Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Ала-Тообуз велосипед аймагы боло алат


Боюнда бар келин өз “темир аргымагын” жайгаштыруу үчүн орун караштырууда. Копенгаген, Дания. 2009-жылдын 13-декабры.
Боюнда бар келин өз “темир аргымагын” жайгаштыруу үчүн орун караштырууда. Копенгаген, Дания. 2009-жылдын 13-декабры.

Кыргыздар Батыш жана Чыгыш менен баалуу машинелерди сатып алуу жагынан гана эмес, күндөлүк турмушта велосипед тебүү жаатында да атаандашса...

Бала чакта велосипед (“элесепет”) тебүүнү үйрөнгөндө тим эле учак айдагандай кудуңдап сүйүнгөнүм эсимде.

Ал кезде менчик машинелер жокко эсе эле.

Эми Кыргызстанда эргежээл “элесепеттерден” зыңкыйган жана наркы да, айдоочусунун мурду да асманга чыккан “Мерседес” машинеси көбүрөөк.

Буга бирөөлөр сүйүнөөр, а мага бул, бир чети, өтө уяла тургандай көрүнүш.

Бечара Батыш!..

Жакында кесиптешим Амирбек Азам уулу экөөбүз Австриянын Грац шаарында болуп кайттык. Ал жерде кыргыз сүрөтчүсү Асатилла Тешебаевдин жеке көргөзмөсү ачылган эле.

Ара-чолодо шаар турмушу менен жакындан тааныштык.
Австриядагы Грац шаарынын көчөсүндө тизилип турган велосипеддер. 2010-жылдын 20-ноябры. TCh.

Алпы тоолорунун этегиндеги бул шаарда велосипед калайыктын сүйгөн унаасы экен.

Айлана-чөйрөнү да булгабайт, ден соолукка да жакшы.

Байы да минет, кедейи да минет.

Балдары да сүйүнүп тебет.

Европанын мыкты деген шаарлары велосипедчилер үчүн атайын жол куруу жаатында өз ара жарышып келишет.

Оксфорд, Кембриж сыяктуу университеттик шаарларда студенттер велосипед минип жүргөндү биз чай ичкендей эле кадыресе адат кылып алышкан.


Батыштан Чыгыш кем бекен!

Ушундай эле агым Кытайда, Жапонияда, Түштүк-Чыгыш Азияда өткөн кылымда эле кеңири таркалган.

Бизде, совет доорунда, бул чыгыш өлкөлөрдөгү сан жеткис велосипеддерди “жакыр коомдук катмарлардын байкуш турмушу” менен гана байланыштырып баяндашчу.

Кытайда велосипед азыр деле кыштак тургунунун «ханга бергис» унаасы, шаардыктардын да бензин талап кылбаган өтө ыңгайлуу унаа каражаты.

Биз неге бул куруттан куру калдык?

Көрсө, велосипедди жетишерлик санда өндүрө албаганыбызды жана өзүбүздүн руханий жана чарбадагы жакырдыгыбызды моюнга алчу эмес турбайбызбы!

Дегиңкиси, Кыргызстан да “элесепет туризминин” өлкөсү боло алат.

Эки жыл илгери тээ Теңир-Тоонун Ак-Талаа аймагынан Испаниянын баск аймагынан келген эки студент кызды жолуктурган элек.
Алыскы Ак-Талаа аймагында бизге жолуккан теги баск элинен болгон эки кыз биз сунган кымыздан ичип, саал тыныгып алып, анан Тогуз-Торо аркылуу Жалал-Абатка карай сапарын улантышты. 20.07.2008. TCh.

Алар интернеттен көрүп, Кыргызстандын табиятына маашыр болуп, өлкөбүздүн аймагын түндүктөн түрө кыдырып, түштүгүнө чейин баруу максатын көздөп келишкен экен.

Испаниялык студент кыздар велосипеддерин Бишкекке учак менен ташып келип, Чүй, Ысык-Көл, Нарын аркылуу «темир тайдын» ыракатын көрүп келе жатышкан экен.

Биз болсо алардын маршруту менен Нарындан Тогуз-Торо аркылуу Жалал-Абатка бара жатканбыз.

Унаабыздын атын жана түрүн тактап айтпай эле койойун, айтор, жылкы да эмес, “элесепет” да эмес, "азыркы доордун жалкоосунун" жолду тез арбытчу бир каражаты эле.
Нарын аймагында зымылдатып “элесепет” тээп бараткан балдар. 21-кылымдын башы.

Калыстык үчүн айта кетсек, Ала-Тоодо деле велосипедди аздыр-көптүр колдонгондор жок эмес.

Бирок калайык жапатырмак велосипедге умтулуусу үчүн айдыңдар, агай-эжейлер, студенттер, эколог жаштар мектепте окуган улан-кыздарга өрнөк көрсөтүүсү зарыл болуп тургандай.


Албетте, өкмөт да болочокку тиричилик кыртышын (инфраструктураны) долбоорлоодо бул жагдайды көңүлдө тутушу абзел.
XS
SM
MD
LG