны 1924-1927-жылдагы карта менен чечүү керек деп билдиришкен.

Тажик ТИМинин жообу

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арага байланыштуу Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин 16-сентябрда маалымат таратты. Анда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 16-сентябрда бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылганы жазылган.

“Элчиге 15-сентябрда маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын жогорку мамлекеттик кызмат адамынын тажик-кыргыз чек ара маселеси боюнча айткан сөздөрү пайда болгонуна байланыштуу тынчсыздануу жеткирилди. Бул сыяктуу комментарийлер тажик-кыргыз чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү жараянынын жүрүшүнө олуттуу залакасын тийгизиши ыктымал экени белгиленди".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

"Баткенден акча үнөмдөбөй турушубуз керек"

Баткендеги соңку чек ара жаңжалдарынан кийин айылдагы жашоочулар башка аймакка көчүп кетип жатканы айтылып, бул үчүн жергиликтүү элдин социалдык абалын жакшыртуу маселеси көтөрүлүп келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев аймактагы экономикалык-социалдык абалдын жакшырышы чек араны тактоо иштериндей эле мааниге ээ экенин белгиледи.

“Жаңжал чыкканда эл качып, аман калган жол бар эле. Баткен - Боз-Адыр трассасынын 12 чакырымын титулга киргизгенбиз. Өткөндө анын беш эле чакырымын калтырып, жети чакырымын алып салышыптыр. Парламенттен өкмөт башчыга кайрылып, жок дегенде Баткенден акча үнөмдөбөй туруңуздар деп сурандым. Бул аймакка өзгөчө көңүл бурулушу керек”.

Бул багытта 2021-жылы "Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде облусту өнүктүрүү үчүн 2022-2035-жылдарга атайын “Жол картасы” иштелип чыгып, жылына 500 миллион сом бөлүнүп турат.

Эки өлкө ортосундагы чек аранын тактала электигинен улам ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталган.

2021-жылы 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган.

Куралдуу кагылыш 2022-жылы 14-17-сентябрда да кайталанып, анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган.
Баткен: Капчыгайда жашоо кайра жанданды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

XS
SM
MD
LG