Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Кытай Канаданын жаранын өлүм жазасына кести


Канадалык Роберт Ллойд Шелленберг сот залында, Ляонин провинциясы, 14-январь 2019-жыл. Булак: CCTV/Reuters
Канадалык Роберт Ллойд Шелленберг сот залында, Ляонин провинциясы, 14-январь 2019-жыл. Булак: CCTV/Reuters

Кытайда баңгизат аткезчилигине шектелген канадалык жарандын өлүм жазасына кесилиши Оттава менен Бээжиндин кайым айтышуусун күчөттү. Канаданын премьер-министри Кытайды өлүм жазасын негизсиз колдонуп жатат деп сындады. Расмий Бээжин аны Кытайдагы мыйзам үстөмдүгүн сактоого чакырды.

Кытайда 36 жаштагы Канаданын жараны Роберт Ллойд Шелленбергге чыккан сот өкүмү расмий Оттаванын кескин нааразылыгын жаратты.

Дүйшөмбү күнү Кытайдын Ляонин провинциясынын соту баңгизат аткезчилиги боюнча айыпталып жаткан канадалык атуул "элге каршы олуттуу кылмыш жасаган жана ал өлүм жазасына тартылышы керек" деген бүтүмгө келген.

Сот өкүмү белгилүү болору менен Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Кытайдын сот системасын сынга алды:

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо.

- Биздин өкмөт дүйнөнүн кайсы гана өлкөсүндө болбосун өлүм жазасына кесилген канадалыктардын ишине кийлигишүү саясатын күчтөндүрөт. Бул маселеде да биз мындай аракетибизди уланта беребиз. Бул биздин өкмөт үчүн өтө тынчсыздануу жараткан жагдай. Биздин эл аралык өнөктөштөрүбүз да камтама болууга тийиш. Кытай өлүм жазасын негизсиз, тандалма жол менен колдоно баштады. Бул жолу ага Канаданын жараны кабылды.

Канадалык Роберт Ллойд Шелленберг кытай түрмөсүндө беш жылдан бери отурат. Ал 2014-жылы Кытайдан Австралияга 227 килограмм метамфетамин баңгизатын жөнөтүүгө шек саналып кармалган. Кытай соту аны былтыр ноябрь айында баңгизат аткезчилиги боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга абакка кескен.

Бирок кытайлык "Хуавей" компаниясынын аткаруучу директору Мэн Ванчжоу декабрь айынын башында Канадада кармалгандан көп өтпөй Кытайдын доо арыздар боюнча соту канадалык Шелленберге чыккан өкүмдү "жеңил болуп калды" деген негиз менен жокко чыгарган.

Акыркы сот өкүмү дүйшөмбү күнү угузулары төрт күн мурда гана маалым болгон. Өлүм жазасына кесилген Шелленберг Кытайга турист катары гана келгенин айтып жатат.

Расмий Бээжин соттун мындай өкүмүн жактап, Канаданын премьер-министрине жооп кайтарды:

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин.

- Бул сөздөрдү айткан канадалык адамдын сот системасынан кымындай да кабары жок. Биз буга карата кескин нааразылыгыбызды билдиребиз. Биз Канада тарапты мыйзам үстөмдүгүн, Кытайдын сот системасынын көз карандысыздыгын сыйлоого жана каталарын оңдоого, жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасоонуу токтотууга чакырабыз, - деп билдирди шейшемби күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү ​Хуа Чуньин.

Кантсе да Оттава менен Бээжиндин ортосундагы мындай кайым айтышуулар Канада "Хуавей" компаниясынын аткаруучу директору Мэн Ванчжоуну АКШнын өтүнүчү боюнча кармагандан бери тыйылбай келет.

Мэн Ванчжоу "Хуавейди" негиздеген Рен Чжэнфэйдин улуу кызы. Ал Канадада декабрь айынын башында камакка алынгандан көп өтпөй 7,5 миллион доллар күрөө менен бошотулган. Бирок ал Канададан чыга албайт. Анын иши боюнча кезектеги сот 6-февралга белгиленген.

"Хуавейдин" аткаруучу директору Ванчжоу Мэн Орусиядагы инвестициялык форумга катышканда. Москва, 2-октябрь, 2011-жыл.
"Хуавейдин" аткаруучу директору Ванчжоу Мэн Орусиядагы инвестициялык форумга катышканда. Москва, 2-октябрь, 2011-жыл.

Америкалык тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, 46 жаштагы Мэн Ванчжоу АКШнын Иранга каршы санкцияларын айланып өтүү максатында "көз боёмочулук схемаларын түзгөн" деп айыпталууда.

Расмий Бээжин "Хуавейдин" жетекчисине коюлган айыптарды четке кагып, аны бошотууну талап кылып келет. Ванчжоу Канадада кармалгандан бери Кытай өз аймагындагы кеминде үч канадалыкты камакка алганы белгилүү болгон.

Ал эми өлүм жазасына кесилген канадалык Шелленбергдин адвокаттары соңку өкүмдү жокко чыгаруу үчүн жогорку соттук инстанцияга кайрылганы жатышат. Дүйшөмбүнүн кечинде Канаданын Тышкы иштер министрлиги Кытай боюнча туристтер үчүн даярдалган маалыматты жаңылап, бул өлкөгө бара турган өз жарандарына Кытайда жергиликтүү мыйзамдар "негизсиз колдонулушу мүмкүн" деген эскертүү берди.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG